Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Туризмге салым кошкон жаштар


Иллюстрация (архивдеги сүрөт)
Иллюстрация (архивдеги сүрөт)

Элетте жашап эле туризм тармагын колго алып, чет өлкөлүк эс алуучуларды тосуп алуу менен айылынын, керек болсо, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаштар арбын.

Алар кимдир бирөөдөн жардам күтпөй эле өз арбайын согуп келет. “Азаттык+” бул чыгарылышында туризм бизнесинин ыгын тапкан жаштарга токтолду.

Европанын мегаполистеринде кыйма-чийме зуулдаган машине, жанталашкан ызы-чуу жашоодон тажаган айрым адамдар жаратылыш менен камыр-жумур жашоону эңсеп тынчтык издери айдан ачык. Чет жерге чыгып беш жылдыздуу мейманканада жайгашууга чамасы жетпегендер үчүн жер көрүп, эл таанууга шарт түзгөн кызмат көрсөтүүлөр дагы жок эмес.

World Wide Opportunities on Organic Farms же дүйнө жүзүндөгү органикалык фермалардагы мүмкүнчүлүктөр деп аталган программа учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө иштейт жана буга 6 миңдей фермер катталган. Акча ордуна жумушчу күчүн берип, дүйнө жүзүн кыдыргандар дал ушул кызматтан пайдаланышат.

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Туристтерди тартуу жеңил эмес

Быйыл Кыргызстан Борбор Азияда чет өлкөлүк туристтер көп келген өлкө болду. Бирок аларды ар дайым тартып тургандай кызмат көрсөтүү деңгээли менен инфраструктуранын жоктугу бир көргөндөн кийин көңүлдөрүн кайт кылууда.

Кыргызстандын кооз жаратылышы менен көчмөн маданияты батыш өлкөлөрүнүн туризм сүйүүчүлөрү үчүн акыркы жылдары алдыңкы ондукка киргени айтылууда. Ушул тенденцияны байкаган Узак Бакиров учурдун талабына ылайык акчасы азыраак, бирок иштеп берүүгө даяр чет элдиктер үчүн шарт түзүп берүүдө.

- Немис улутундагы досум аркылуу билдим. Социалдык тармактарда ар кайсы өлкөдө түшкөн сүрөттөрүн киргизе берчү. Көрсө, ал барган үй-бүлөсүнө бекер үй оокатын кылып берип, саякаттачу экен.

Узак өзү да университетти аяктагандан кийин бир нече жыл жер кезип, Европаны кыдырып келген экен. Чет өлкөлүктөр менен иштешип жүрүп туризмдин оош-кыйышын жакшы билип калган. Саякатчыларды тосуудан чочулоо сезими болгон эмес. Тескерисинче, алар кандай жерге барам деп кооптонушарын белгилейт.

- Туристтер кандай жерге туш болом деп коркушат. Ар кандай үй-бүлөлөр бар. Ашыкча иштетип коебу деп кооптонушат. Ал эми биздин үйдө күнүнө ашып кетсе эки саат оокат кылышат.

Кесиби боюнча мал догдур Азиз Исабеков 24 жашта. Ал туризм бизнесинин пайдубалын өзү билип-билбей туруп эле 20 жаштагы студент кезинде түптөй баштаган. Англис тилин мыктылап өздөштүрүүнү каалап, көчөдөн кезиккен эле турист менен сүйлөшүп тажрыйба топтоо үчүн үйүнө, Кеминге чакыра берчү. Тил үйрөнүүгө болгон шыгы бүгүн өз үй-бүлөсүн гана эмес, бир айылды баккан кирешелүү бизнеске айланды.

- Туристтерди биздин жаратылыш, айыл турмушу кызыктырат. Атка минип, көчөдө сейилдеп жүрүүнү жактырышат. Айылдан балдарды чакырып улуттук маданиятыбызды таанытуу максатында концерт уюштурабыз.

Конокко келген туристтердин айылдын жаратылышына, жашоо образына суктанганын көрүп айыл туризминин келечеги болорун байкайт. Анан ишин ирилетип, бир нукка салып алганы менен башталышы, калыптанышы бир топ эле эмгекти талап кылып, маңдай терин төктүргөн.

"Азаттык+": турист баккан жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:01 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG