Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстанда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөрдү каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө киргенден бери чет элдик жарандар түрдүү текшерүүлөргө туш болуп жатканын айтышууда.

Кыргыз өкмөтү 90 өлкөнүн жарандары бул талаптан бошотулуп, аларга 10 күндөн 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алары тууралуу токтом долбоору жакынкы күндөрү кабыл алынарын маалымдоодо.

Бирок туризм менен алектенгендер маселенин баары каттоонун мөөнөтүнөн мурда милициянын чет өлкөлүктөрдүн документин текшерүү мүмкүнчүлүгү туристтерди чочутарын белгилешүүдө. ​

Туристтер азайды

Түштүк Кореянын жараны Жун Кхе Кыргызстанда ишкерлик кылат. Өзү көпчүлүк убакта бул жакта болот. Бирок ишине байланыштуу компаниясына Түштүк Кореядагы өнөктөштөрү ар кандай мөөнөткө келип-кетип турушат. Жондун айтымында, 4-ноябрдан тарта чет өлкөлүктөрдү беш күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө киргенден бери күч кызматкерлеринин көчөдөн токтотуп документ текшерген учурлары көбөйдү:

- 4-ноябрдан тартып жаңы мыйзам иштеп жатат деп уктум. Анткени, текшерүүлөр ошондон тарта күчөдү. Милиция да өчөшкөнсүп, паспорту жок жүргөн мезгилде текшерет. Паспортту деле дайыма жаныңа салып жүрбөйсүң да. Мына бүгүн эле 3-4 кишиге жардам бердим. Алар менин конокторум, орус тилин билишпейт. Көчөдө баратышса, милиция токтотуптур. Мага телефон чалышты, барып, алып келдим.

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

Жун Кхенин айтуусунда, милиция кызматкерлери чет өлкөлүктөрдүн үйлөрүнө чейин барып, текшерген учурлары бар:

- Көчөдө баратсам, документ сурап токтотушту. Баарын көрсөттүм, менде бардык документтерим жайында. Бирок, "үйүңө барып текшеребиз" дешти. Макул болуп үйгө алып келдим. Кир бут кийимдери менен батирди аралап чыгышты. Мен ал убакта элчиликке жана башка кыргыз тааныштарыма чалып, алар менен сүйлөштүрүп, анан чыгып кетишкен учурлар болгон.

Беш күндүн ичинде расмий каттоого туруу жөнүндөгү мыйзам чет элдиктер үчүн өтө ыңгайсыз экенин дагы бир ишкер, Жаңы Зеландиянын жараны Бредли Бреннеман да “Азаттыкка” бышыктады. Анын айтуусунда, кыргыз өкмөтү туризмди кирешелүү тармакка айландырууну көздөсө, мындай мыйзамдарды сырттан келүүчү адамдар үчүн ыңгайлуу кылып, ишке киргизүүсү керек:

- Сырттан келген кишилердин кимдигин, эмне менен алектенишерин жана башка маалыматтарды алуусуна, көзөмөлдөөсүнө мен каршы эмесмин. Бирок, каттоо үчүн алгач жакшы система түзгөндөн кийин ошондой талапты коюу керек. Бирок, менин билишимче, шаарга келип алып, анан каттоого турчу жерди издөө – бул чет элдик турист үчүн чоң түйшүк. Бул мыйзам ишке кирери менен эл аралык маалымат каражаттары бул тууралуу жазып чыгышты. Аны окуган көптөгөн туристтер Кыргызстанга сапарын токтотушту. Бизге келип жаткан чет өлкөлүктөр азайып калганы дароо сезилди.

Кыргызстанда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран каттоодон өтпөсө, 10 миң сом айыппул төлөйт деген мыйзамдын күчүнө кирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Германиялык турист Герд Мүллер.
Германиялык турист Герд Мүллер.

Ош базарында өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар чехиялык инвесторлордун документтерин текшерип, кийинчерээк алардын акчасын алып коюшканы маалым болгон. Дагы бир жолкусунда өздөрүн милицияданбыз дешкен бир нече жаран чет өлкөлүктөр менен өнөктөш иштеген компаниянын кеңсесине кирип барып, ал жердеги чет өлкөлүк жаранды милиция участогуна баруусун талап кылган.

Күнөө өкмөттөбү?

Бул мыйзамдын автору, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Абдувахап Нурбаевдин айтуусунда, Жогорку Кеңеш бул мыйзамды өкмөт ылайыгына карап, өзүнүн токтому менен өзгөртө алат деп өкмөткө укук берген, бирок өкмөттүн токтому кечигип кетти:

- Бул мыйзам башында өкмөт менен парламент чогуу демилгелеп жазылган болчу. Биз өкмөткө аны токтом менен ыңгайлаштырып, өзгөртүү укугун бергенбиз. Бирок, өкмөт, анын ичинде Мамлекеттик каттоо кызматы аны кечиктирип койду. Ошондуктан, минтип кызуу талкууга түшүп кетти. Токтом жазып, аны коомдук талкууга койгончо убакыт өтүп кетти. 19-декабрда коомдук талкуунун мөөнөтү бүтөт. Өкмөт башка мамлекеттер менен приоритеттүү негизде мамиле кылып, жарандардын каттоосуз жүрүүсүн жөнгө салууга тийиш. Мисалы, кыргызстандыктар Орусияда беш күндүн ичинде каттоого турушу керек болсо, алар бизде отуз күн каттоосуз жүрө алышкан. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде, 30/30 күн болду. Казактар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча Казакстандагы тартип сыяктуу эле бизде да казакстандык жарандар беш күн ичинде каттоого турууга тийиш.

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

Бул мыйзамды өзгөртүү боюнча кыргыз өкмөтү токтом долбоорун сунуштап, 18-ноябрда коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, алыскы Венесуэла, Никарагуа, Сальвадор, Багамы, Перу өлкөлөрүнүн, жакыныраак жайгашкан Греция, Грузия, Түркиянын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 90 күн жүрө алышат.

Ал эми ЕАЭБде союздаш казакстандык жарандар беш, Беларустун жарандары жети күндүн ичинде каттоого турушу керек. Түштүк Корея менен Жапониянын жарандары 60, Азербайжан, Түркмөнстан 10, Иран 8, Доминика 21, Барбадос өлкөсүнүн жарандары 28 күндө каттоого турууга милдеттүү. Калгандары 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Мунун себебин өкмөт эки тараптуу келишимдерге жана тартиптерге байлоодо.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул токтом долбоору 19-декабрда каралып, бекитилет. Токтом күчүнө кирсе, 90 өлкөнүн жарандары беш күн ичинде каттоого турууга милдеттендирген мыйзамдан бошотулат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG