Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

100 СУНУШ: К.Искендеров: Маданияттуу жашоону үйрөнсөк


Москвада бир нече жыл эмгек миграциясында жүргөн мекендешибиз Кайрат Искендеровдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына келген байкоосу жана сунушу.

Биздин миңдеген мекендештер чет жерлерде мигрант болуп жашап, эмгектенип жүрөт. Көпчүлүгү Орусия Федерациясында. Келинчегим экөөбүз Орусиянын борбору Москва шаарында көп жыл жашап келдик.

Ошентип бөтөн жердин ысык-суугун, жакшы-жаманын да, оор жумушун да көрдүк. Орус калкынын менталитети кандай экенин, мамилесин, жүрүш-турушун билип, өзүбүзгө салыштырдык. Эл-жерин тааныдык, маданиятын үйрөндүк. Мен бүгүн мигранттын кыйынчылыгын эмес, бизге үлгү болчу сапаттарын жазгым келди.

Менин байкашымча, орус эли ишенчээк, кичи пейил, сөзүнө турган адамдар экен. Убадасын айткан убакытта бүткөрүүгө аракеттенет. Өз милдетин туура жана өз саатында бүткөрүүгө күчүн жумшайт.

Мыйзамды бизге караганда сыйлап, коомдук эреженин сызыгынан чыкпаганга аракет кылышат экен. Тартип сакчыларынын эскертүүсүн аткарбасаң административдик жазага тартыласың. Тууган, дос, жердеш деп көзүңө карабайт.

Жолдо жүрүүнүн эрежесин жөө адам болсун, транспорту болсун так сактайт. Коомдук транспортторунун ичи таза. Эскилиги жетип, шалдыраган автоунааны көрбөдүм. Айдоочулар жол белгилерине карап машина айдашат. Биздегидей көрүнгөн жерге токтой бербейт, жүргүнчүлөр аялдамалардан гана түшүүсү шарт.

Коомдук транспортто, коомдук жайларда катуу сүйлөшпөйт, уюлдук телефондун үнүн акырын чыгарат. Жанында турган адамдарга тоскоол болбойт. Акыр-чикир ыргыткан жайлары да тыкан, атайын темир тосмо менен тосулган. Таштандыны өз убагында тазалап, жүктөп кетишет.

Дүкөндөрдө кардарлар кезекке туруп соода кылат, түртүшүп, урушмай жок. Дүкөн кызматкерлери жылмайып “Пожалуйста”, “Спасибо”, "До свидания!” деп жылуу узатышат. Аларда кардар биринчи орунда турат. Кардардын даттануусуна көңүл буруп кеткен кемчилик, ыңгайсыздык үчүн кечирим сурашат жана аны жоюу үчүн ошонун үстүндө иштешет. Товар сатып алсаң бузулуп же жараксыз абалга келип калса, сатып алган чегиңди көрсөтүп, өз мөөнөтү бүткүчө алмаштырып алат экенсиң.

Мөөнөтү өткөн азык-түлүктү саткандарга жазалар колдонулат, айып пул салынат. Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мыйзамдары жакшы иштейт. Эт-сүт продукцияларын категорияларга бөлүп, бааларын коюп койгон. Мөөнөтү өткөн продукцияларды сатуудан алып салып, дароо акыр-чикирге айдашат.

Медицина тармагы калкты тейлөө жагынан алдыда. Кайрылган адамга гумандуу мамиле кылышат. Оорукана, төрөтканаларында санитардык абал мыкты. Бейтаптардан пара сурабайт. Бюрократияны байкабадым. Бардыгы мыйзамдын негизинде иш алып барат.

Орусиядагы музейлер бош турбайт
Орусиядагы музейлер бош турбайт

Шаардыктардан бирдеме сурасаң сөзсүз токтоп, көңүл бөлүп, убактысын аябай түшүндүрүп берет. Ыракмат айтып, ичиңден ыраазы болосуң.

Айрыкча балдарын тарбиялоого маани беришет, бул үчүн атайын убакыт бөлүшөт. Мыкты билим алууга шарттарды түзүп коюшкан. Сабактан тышкары балдар ар кандай ийримдерге барат, спорттук секцияларга катышып, музыкалык мектептерде окушат.

Инимдин балдары мектепте окуйт, ушундан улам аларда класстык журнал ордуна электрондук журналдарды колдонушарын билип калдым.

Ар бир ата-эне баласынын кандай окуп жатканын, алган баасын үйүнөн эле интернеттен билип алат. Ата-энелер чогулушу тез-тез болуп турат. Акча топтомой, фонд деген нерселер жок. Балдарга сапаттуу билим бергендигинин натыйжасында экономикалык, илимий-техникалык жактан өнүгүп, космоско учуп, олимпиада чемпиондору болуп жатышат.

Москвадан мен элдин аң-сезими, дүйнөгө болгон көз карашы, психологиясы, маданияты кандай деңгээлде экенин көрдүм. Калктын ар түрдүү катмары: жөнөкөй жумушчу, катардагы кызматкер, илимдин адамдары, интеллигенция өкүлдөрү менен баарлашып, пикир алмаштым. Жергиликтүү элдин дилин билүүгө далалаттандым. Жумуштан эс алган күндөрү концерттерге, маданий, спорттук иш-чараларга барып, кошо аралашып жүрдүм.

Орусияда элдин басымдуу бөлүгү маданий, эстетикалык эс алууну алдыңкы планга коюшат. Дем алыш күндөрү музейлерге, театрларга барып, сейил бактарда дем алышат. Чарчабай, жол алыс дебей, шаар четине же токойго барып, жаратылышта эс алууну жактырышат. Лыжа тебүүгө убакыт бөлүшөт.

Орусиядагы музей
Орусиядагы музей

Биздин жердин табияты кооз. Бирок ошол тоо бооруна же көл жээгине барганга убакыт таппайбыз же эринебиз. Кыргызстанда эл негизинен жеңил-желпи концерттерге көп барат. Музей, театрларга анда-санда бир барабыз. Искусствону, адабиятты, тарыхты жакшы баалабайбыз. Ошондой болсо да президенттин эки жылды катары менен маданиятка арнап, көңүл бурганы кубандырарлык.

Мектепте окуп жүргөндө таанышкан орустун классиктери А.Пушкин, М.Горький, Л.Толстой, Ф.Достоевскийдин үй музейлеринде келинчегим экөөбүз бардык. Айтылуу Третьяков галереясынан шедеврге айланган сүрөттөрдү жакындан көрүп келдик.

Музейден окуучуларын жетелеген класс жетекчини кездештирдик. Балдар менен кошо басып, илинип турган сүрөттөр тууралуу кыскача баяндап, тарых, көркөм өнөр жөнүндө айтып берип, баалуулуктарды билүү керектигин түшүндүрүп жатты.

Мамлекеттик тарых музейинен байыркы Енисей кыргыздарынын буюмдарын көрдүм. Борбордук Жеңиш музейинен баатырларыбыздын эрдиги тууралуу окуп, таазим эттим.

Бир жолу музейден чыгып баратканда музей кызматкери кызыгып, кай жерликсиң деп сурап калды.

- Кыргызстандан келген мигрантмын дедим. "Аа, музейден мурда эмгек мигранттарын кездештирген эмесмин" - деп таң калып, Кыргызстан жөнүндө сурады. Анан китепче сунуп, ушуга көргөнүңдү, каалооңду жазып койчу деп калды. Кыязы, орусча кантип жазат деп кызыкты окшойт... Мага бергени «Даттануу жана каалоо» китепчеси экен. Мен жазып берсем, окуп көрүп, ыраазычылык билдирип узатты.

Дагы бир байкаганым шаарда фитнес-клубдар, спорт залдар толтура. Каалаганча машыга бер. Сейил бактарында кооз гүлдөр жайнап турат, отургучтар сырдалган. Биздегидей оюлуп, чийилип, жазылып булганбаган.

Жогоруда айтылгандар биздин өлкөгө өрнөк болчу жашоо образдары жана аларды үйрөнүү бизге пайдалуу деп эсептейм. Таза, адептүү коомду куруп, мыйзамды сактап жашасак кандай сонун болор эле урматтуу мекендештерим!

Мен бул макаланы жазууда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештеримдин жумуштан бош убактысын уйкуга же башка шаан-шөкөттөргө коротпой музейлерге, маданий иш-чараларга, спорт залдарга да барып эс алууга үндөөр элем.

Албетте кыргыз менталитети, каада-салт, динибиз башка. Биз Кыргызстан деп күйгөн, жүрөгүбүз кыргыз деп соккон, мекенибиздин патриоту болушубуз керек. Менин айтайын дегеним: маданий мурастарыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды сыйласак, жакындан таанышып билсек, чет жерлерде өлкөбүздүн кадырын түшүрбөй, бири-бирибизге сылык мамиле жасап, сергек жашоону туу тутуп, келечек муун үчүн алгылыктуу эмгектерди калтырсак, жаныбызда жүргөн баатырларды сыйласак, адабият, маданият, искусствону окуп, маданияттуу жашоону үйрөнсөк дегим келет.

Кайрат Искендеров

Жалал-Абад облусу, Сузак району, Миң-Өрүк айылы

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG