Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

100 СУНУШ: А.Арстанбеков: Немистер бөтөлкөдөн акча жасайт


Бөтөлкө чогулткуч жабдуу.
Бөтөлкө чогулткуч жабдуу.

Германияда жүргөн журтташыбыз Айбек Арстанбековдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жиберген блогун сунуштайбыз.

Таштандынын арасында түрдүү бөтөлкөлөр көп. Өзгөчө Кыргызстанда оркоюп ар жерде жатат. Германияда ушул маселе өтө жакшы чечилген.

Азыр Германиянын Гамбург шаарында иштеп жатам. Германияга
Sommerferienjob программасы менен 90 күнгө келгем. Мени бул жакта
таштандыга каршы күрөшүү чаралары таң калтырды.

Бишкектеги таштанды чакалары
Бишкектеги таштанды чакалары

Өзүңөр жакшы билесиңер, Кыргызстанда таштанды көйгөйүн дагы деле жакшы чече албай келебиз. Ичиндегисин ичип, анан бөтөлкөнү туш келди таштап кеткенибиз жалганбы?

Антпегиле, пластмасса кеминде жүз жылда араң жоголот деп экологдордун какшаганына кулак салган адам аз.

атайын pfand үчүн белгиси бар бөтөлкө
атайын pfand үчүн белгиси бар бөтөлкө

Ал эми Германияда муну оңой чечишкен. Ал жакта сиз бөтөлкөнү ала
электе эле таштандыга таштаттыра турган схема ишке кирген. Маселен, 1 литр минерал суу 0,50 цент болсо ага алдын ала pfand үчүн дагы 0,25
цент кошулат. Капа болбоңуз, аны ар бир маркеттерде орнотулган
Pfandautomat аттуу автоматтар кайрып берет же тапшырылган ар
бир бөтөлкө үчүн 0,25 евро центтен төлөнөт. Болгону бөтөлкөнү автоматка саласыз. Канча даана болсо, алдабай ошончо даананын акчасын кайрып берет. Бөтөлкөнүн түрүн тапшырсаңыз болот. Угушумча Германия чогулган бөтөлкөлөрдү Кытайга сатып, андан да акча табат экен.

бөтөлкөгө ушундай белги коюшат
бөтөлкөгө ушундай белги коюшат

Pfand – салым дегенди билдирет. Мен муну бөтөлкөлөрдү кайра кайтаруу менен өзүңө эле эмес, табияттын сакталышына салым кошуу деп түшүндүм.

Бул өтө сонун нерсе экен. Бизде да pfand сыяктуу система орнотуп,
бөтөлкөлөрдү автомат чогулта тургандай кылып койсок көчөдө, талаада
жайнаган таштанды азаят эле. Бизде суусундукту негизинен кыргызстандык ишканалар чыгарат. Аларга, же сырттан келгендерине деле бөтөлкөсүнүн бооруна атайын белги коюуга милдет тагып, ушул процессти ишке ашырсак неге болбосун?

Биринчиден, шаарыбыз таза болот, табиятка да пайда. Экинчиден,
«Тазалыкта» иштеген кызматкерлер убактысын кетирип көрүнгөн жерден бөтөлкөлөрдү терип жүрбөйт эле. Макул, алар таштандыга алып барып ташташты. Бирок ошол жерден дагы адамдар терип таңгактап, керектүү жерге өткөрүп акча таап жатышат. Бирок алардын ден соолугу эмне болот? Биз да өнүкпөйлүбү? Өнүгүү аздан болот эмеспи, балким ушундан баштабайлыбы?

Анан Германияда атайын таштанды чакалары болот экен: бири кагаз үчүн, бири пластик, башкасы аралаш таштандылар үчүн. Немистер тигинисин буга аралаштырбай, ак ниеттик менен бөлүштүрүп ыргытышат экен аларды. Балким акырындап буга да үйрөнөр элек.

​Айбек Арстанбеков, Германия

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG