Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Милдеттүү каттоо: мекенге өгөй журтташтар


Кыргыз жана орус паспорту
Кыргыз жана орус паспорту

Кыргызстанга кирген чет элдик беш күн ичинде миграциялык каттоого турушу керек деген жобо орус жарандыгын алган мигранттарга дагы тиешелүү.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык убакыт жүрө турган чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Эгер аны аткарбаса, 10 миң сом айып пул төлөйт.

Орусияга келип, жарандык алгандарга да тиешелүү бул жобо мигранттарды санаага салды.

Кыргызстандык Равшанбек Маманов орус жарандыгын ишке орношуу үчүн алганын айтып, эми мекенге барган сайын чет өлкөлүк жаран катары каттоого туруу зарылдыгына нааразы:

- 2008-жылы орус жарандыгын алгам. Бирок кыргыз паспортун тапшырган эмесмин. Бул мыйзам болсо кыргыз жаштарынын жон терисинен акча жасаганга барабар. Мен сыяктуу Орусияга келип жарандык алгандар бул жактан салык төлөйбүз, Кыргызстанга барып, ал жактын да салыгын төлөйбүз. Ата-энеге жардам беребиз, кичүү бир туугандарыбызды окутуп жатабыз. Бул мыйзам бизди туулуп-өскөн мекенибизге өгөй кылат.

Мигранттын тапканы банкты кыйгап өтөт

Мигранттын тапканы банкты кыйгап өтөт

Алыскы чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине акча жибергенде банк кызматтарынан аз пайдаланышат.

Орус жарандыгын алган дагы бир мекендеш Гүлсана Эрманкулова жаңы мыйзам жемкорлукту гүлдөтөт деп кабатыр. Гүлсана мурда деле орус паспорту менен Кыргызстанга кайткан мигранттардан чек ара кызматкерлери шылтоо таап, пара алган учурлар болгонун айтууда:

- Кыргызстанга тез-тез каттап турам. Жүктү өткөрүп, текшерүүгө киргенде эле “качан Кыргызстанга кирдиңиз, билет кана?” дей башташат. “Жүрүңүз бурчка” деп сүйрөшөт. Анан аларга бир нерсени далилдеп көр. Өз укуктарыңды билип, тың сүйлөп турсаң чыгып кетесиң. Антпесең, башкача сүйлөшүүгө туура келет. Мен өз мисалымды эле айттым, мага окшогондор канча дейсиң. Ошто болобу, Бишкекте болобу чек ара кызматкерлери Орусиянын паспортун көргөндө эле сүйүнүп кетишет.

Миграция боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев миграциялык каттоо боюнча эки өлкө ортосунда келишим болгондуктан, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар башка чет өлкөлүктөрдөн айырмаланып 30 күнгө чейин каттоосуз жүрсө болорун айтты:

- Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жарандардын эки өлкөдө жүрүм-туруму боюнча атайын келишим бар. Келишим былтыр 19-июнда Санкт-Петербургда кабыл алынып, 19-июлда күчүнө кирген. Орусиянын жарандары кандай максатта Кыргызстанга келбесин, 30 күнгө чейин каттоого туруудан бошотулган. 30 күндөн кийин жер-жерлерде Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү бар, ошол жакка барып каттоого турушу зарыл. Тобокелдик кылып, Кыргызстандын мыйзамдарын сактабаса, 10 миң сом айып пул каралган. Орусиядагыдай болуп “кара тизме”, депортациялоо деген нерсе жок. Айып пул төлөйт, ошо менен иш бүттү. Мындай жеңилдик бир гана Орусия эмес, Евразия биримдигине кирген эмгек мигранттарына тиешелүү. Азыр Казакстан менен ушундай келишим каралып жатат.

Асанбаев орус жарандыгын алып, бирок, Кыргызстандын жарандыгынан расмий чыгып, кыргыз паспортун тапшыра электер мекенге көк паспорт менен ээн-эркин кире алат дейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар өлкөдө 30 күн жүргөндөн кийин миграциялык каттоого турууга керектүү документтер жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Каттоо бир жылга, үч айга же алты айга, башкача айтканда, адамдын каалоосу боюнча болот. Мамлекеттик төлөм (пошлина) акысы 100 сом, бул банктын кызматын кошпогондо. Каттоо өлкөдө жашаган жери боюнча жасалат. Мисалы, Бишкекте болсо, жашаган батирдин ээсинин уруксаты, паспорт көчүрмөсү, өзүнүн документтери керек. Бул процесс беш мүнөттүк иш. Чет элдик жарандар каттоого туристтик, жеке максат, инвестициялык виза деп коёт, ошонун негизинде каттоого турушат. Ал эми Орусиянын жарандарына бул талаптар аябай жөнөкөйлөштүрүлгөн. Орусиялыктар келип, каттоонун мөөнөтүн көрсөтүп коюшат. Алардан эч кандай документтер суралбайт.

Орусияда 550 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштесе, дагы 600 миңге чукулу орус жарандыгын алган. Эки өлкө ортосунда кош жарандык боюнча келишим жок. Анткен менен Орусияда ишке тоскоолдуксуз орношуу үчүн жарандык алмаштырып, бирок, кыргыз паспортун тапшырбай расмий кыргыз жарандыгынан чыкпаган мигранттар бар.

Милдеттүү каттоо туризмге тузакпы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG