Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:10

Дубай шаарында (БАЭ) жашаган журтташыбыз Мурат Эгембердиевдин "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жиберген блогун сунуштайбыз.

Кыргызстанда азыр чет элдик мигранттарга карата эреже, талап өтө төмөн. Мамлекетибиз чет элден келчү кылмышкерге да, террористке да, жугуштуу ооруну алып жүргөндөргө да ачык. Кыргызстанга барган сайын мен буга абдан кейийм.

Биздин жерде иштеп, бизнесин түптөгөндөрдүн көбү коңшулардан тышкары, Пакистан, Иран жана Түркия жарандары. Булар биздин мамлекетке каалаганда кирип, каалаганда чыгып кетишет. Иликтеп көрсөм, Кыргызстанда алты ай жашабай туруп жарандык паспортубузду алганга жетишкендери да бар экен. Буга биздеги жогорку деңгээлдеги жемкордук, аларга карата эреженин жоктугу, болсо да иштебегени себеп.

Эгер мен сунуштаган система иштеп баштаса чет элдик миграцияны жөнгө салуу гана эмес, мамлекетке жылына миллиондогон каражат да түшөт. Ал каражатка акырындап элибизди жана туристтерди тейлөөдө жакшы шарттарды түзсө болот. Аэропортко, шаардык транспортко, инфраструктуралык долбоорлорго каржылык жардамды ушул жол менен да тапса болоруна толук ишенем.

Кыргызстанда иштеген мигранттардын, өзгөчө кытайлыктардын тапкан ири суммадагы акчасы мамлекеттен агып чыгууда. Биз да алардан киреше табуунун жолун иштеп чыгуубуз керек.

Азыр мен жашаган Бириккен Араб Эмирлигинде мигранттарды тейлөө тармагы абдан өнүккөн. Өлкө казынасына олчойгон киреше алып келет. Аны башка структураларына жумшап, азыр БАЭ өз элин, туристтерди тейлөөдө араб өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунда.

Бул мамлекет былтыр мунай кирешесинен көз карандылыктан толук арылуу планын жарыялаган. Анда өз өлкөсүндөгү чет элдик мигранттардан түшкөн каражат да маанилүү тепкичте экени көрсөтүлгөн. Демек, чет элдик мигранттын кызматын эле пайдаланбай, андан киреше да тапса болот. Бул үчүн маанилүү кадамдарды жасап, темирдей бекем эрежелерди орнотуу керек.

БАЭнин мигранттар боюнча шарт-эрежелерин окуп чыгып Кыргызстан үчүн төмөнкүдөй сунуш жаздым:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция департаменти

Бул миграцияны тейлей турган органдын келечектеги жаңы аталуусу. (Узун болбошу үчүн мындан ары Миграция департаменти деп атап коелу)

Кыргыз өлкөсүнө иштөөнү каалаган чет элдиктердин виза алуусундагы жаңы эрежелер.

Мыйзамдуу үч түрү:

1. Жумуш визасы.

2. Туристтик виза.

3. Визасыз режим. (виза талап кылынбаган өлкөлөрдүн жарандарына).

1.“Жумуш” визасы

Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет элдик жаран жергиликтүү компания же ишкер менен өз ара (интернеттен же чет жердеги өкүлдөрдүн жардамы менен сүйлөшүп) эки жылга эмгек келишимин түзүп, кыргыз жергесине кире алат.

“Жумуш” визасына толук ээ болуу үчүн чет элдик эки тепкичтен өтөт.

1-тепкич:

Биринчи “Жумуш” визасы үч айга убактылуу электрондук түрдө берилет. Ал визаны алуу үчүн мигранттан бул документтер талап кылынат, алар;

А) ВИЧ/СПИД, менингит, сарыктын (гепатит) бардык түрү жана кургак учук (туберкулез) боюнча анализ;

Б) Соттолгон-соттолбогондугу жөнүндө полициядан же ошол жердеги жергиликтүү тиешелүү органдан сертификат талап кылынат;

С) Ишкана менен чет элдик жарандын “Эмгек келишиминин” көчүрмөсү.

Жогоруда аталган документтердин сканерленген формасы (копия) интернеттен кыргыз жергесиндеги ишканага жөнөтүлөт. Ал документтердин жардамы менен ишкана Кыргызстандын Миграция департаментине үч айлык (убактылуу) визага тапшырат. Виза даяр болгондо гана чет элдик жаран Кыргызстанга киргенге укуктуу. Мигрант үч айлык “Жумуш” визасы менен келгенден кийинки процедура, визанын стикерин мигранттын паспортуна орнотуу, чаптоо керек.

2-тепкич:

Мигрант саламаттыгын кайрадан текшерүү үчүн Кыргызстанда төмөнкү процедуралардан өтүүгө милдеттендирилет;

А) ВИЧ/СПИД, менингит, сарыктын (гепатит) бардык түрү жана кургак учук (туберкулез) боюнча;

В) Ички иштер органдарына бармак изин тапшыруу.

Бул процедуралар ийгиликтүү бүткөн соң, ал жөнүндө жана ИИМден бармак изи алынганы тууралуу справканы ишкана аркылуу Миграция департаменти талап кылат. Андан кийин гана чет элдик жарандын паспортуна “Жумуш” визасын чаптаганга департамент уруксат берет жана өзү ишке ашырат.

Жумуш визасынын таза баасы 10-30 миң сом. Баа чет жердик жарандын кыргыз жериндеги ишканага кайсы орунга келгенине көз каранды. Алар төрт топко бөлүнөт:

А) Кара жумуш (курулуш, тазалоо) - 10 миң сом.

В) Орто деңгээл (офис кызматкерлери) - 15 миң сом.

С) Жогорку деңгээл (менеджер, директор) - 20 миң сом.

D) Эң жогорку деңгээл (бизнес, сатуучулук) - 30 миңсом.

“Эмгек келишимин” же “Жумуш” визасын жокко чыгаруу жана өлкөдө мыйзамсыз жүргөн күндөрү үчүн кошумча айып пул салуу.

Мигрант менен ишкана ортосундагы “Эмгек келишимин” жокко чыгаруудагы билдирүү кагазы менен чет элдик мигрантка берилген “Жумуш” визасын жокко чыгаруу үчүн ишкана арыз менен Миграция департаментине кайрылат. Ал процесс жети иш күнүндө чечилип, чет элдик жарандын “Жумуш” визасына “Жокко чыгарылды – күнү.айы.жылы” деген штамп басылып, Миграция департаменти 14 күн ичинде чек арадан чыгып кетүүсүн ишканага милдеттендирет. Бул кадам мигранттар мамлекеттен кетип жатканы же өлкөдө мыйзамсыз калып жатканын көзөмөлдөө максатында жүрөт. 14 күн ичинде чыгып кетпесе, анда чет элдик жаран мыйзамсыз калган ар бир күнү үчүн ишканага 500 сомдон айып пул салынууга тийиш. Себеби, жумуштан бошоткон чет элдик ишкерин өлкөдөн толугу менен чыгып кетүүсүн көзөмөлдөөгө ал милдеттендирилген болчу!

Эгер чет элдик жаран өлкө ичинде башка ишканага жумушка өтүп атса, анда 14 күн ичинде кайра “Жумуш” визасын алуу үчүн,

А) ВИЧ/СПИД, менингит, сарыктын (гепатит) бардык түрү жана кургак учукка тапшырган справкалары.

В) Жаңы “Эмгек келишими” менен ишкана Миграция департаментине кайрылат.

Эскертүү!

● “Жумуш визасын” жана жогорудагы керектүү справкаларды кыргыз жергесинде алууга сарпталган акчаны ишкана менен мигрант өз ара келишип мамлекетке төлөйт. Экөөнүн кимиси төлөрүн Миграция департаменти аныктай албайт.

● Чет элдик жаран саламаттыгы начар, жумушка жарамсыз же жогорудагы оорулар табылса, анда ага Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынып, өз өлкөсүнө депортацияланат. Ал чыгып кеткиче врачтардын, Миграция департаментинин көзөмөлүндө болот.

● Мамлекеттин мыйзамын бузган мигрант өлкөдөн депортацияланат. Эгер мыйзамсыз калып калганы катталса, анда кайсы ишкана аркылуу келгени такталып, ошол ишканага айыппул салынып жана чет элдик жаран депортацияланат.

● Эгер рейд учурунда ишкананада мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жаран кармалса, анда ишкана ээсине 50 миң сом айып пул салынат, чет элдик жаран депортацияланат.

● Чет элдик мигранттын жашаган жери ишкананын өзүнө катталат. ИИМге тиешелүү ГОМ, райондук милиция пункттары чет элдикти каттоо укугунан ажыратылат.

2. “Турист” визасы

Бул пункт айрыкча “Кыргызстанда бизнес кылам” деген чет элдикке Кыргызстанга келип “Жумуш” визасын алганга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзөт. Бул учурда “Жумуш-Бизнес” визасын Миграция департаменти менен келишим түзүп, төлөмүн жүргүзүп, өз алдынча алууга укуктуу. Эгер ал Кыргызстанда бизнес кылуу ыңгайсыз экенин байкаса же түйшүктөр жаралса, анда “Турист” визасынын убактысы бүткөнгө чейин өз өлкөсүнө кайтып кетүүсү шарт. Эгер убагында өлкөдөн чыкпаса, анда ар бир мыйзамсыз жүргөн күнү үчүн 500 сомдон айып пул салынат. Төлөө процесси Миграция департаментинде гана жүргүзүлүп, ал жарандын “Турист” визасына ““Төлөндү” күнү/айы/жылы” көрсөтүлгөн штамп басылат. Эгер ал чет элдик мыйзамды бузуп, бирок айып пулду төлөгөндүгү тууралуу визанын бетинде штамп болбосо, анда ал мыйзам бузган турист чек арадан чыгып кетүүгө тыюу салынып, аэропорттогу Миграция департаментинин пунктунда төлөгөн соң гана өлкөдөн чыгууга уруксат берилет. Акчасы такыр жок учур катталуусу да мүмкүн, бул учурда ал жаран толугу менен аэропорттон өз өлкөсүнө депортацияланат!

Сунуш!

Чет өлкөдөгү Кыргыз элчиликтеринин жардамы менен же онлайн аркылуу, ошондой эле, өлкөгө келген учурда “Турист” визасын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланган туристтерди каттоо базасы Миграция департаменти менен тыгыз байланышта болсо демекчимин!

Себеби, бул учурда аларды Чек ара кызматы гана эмес, жаңы түзүлчү Миграция департаменти да көзөмөлгө алмак. Убагында чыктыбы же мыйзамсыз жүрүп калдыбы? Эгер мыйзамсыз жүргөн турист байкалса анда Миграция департаменти Чек ара кызматына билдирүү жөнөтмөк. Эгер мыйзамсыз жүрүп чыгып кеткен турист болсо, анда Чек ара кызматынан департамент маалымат талап кылмак. Бул учурда Чек ара кызматында болуп аткан коррупцияга бир аз болсо да каршы кадам жасалмак. Эгер коррупцияга тиешелүү мыйзам бузуулар катталса, анда ошол мыйзамсыз жүргөн чет элдикти өлкөдөн чыгарып жиберген чек арачы катуу жазага тартылса дейт элем. Ошентип чек ара тармагыбыз акырындап тазаланмак. Мындайча айтканда, мамлекетибизге кирип-чыккан турист, мигранттарды көзөмөлдөгөн Чек ара кызматынын үстүнөн көзөмөлдөөчү эффективдүү орган пайда болмок.

Азыркы Миграция кызматын таптакыр жоюп, же алардын ишин ушуга окшогон идеялардын топтому менен жаңылап туруп ишке салууну сунуштайт элем.

3. Визасыз режим (Визадан бошотулган жана ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн)

Кыргызстанга визасыз келгенге мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттердин жараны биздин өлкөдө жумушка орношсо, анда ага болгону “Жумуш” картасы Миграция департаменти аркылуу бир жылга берилет. Төлөм баасы 10 миң сом. Бул учурда жогорудагы документтер жана саламаттыгы тууралуу справкалар талап кылынат. Тагыраагы алар:

А) “Эмгек келишими” ишкана менен.

В) ВИЧ/СПИД, менингит, сарыктын (гепатит) бардык түрү жана кургак учук боюнча.

С) Cоттолгон-соттолбогону боюнча өз өлкөсүнөн берилген сертификат.

D) Кыргызстандын ИИМинде колунун бармагынын изин алуу.

Жыл сайын “Жумуш” картасынын мөөнөтүн узартууда “В” пунктун аткаруу жана төлөмүн төлөө гана жетиштүү. Узартуу процесстерин ишкана Миграция департаменти аркылуу мигранттын “Жумуш” карта мөөнөтү бүткөнгө чейин ишке ашыруусу шарт!

Эгер бүтүп калган соң, узартуу аракетин көрсө, анда мыйзамсыз өтүп кеткен күнүнө 500 сомдон айып пул салынат.

P.S. Бул сунуштарымды өкмөт эске алат деген ойдомун. Эгер талкуулап-такташа турган маселе болсо диалогго даярмын.

Мурат Эгембердиев, Дубай

P/S: Автордун жазуу стили сакталды жана анын ой-пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG