Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Мигранттын тапканы банкты кыйгап өтөт


Көпчүлүк мигранттар акчаны тааныш аркылуу салып жиберишет. Мигрант, Москва.
Көпчүлүк мигранттар акчаны тааныш аркылуу салып жиберишет. Мигрант, Москва.

Алыскы чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине акча жибергенде банк кызматтарынан аз пайдаланышат. Буга негизинен банк тарабынан кызмат көрсөтүүгө алынчу үстөк пайыздын жогорулугу себеп.

Ушундан улам алар эки өлкө ортосунда ишкерлик кылгандар аркылуу акчасын берип жиберүүнү ылайык көрүшөт. Бирок бул акча берген киши үчүн да, ортомчулук кылган тарапка да оңтойлуу болгону менен, кооптуу экенин талашсыз.

Ортомчу ишкерлер аркылуу келген акча

Биздин маектешибиз Тагай Өзүбеков Түштүк Кореяда иштеп, жакында эле мекенге кайтып келген. Анын айтуусунда, Кыргызстанга акчаны жердеш ишкерлер аркылуу жиберип турган. Анткени банктын кызмат көрсөтүүгө алынчу үстөк пайызы өтө эле жогору. Анын үстүнө жиберилчү акчанын суммасы канчалык көп болсо, банктын кызмат көрсөтүү үчүн сураган пайызы да ошого жараша кымбат. Ушундан улам чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар ортомчу ишкерлердин кызматынан пайдаланышат, анткени, көп учурда алар кызматы үчүн акча алышпайт. Маектешибиздин айтуусунда, ишкерлер валютанын курсундагы айырмадан эле пайда көрүүсү мүмкүн:

- Биз үчүн ыңгайлуу жагы - акча жибергенде банк кызматы үчүн акы төлөбөйбүз. Ишкерлер аркылуу акча жибергенде, алар бул кызматы үчүн акы же үстөк пайыз сурашпайт. Алар болгону валютанын курсунан гана пайда көрүшөт. Анткени, биз акчаны Кореяда корей валютасы – вон менен берчүбүз, алар биздин акчаны Кыргызстандагы туугандарыбызга бергенде, сом же доллар менен карматышат. Ошол учурда ортодогу айырмачылыктан пайда көрүүсү ыктымал.

Тагай Өзүбековдун ырасташынча, мындай жол менен акча жөнөтүү ишеничтүү, көп түйшүктү талап кылбайт.

- Бизнесмендерге 100% болбосо да 95% ишенич бар. Мисалы, мен Кореядан мекениме келе жатканда алар аркылуу 5-6 миң доллар акчамды берип ийип, кийин бул жактан кайра алгам.

1000 еврого чейин Westernunion менен...

Ушул тапта Түштүк Кореяда иштеп жүргөн дагы бир кыргызстандык Медетбек Макеновдун айтуусунда, КМШ мамлекеттеринен барган мигранттар көбүнчө Westernunion банк кызматынан пайдаланышат. Бирок үстөк пайызы өтө чоң болгондуктан, ишкерлерге кайрылууга аргасыз:

- Westernunion аркылуу 300 доллар жөнөтөм десең, үстүнө 50-60 доллар кошуп бересиң. Кореянын мамлекеттик банкы аркылуу жөнөтсөң арзаныраак болот дешет. Сураштырсак, 20-30 доллар кошуп берет экенсиң. Бир кемчилиги - Кыргызстан менен Кореянын банктарынын ортосунда атайын келишим жок. Ошондуктан мындай жол менен жиберилген акчаң дарегине жумалап араң жетет. Анан бул жактагы мигранттар бизнесмендердин кызматынан пайдаланабыз. Ал эми биздин ишкерлер 1000 долларды жеткирип бергени үчүн орточо 20-30 доллар алышат.

Сарыгул: Мекенге мигранттын инвестициясы керек

Сарыгул: Мекенге мигранттын инвестициясы керек

“Журтташтардын" бул жолку каарманы “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул.

Дагы бир мекендешибиз Карамат Токтобаева Чехиянын борбору Прага шаарында жашап, иштейт. Анын айтуусунда, Чехиядагы кыргыздар да мекенине акча жибергенде банк кызматынан сейрек колдонушат:

- Бул жерден акча жөнөтүүнүн эң ыңгайлуусу - каттагандардан берип жиберүү. Кимдир бирөө Кыргызстандагы туугандарына акча жиберип жаткан болсо, аларга бул жактан берип коюп, алмашуу иретинде да болот.

Чет жактарда иштеген кыргыздар акыркы убактарда contact, ria, westernunion банк кызматтары аркылуу да мекенине акча жиберишүүдө. Чехиядан westernunion аркылуу акча жибергенде 3% үстөк пайыз алынат дейт Карамат Токтобаева:

- Бул жактан Кыргызстанга акча жиберүүдө Unistrim, “Золотая корона” системасы комиссиясы үч пайыз болгондуктан, ушуларды көп колдоном. Бул кызмат Чехиядагы акча которуу системаларынын ичинен эң арзан, көпчүлүк мекендештер, мигранттар аны колдонушат.

Италияда иштеген мекендешибиз Бурмачач да Кыргызстанга негизинен contact, ria, westernunion аркылуу акча салат. Анын берген маалыматы боюнча, Westernunion аркылуу 1000 еврого чейин гана 3% менен жибере алышат. Андан көп суммага үстөк пайыз да көп алынат. Ошондуктан айрым учурларда бир эле кишинин акчасын бир нече адамдын атынан бөлүп жиберүүгө аргасыз болгон күндөрү болгон. Ал эми ria, contact системалары Италиянын көпчүлүк банктарында жок.

Кыргызстанга сырттан акча которуу жагынан Орусия, Казакстандан кийинки эле орунда Түркия турат. Түркияда жашап, иштеген кыргыздар мекенине кандай жолдор менен акча которушат? Бул суроо менен Түркиядагы кыргыз жана түрк ишкерлерге кайрылдык. Стамбулда үй кызматында иштеген кыргызстандык айым Түркиянын жергиликтүү акча которуу системасын колдонорун айтты:

- УПТ деген система бар. Кызматы арзан. Мисалы 100-500 доллар жиберсең беш доллар, эгер 1000 доллар жиберсек, 12 доллар төлөйбүз.

Түркияда ишкерлик кылган Каныбек мырза Westernunion акча которуу системасын колдонот. Аталган системанын бир кемчилиги - 2500 доллардан ашык жөнөтө албайт, андан көп суммага үстөк пайыз кымбат, дейт Каныбек:

- Westernunion менен жиберген учурда, жөнөтүлгөн күндүн эртеси ала алат. Бул Түркияда иштеген мигранттарга жеңилдик деп эсептесе болот. Мындай кызмат Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнө гана көрсөтүлөт.

Дагы бир түрк ишкери Кыргызстандагы бизнес-өнөктөштөрүнө акча жиберип турат. Ал акча которуу системасында Орусиянын “Золотая корона” системасын колдонот:

- Бул системанын Стамбулда бир-эки жерде офиси бар. Барып Бишкектеги адамдарыбыздын аты-жөнүн, телефонун жазып, акчаны жиберебиз. Эртеси алар Бишкектен оңой эле алып алышат экен. Бизге да ыңгайлуу болууда.

Ыңгайлуу, арзан...

Жогоруда айтып кеткендей, чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине акча жиберген учурда көбүнчө ортомчу ишкерлердин кызматынан пайдаланышат. Көбүнчө Кыргызстанга жүк жеткирген карго ишканалары акча жиберүүчү тарап менен алуучу тараптын ортосунда ортомчулук кылышат. Алар өз кызматы үчүн акы деле алышпайт, болгону алар үчүн жандуу акчанын болуп турганы пайдалуу дешет адистер.

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

Көз карандысыз экономист Искендер Шаршеев сыртта иштеп жүргөн мигранттар акчасын банктардын пайдасына жумшабай, көбүрөөк өлчөмдө туугандарына жиберип туруусу үчүн, ортомчу акча жеткирүү кызматтарынын иштеп турганы жакшы деп эсептейт:

- Негизи акчалай же болбосо тааныштар аркылуу жиберишет. Ал жактан алардын тааныштары өз чөнтөгүнөн берип коюшат. Ал эми “Золотая корона” системасы же башка системалар менен жиберүү үчүн кеминде 3% же 1% чейин төлөш керек. Банк менен жибериш үчүн 3% же 5% чейин жана андан да ашык болуп кете берет. Бул айтканда аз угулганы менен, белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны которгондо көп эле сумма чыгат. Ошондуктан, үстөк пайызга төлөнгөн акча тааныш ишкерлер аркылуу жиберген учурда мекендештерибиздин өздөрүнүн чөнтөгүндө калат. Мына ушундан улам, биздин алыскы чет өлкөлөрдө иштеген мекендештер банк кызматынан эмес, ишкерлердин кызматынан пайдаланышат.

Кооптуу, бирок кош тараптын тобокелдиги

Быйыл август айында Кытайдын Бишкектеги элчилигин жардырууга шектелген адамдар Стамбулдагы “Адал тур” жүк жеткирүүчү ишкананын акча жеткирүүчү кызматынан пайдаланып, ишкана кызматкерлери “террорчулукту каржылаган” деп шектелгендердин катарына кирип калышкан. Ушундан улам, ишкана акча жеткирүү кызматын дароо токтотууга аргасыз болгон. Маалыматтарга караганда, ошол окуядан кийин Түркиядагы карго ишканалары дээрлик баары акча жеткирүү кызматын токтоткон. Биздин мурда мындай кызмат көрсөткөн айрым ишканаларга байланышуу аракетибиз оңунан чыккан жок.

Элчиликке жасалган теракттын изи

Элчиликке жасалган теракттын изи

Мубарактын айтымында, өзү эмгектенген фирма аркылуу көп эле кыргызстандыктар мекенине акча жөнөтүп келген. 1-июлда которулган акчанын террордук максатта колдонулары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтты.

Эл аралык акча жүгүртүү тармагы боюнча адис Мурат Исмаиловдун “Азаттыкка” курган маегинд, карго ишканаларынын акча жеткирүү кызматын аткаруусу эки тарапка тең опурталдуу:

- Кыргызстанда көмүскө экономиканын пайызы абдан эле чоң. Ошондуктан, акча каражаттары көмүскө түрүндө өткөнү кандайдыр бир деңгээлде ишкерлер үчүн ыңгайлуу болуп жатса керек. Менин оюмча, алар ушундан улам, бул жолдорду колдонуп жатышат. Албетте, бул туура эмес, анткени мындай жол коопсуз да эмес. Көп эле фактыларды көрүп жатпайбызбы: жолдон уурдалыптыр, тонолуптур деген учурлар бар. Адамдык фактор болгон жерде баары бир кооптонуу болот. Себеби ортодогу алакалар, жанагындай формалдуу документтерге кол коюу менен камтылбаган жерде кооптонуу сөзсүз болот. Эки тарапка тең кооптуу. Ошондой кызматты сунуштап жаткандар бул кызматты легалдаштыруу менен коопсуздугун камсыз кылууну, өнүктүрүүнү ойлонушу керек. Кандай кылганда бул кызмат биздин ар кайсы категориядагы акча жиберүүчүлөргө жеткиликтүү болот, мына ушуну ойлонуп, башка жолдорун табуу зарыл.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы сегиз айда сыртта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 1 миллиард 260 миллион доллар которушкан. Бул өткөн жылкы сегиз айдын көрсөткүчүнө караганда, 143 млн долларга көп. Мунун ичинен 97% Орусия жана Казакстандан, калганы башка чет өлкөлөрдөн которулган. Адистер алыскы өлкөлөрдө иштеген мигранттар акчаны банк аркылуу жибербегени бул көрсөткүчтөрдөн да көрүнүп турганын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG