Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

100 СУНУШ: Д.Казакпаева: Мигранттарга руханий азык керек


Кытай өнөрпоздорунун Москвадагы "Манас" эпосунун негизинде коюлган музыкалык драмасы
Кытай өнөрпоздорунун Москвадагы "Манас" эпосунун негизинде коюлган музыкалык драмасы

Москвада жашаган журтташыбыз Дамира Казакпаеванын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жиберген блогун сунуштайбыз.

Москвада эртели-кеч тынбай иштеген мигранттарыбыз маданий иш-чараларга муктаж. Тез-тез өткөрүлүп турса бизге сонун болмок. Орусиялыктарга да жакшы жагыбыздан тааныла бермекпиз.

Жакында Москвада Кыргызстандан артисттер келип Кремл сарайында концерт беришти. Тилекке каршы каалагандардын баары батпай, билети жок томсоргондор көп болду. Буга байланыштуу менде бир топ ойлор пайда болду.

Биздин мекендештердин көбү кара жумушта, эртеден-кечке кара жанын карч уруп эмгектенет. Кыргызстандагы ар бир бешинчи үйдүн бир мүчөсү үй-бүлөсүн багуу үчүн сыртка кеткен. Алар жөнөткөн акча менен азыр Кыргызстандын абийири жабылып, кыргыз эли кыбырап тирилик кылып жатат.

Ушул мигранттар үчүн жок дегенде бир жолу жылына жогорудагыдай концерт өткөрүп турса. Анткени мындай концертке ушунчалык суусап-чаңкап калган экенбиз, анча-мынча мүчүлүштүктөргө көңүл бурбай, суктануу менен көрүп отурдук. Эл ар бир аткаруучуну өтө жакшы кабыл алып жатты. Бул иш-чараны абдан жакшы өткөрүү үчүн менин сунуштарым:

- Биринчиден, көбү концертти укпай арманда калды. Демек, Москвада өтө турган иш-чараларды жакшылап жарыя кылуу керек. Ал үчүн метронун гезитин пайдаланса болот. Мигранттардын дээрлик баары метрого түшөт жана андагы гезитти окуйт.

- Эки жерде өткөрсө болот. Маселен, Мирбек Атабеков, Атай Өмүрзаков ж.б. ырчылар үчүн ВДНХда эле концерт берсе болот. Ал эми Кремл сарайында оркестр коштоосундагы концерти өткөргөн жакшы. Балет, балдар бий топтору жана башка топторду дагы Кремлге койсо болот.

- Билеттер баарына тегиз жетиши үчүн кассадан гана паспорт менен берилсе. Болбосо бул сапар озунганы отуз билет алып, жетишпегени куржалак калды.

- Жеке эле концерт эмес, жармаңке уюштурулуп, кыргыздын даамдары, кымыз, максым да сатылса.

- Боз үйлөр тигилип, анын жасалгасы, кыргыздар колдонгон буюмдар менен жаштарды тааныштырсак.

- Боз үйлөрдө ар түрдүү сайма саюу, шырдак шырымай ж.б. боюнча мастер-класстар болуп турса. Ага кошумча Москвада эмгектенип жүргөн уз кыздарыбыздын эмгектеринин көргөзмөсү өтсө сонун болмок.

Өткөн жылы казактар кеч күздө маданий иш-чараларын өткөрүп кетти. Тилекке каршы, иш күнү болгону үчүн анча көп адам көрө албай калышты. Мен балдарым менен атайын барып келдим. Алар кетирген кемчиликтерди эске алып, биз мындан дагы жогору деңгээлде өткөрө алабыз деп ишенем.

Москвада кыргыздар көп. Алар үчүн жылына бир жолу ушундай иш-чаралар уюштурулуп турса эң сонун болот эле. Көп учурда жаман жагынан атыбыз чыгып атат. Маданиятыбызды, чеберчилигибизди, тамак-аштарыбызды жакындан тааныштырып, орустарга жакшы жактарыбызды дагы көрсөтөлү. Бизде мактана турган өтө көп табылгаларыбыз бар.

Дамира Казакпаева, Москва

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG