Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:08

Иззат Рашит кызы "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлардагы алдамчылыкты Түркиянын ыкмасы менен жойсо болот деген пикирде.

Бир нече ай мурун бир карыянын окуясын окуп өпкөм көпкөнчө ыйлаганым эсимде. Ал уулу салган акчаны көз алдында алдатып ийген болчу.

Карыянын баянында жалгыз уулу Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп атасынын кем-карчысына 100 доллар салат. Карыя 50 сом болсо да чөнтөгүмдө калсын деп Ош базары тарапка жөнөйт акча алмаштырганы. Анткени ал жактагылар банкка караганда аз-маз кымбатыраак алмаштырат эмеспи.

Анан иштеген жигиттердин бири колундагы жашыл кагазды алат да күнгө карамыш этип, кайра сунат. «Ата, мен муну албайм, акчам жетпейт» деп жолго салат. Кийинкисине барып колундагыны сунат. Мыйыгынан күлгөн жигит 65 сомду карматат. «Карыя деп алдап жатасыңбы, уулум» дейт. «Каалабасаңыз алыңыз» деп бир доллар сунат. Аксакал карбаластап бир долларын алып кайра биринчи жайга жонойт. Бирок шылуунду таба албайт. Ыйламсыраган карыя 65 сомду чөнтөгүнө салып, шаабайы сууй үйүнө кетет.

Ушуга окшогон толтура окуяларды дос-тааныштарымдан да уккам. Балким бизде жүздөп саналышы мүмкүн. Анан калса акча алмаштырып жатканда болушунча майда акчаны карматканга аракет кылышат. Себеби психологияда далилденгендей, көп цифра менен адамдын башын айландыруу. Шаар аралай бассаң акча алмаштыруучу жайдан көп нерсе жок. Эмне үчүн? Анткени бул чоң бизнес. Менин оюмча аларды эч ким, жада калса салык инспекторлору, дегеле койчу, мамлекет да көзөмөлгө албайт.

Бул жөнөкөй маселе көрүнгөнү менен аркасында канчалаган опол тоодой акча иштелип жатты экен деген ой кетет. Күнүгө канчалаган адамдар алданып, ай бою жашай турган акчасынан алты мүнөттө кол жууп жатат. Курстук көрсөткүчтөрдүн бат-баттан алмаштырып жаткан ишкерлерди эмнеге көзөмөлгө алышпайт? Эмне үчүн Улуттук банк койгон сомдун баасын бир кыйла төмөн көрсөтүшүп акча жасашат? Карапайым элдин капчыгын ойлогондор барбы деп көкүрөгүн тытмалап кала берген адат болуп калгандай.

Түркиядагы акча алмаштыруучу жай. 2014-жыл
Түркиядагы акча алмаштыруучу жай. 2014-жыл

Учурда Түркияда жүрүп жакшы нерсеге көзүм түштү. Бул жерде биздикиндей жайнаган акча алмаштыруучу жайларды дээрлик көрө албайсың. Белгилүү жерлерден же болбосо банктардан алмаштырасың. Анан да мамлекеттик башкы банк койгон баада гана сатып алышат жана сатышат. Биздикиндей майда акчаны толтура карматып башыңды айландырбайт.

Ага кошумча алакандай квитанцияны колго карматат. Квитанцияда канча доллар сатып алганың же сатканың, баасы, канча акча кайтарып бергени жазылат. Мейли банктан алмаштыр, мейли акча алмаштыруучу жайдан - тартиби бирдей.

Квитанция эмнеге керек? Алдабаш үчүн. Мамлекетке салык төлөш үчүн. Эң башкысы акчанын эсебин алып туруш үчүн.

Буга чейин Улуттук Банк Кыргызстанда жүздөгөн акча алмаштыруучу жайлар лицензиясыз иштейт деп айтып чыккан. Алардын көбү жогоруда мен айткан Ош базары баштаган соода жайларында экени жашыруун деле эмес. Биздин башкы банк айтты, ошол боюнча кийин маселе чечилип, тиги «обменкалар» жабылган жок. Демек, аларда эсеби алынбаган канча акча айланып атканы, алар кимдики экени, кимди каржылары белгисиз. Бекеринен эл аралык коомчулукта Кыргызстан арам акчаны адалдачу өлкөлөрдүн катарына эсептелбейт да.

Айтмакчы, Түркиядагы акча алмаштыруучу жайларда иштегендердин отурган жерлери, кийген кийимдери таза. Мамилелери сылык.

Биздечи? Акча алмаштыруучу жайлардан бетин чала жууган, колго тийген кийимин кийген, ар нерсе жеп аткан адамдарды көп эле көрөсүң. Алдана электе эле ошолор миңдеген валюталарды ишенимдүү алмаштырып берет деп ойлош да кыйын.

Жогорудагыдай адамдар алданып калбашы үчүн, акча алмаштыруучу жайлар аркылуу өткөн акчалардын эсеби алынып турушу үчүн Улуттук Банк эле эмес, Улуттук Коопсуздук кызматы да иштеши керек деп ойлойм. Жок дегенде акча коопсуздугубузду Түркияныкындай жолго салалы. Анан акырындап каржылык сабаттуулукту үйрөнөлү. Болбосо качанга чейин акчабыздын берекесин таппай чет өлкөлөп жүрө беребиз?..

Иззат Рашит кызы, Түркия

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG