Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

100 СУНУШ: Ж.Осмонова: Кыргыз туризмин тарыхыбыз аркылуу көтөрөлү


Жамиля Осмонова
Жамиля Осмонова

Жамиля Осмонова "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган идеясын сунуштайт.

Жакында эле Польшанын чоң шаарларынын төртүнчүсү Вроцлавга барып калдым. Шаарда көркөм көпүрөлөр, имараттар көп. Бирок Вроцлав баарынан мурда эргежөээл «кызыл кишилери» менен атактуу.

Тагыраак айтканда – гном, же европалык уламыш-жомоктордун каарманы болгон эргежээлдердин чакан эстеликтери шаардын ар бурчтарына коюлган. Жалпы саны 250гө жакын. Эргежээлдердин эстеликтери шаардын туристтерге көрсөтөр көзгө басар байлыктарынын бири экенин укканда оозум ачылды. Интернеттен издеп атып алардын расмий сайтын да таап алдым. Анда эргежээлдердин жайгашкан орду жана алардын ар биринин аттары, тарыхы тууралуу маалыматтар бар. Ошентип кызыгып кетип эргежээл издеп шаарды түрө кыдыра баштадым.

Биринчисин тапканда кубанганымды айтпа. Айланада адамдар болбогондо «Тапты-ым!» деп кыйкырып деле иймекмин.

Анда таанышып алыңыз, мен тапкан биринчи эргежээл - Budinpolek (Будинполек). Ал курулуш материалдары боюнча адис. Кыш сүйрөп алып, калбаат басып бараткан аны Вроцлавдын кычык көчөлөрүнүн биринен табасыз.

Мен, ошентип, бир күндө шаардын «кичинекей тургундарынан» жетини жолуктурдум.

Papa Krasnal (Папа Краснал) – өзүнө өзү ыраазы болгонсуп, чоң көчөнүн боюнда дөңдө турат. Ал жергиликтүү эргежээлдердин атасы. Аларга байланыштуу талаш-тартышты чечип, маанилүү маселелерде акыркы сөздү айтат.

Ал эми Capgeminiusz Programista (Программа түзүүчү Кардеминиуш) – дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү эргежээлдерди жоготуп албаш үчүн компьютердик программанын жардамы менен аларды көзөмөлдөп турат.

Эргежээл – гномдор (полякча krasnal) Вроцлавга кантип келип калганы боюнча бир нече теориялар бар. Биринде алардын генеалогиясын изилдегендер "дүйнөдөгү биринчи эргежээл дал ушул шаарда пайда болгонун билдирген тарыхнаама таап алышыптыр" делет. Эргежээлдерге эстеликтерди Вроцлавга 2001-жылдан тарта орното башташкан.

Ошентип, Вроцлавда сейилдеп жүрүп, "бизде деле туристтердин көңүлүн бурдурган ушундай нерселерди жасаганга эмнеге болбосун?" деген ой келди.

Маселен, байыркы кыргыз тарыхынын экспонаттарынын, Саймалуу-Таш сыяктуу аска сүрөттөрдүн (петроглиф), кийинки руна жазууларынын көчүрмөлөрүн жасап туруп, Каракол, Ош, Нарын же Таластын көчөлөрүнө койгонго неге болбосун? Анан туристтер үчүн алардын тарыхы, мааниси, жайгашкан орду тууралуу бир нече тилде маалымат берген сонун интернет сайтты жасап койсо жарашмак.

Менимче, бул чет өлкөлүктөргө эле эмес, өзүбүзгө да байыркы кыргыздар, дегеле алардын басып өткөн жолу, тарых таржымалы жөнүндө тереңирээк таанып-билгенге мыкты мүмкүнчүлүк болмок.

Эстелик демекчи, көп өлкөлөрдө элди, туристтерди кызыктырып, таң калтыра турган оригиналдуу айкелдер, бедиздер бар. Бир нечесин мисал катары белгилеп өтөйүн:

Прагадагы ойчул чех жазуучусунун айланма эстелиги: http://www.praga-praha.ru/skulptura-kafki/

Али менен Нино – Батумидеги сүйүүнүн эстелиги: http://poznavatelno.net/skulptura-ali-i-nino-v-batumi-trogatelnaya-istoriya-lyubvi/

Нью-Йорктогу Пэги Брэдли (Paige Bradley) жараткан "Кеңейүү" аттуу бедиз: http://www.kulturologia.ru/blogs/240611/14755/

Техастын Ирвинг шаарындагы жарышкан азоо жылкылардын (мустангдардын) айкели: http://arttravelblog.ru/dostoprimechatelnosti/pamyatnik-mustangi-las-kolinasa-v-gorode-irving-shtat-texas.html

Ар бир көркөм өнөр жемишинин өзгөчө тарыхы бар. Ал кайсы жерде жаралса, ошол өлкөнүн же чөлкөмдүн сыймыгы жана байлыгы.

Кыргызстандын тарыхы да ары кызыктуу жана бай. Мен андагы каармандар же окуялар жогорудагыдай жол менен элге таанытылса деп сунуштайт элем.

Сунушума кызыккандар болсо талкуулаганга даярмын.

Жамиля Осмонова

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG