Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Питерде ордун тапкан мигранттар


Шаар тарыхый имараттары, өзгөчө түнү менен туристтерди өзүнө тартат.
Шаар тарыхый имараттары, өзгөчө түнү менен туристтерди өзүнө тартат.

Бүгүнкү күндө беш миллион калкы бар Санкт-Петербург шаарында расмий маалыматтар боюнча 12-13 миң, ал эми такталбаган маалыматтар боюнча андан эки эсе көп кыргызстандык мигрант эмгектенет.

Москвага салыштырмалуу Питерде батир арзан, эли боорукер делген менен мигранттар үчүн айлык азыраак. Орточо эсеп менен батирде бир орундук жер 3 миң рубль болсо, орточо айлык 20-25 миң рублди түзөт. Мекендештер көбүнчө курулуш, тамак-аш жана тейлөө тармактарында иштеп келишет.

Орус жарандыгын алып Питерге үй-бүлөсүн көчүрүп келип алган Улан Оморов шаар, жергиликтүү эл менен жуурулушуп кеткенин айтты:

Кандай гана майрам болбосун жердештер ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп турушат.
Кандай гана майрам болбосун жердештер ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп турушат.

- Өздөрү ниет кылып отурукташып калалы дегендерди билбейм, бирок аргасыздан калып калгандар бар. Кийин эмне болорун билбейм. Мен өзүм бул жакта убактылуу жүрөм деп эле ойлойм. Бул жакта батир арзан. Жумуш болсо азыр аз. Акчасы да аз. Мен орус жарандыгын алып алгам. Мага деле оор болууда. Мурда Кыргызстанга кенен барып келчү элем, азыр болсо кичине үнөмдөп калдым. Азыр аялым, балдарым Кыргызстанда. Бир аздан акча салып эле жүрөм. Мурда болсо өзүм эле барып-келип турчумун. Анан Москвада деле иштеп көргөм. Бирок бул жак менен ал жактын айырмасы чоң. Москва мага жага бербейт.

Былтыр Санкт-Петербургга 7 миллионго чукул чет өлкөлүк турист келип кетишкен. Алардын эсебинен шаардык бюджет толтурулгандыктан жергиликтүү бийлик чет элдиктерди чочутпоонун аракетин жасап келет. Шаардык администрация толеранттуулук боюнча атайын программаларды ишке ашырып, улут аралык мамилени тыкыр көзөмөлгө алат.

Сара Жапарова
Сара Жапарова

Ал эми мигранттарга болгон мамиле акыркы кезде мигранттардын арасында кылмыштуулуктун өсүшүнө байланыштуу өзгөрүп бара жатканын Санкт-Петербургдагы кыргызстандыктардын “Ариэт” коомдук уюмунун жетекчиси Сара Жапарова белгилейт.

- Питердеги эл - толеранттуу, демократ, боорукер эл. Булар блокаданы көрүп, элде боорукерлик сакталып калган. Ошондой эле аябай маданияттуу, жардам бергенге шашып турушат. Кыйынчылыктарга туш болгон мигранттарды багып алгандар да бар. Мисалы, бир аял өзбек келинди баласы менен багып жүрөт, бир профессор кыргыз баланы окутуп жатат. Бирок акыркы кезде кылмыштуулук көбөйгөнүнө байланыштуу мамиле бир аз өзгөрө баштады. Кыргызстандык мигранттардын арасында кылмыштуулук боюнча биринчи орунда каракчылык, экинчиде өзүбүздүн эле кыз-келиндерди зордуктоо, үчүнчүсү – уурулук. Ал эми жалпысынан, биз кылмыштуулук боюнча бешинчи орунда турабыз.

Москвадагыдай эле Санкт-Петербургдагы мекендештердин арасында деле балдарды бала бакчага, мектепке киргизүү, жашаган жерге каттоого туруу, мыйзамдуу жумушка орношуп, айлык алууда кыйынчылыктар бар. Ошондой эле кылмыштуулуктан сырткары таштанды ымыркайлар, шылуундарга алдангандар дагы кездешет.

Анткен менен Санк-Петербургда Москвага салыштырмалуу өз алдынча ишкердикке өтүп, чакан ишин ачып алган кыргызстандыктар чанда жолугат. Кыргыздардын Москвадагыдай өз алдынча медициналык борборлору, эс алуучу жана тамактануучу жайлары, кыргыз азыктарын саткан соода жайлары болбогондуктан Питердеги кыргыздар жергиликтүү калк менен көбүрөөк аралашып, камыр-жумур жашап келишет.

Азамат Мамышев
Азамат Мамышев

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы ардактуу консулунун жардамчысы Азамат Мамышев кыргыз диаспорасы жөнүндө кеп кылып, көбүнчө оор акыбалга туш болгон мигранттарга акчалай жана юридикалык жардам беришерин белгиледи.

- Көбүнчө ошол эле мекенге сөөк жөнөтүү, маяналарын алып берүү, жумуш таап берүү сыяктуу иштер менен алекпиз. Былтыр 12 кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга кетиргенбиз, быйыл жети кайрылуу болуп, алты сөөк жөнөттүк. Өлүмдүн себептери – жумуш ордунда кырсыктан каза болгондор, жолдо аварияда каза тапкандар жана суицид. Бизде чындыгында диаспора анча чоң эмес, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Диаспора деген бул коомдук уюм, көбүнчө чет жактагы ишкерлерден жана коомдук ишмерлерден түзүлөт. Питерде кыргыздар аз, ишкерлер саналуу. Ошондуктан, колубуздан келишинче жардам сурап кайрылгандарына каралашып жатабыз.

Мурунтан Питердеги мекендештерд арасынан каза тапкан жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү 100 миң рублдай чыгымды талап кылып, эң көйгөйлүү маселе болуп келген. Ушу тапта болсо, Мамышевдин айтымында, ритуалдык жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чыгымдар эки эсе кыскартылган.

Питердеги жумушка орношуу, миграциялык документтерди алуудагы бир топ жеңилдиктерге жана жергиликтүү калк менен жылуу мамилеге карабай, айлыктын аздыгынан чет элдик эмгек мигранттардын саны жалпысынан бир миллионго жетпейт.

Редакциядан: Санкт-Петербург шаарын кыргызстандык сүрөтчү Дастан Үмөттегин тарткан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG