Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Нарындан Вьетнамга сапар: Мирбектин жолу


Билимдин артынан сая түшүп 15 жашында мекенинен узак сапарга чыккан Мирбек Жолдошбеков Египеттеги төңкөрүштөн улам бизнесин уланта албай, Вьетнамда жашап калган.

Нарындын тоолорунда эле кызыл бет болуп өскөн жигитмин. Баштыкка жарма, нан салып алып кой кайтарып жүргөн кезимде жылдар өтүп Тынч океандын жээгинде жашап калам деп ойлоду дейсизби?

Эгемендиктин алгачкы жылдары Кыргызстан Түркия менен билим берүү жаатында келишим түзүп, бизден балдар тандала баштады. Ал кезде 15 жаштагы окууга дилгир бала элем.

Бактым бар экен, чет жерден билим алчулардын арасына мен да кошулуп калдым. Бирок ата-энем айылдан ары чыкпаган баласын жалгыз жибергиси келбеди. Ал кезде заман да башка эле, эл өп-чап турмуш кечирип жаткан. Чынында, ата-энем Түркия кайда экенин деле билишпесе керек эле. Ошентип билим сапарым башталбай жатып соңуна чыкчудай болуп калды.

Гимн жазган чабан

Чоң атам тоодо мал кармаган чабан эле. Өмүр бою айылда жашап өтсө да, гезитти үтүр-чекитине чейин окуган сабаттуу киши болчу. Ата-энем макулданбай жатканын уккандан кийин, мени эл-жер көрүп көзү ачылсын, мударис болсун деп көндүрдү.

Мага Константинопол, Осмон империясы тууралуу айтып берип, кызыктырып салды. Туш тарабынан тоо курчаган жерде өскөн жаным, деңиздеги кемелерди, бийик-бийик мунараларды элестетип, көксөөм оргуштап турду.

Уруксат этсеңиз, чоң атамдын бир окуясына токтоло кетейинчи. Анткени мен анын алдында карызмын.

Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенден кийин улуттук символикаларга конкурс жарыяланат. Чоң атам чабан болгону менен ыр түрмөктөй калган жайы бар эле.

Гимнге ылайыктап сөз жазып, жөнөтүп жиберет. Сынактын шарты боюнча, ырлар конвертке салынып, автордун аты-жөнү көпчүлүккө билинбестен, катар сандар менен белгиленет. Өлкөнүн туш тарабынан каттар жааса керек.

Ошончонун арасынан тандалып отуруп акырында үч текст калат. Ар биринин өз өзгөчөлүгү бар экен. Комиссия мүчөлөрү үч авторду чогуу иштетип, ортодон бирдиктүү текст чыгаралы деген чечимге келет. Авторлорду ачыкка чыгарышса бири алп акын Жалил Садыков, мугалим Шабданбек Кулуев, үчүнчүсү чабан Саидин Миназаров экен. Ушул жерде да "мамлекеттин гимнин койчуманга жаздырмак белек?" деген саясат ойноп кеткенби, айтор, чоң атамды акчалай сыйлап, кайра жөнөтүп жиберишет. Айылдык адамдын байоолугун караңызчы, атым тарыхта калсын деп жулунбастан үйүнө кете берген экен.

Күтүү менен өткөн күндөр...

15 жашымда Стамбулга келип, медреседе окуй баштадым. Диний да, светтик да билимди чогуу алдым. Медресени аяктагандан кийин университетке тапшырып коюп, Кыргызстанга кайттым. Окууга өтөөрүм, Түркияга кайрылып келерим белгисиз эле. Сыртыман билгизбегенге аракет кылганым менен ичим уйгу-туйгу. Ата-энеме да сыр бербедим. Кыргызстанды канчалык сүйбөйүн, чет өлкөдөн алчу нерсемди али толук ала электигими туюп жүрдүм. Күндөрүм күтүү менен өтө баштады.

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым

Олчинбек Рахманов Нигериядагы жалгыз кыргызстандык мугалим. Ал баш калаа Абужада жергиликтүү окуучуларды математикадан дүйнөлүк олимпиадаларга даярдайт.

Измир шаарындагы Эге университетине кабыл алындыңыз деген кабар келди. Өз күчүм менен өтүп жаткандан кийин асманда калкып жүргөндөй эле абалда жүрдүм.

Кызыктын баары окууга киришкенден кийин башталбадыбы. Эки жылда түрк тилин жакшы эле өздөштүрдүм го деп жүргөм. Кайдан... Бирин жазайын десең экинчисине жетишпейсиң. Мугалим менен студенттер эски тааныштардай эле сүйлөшүп отурушат. Сен болсо оюңду так түшүндүрө албайсың.

Бирок жаштайыман чет өлкөдө өз киндигимди өзүм кесип, жалгыз жүргөндөн кийин өжөр, тырышчаак болуп калган окшоймун, ошол сапаттар көп жардамын берди. Окуу жылынын башында стартты кеч баштасам да, кашкөйлөнүп жатып марага башкалар менен тең келдим.

Жайкы каникул маалында Антальяда фотограф болуп акча тапчумун. Ал кезде сүрөтчүлүктү жан багуунун убактылуу гана жолу катары карачумун. Фотоаппарат мени чөлгө да, деңизге да жеткирерин аңдаган эмесмин.

Египеттеги төңкөрүш, токтогон бизнес...

Окууну аяктагандан кийин мекениме келип жеке ишкерлик менен алпурушканга аракеттендим. Тилекке каршы, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн билбейминби же чет өлкөдөгүдөй эле элестетип алганмынбы, кыскасы, ишим жүрүшпөдү. Баягы эле бюрократия, тааныш-билиш көйгөйү, коррупция жүдөтүп жиберди. Бул жерге көп токтолгум келбейт, эстегенди да жактырбайм.

Студент кезде сүрөтчүлүк менен жан бакчумун дебедимби. Кайра эле фотоаппаратымды алып Египеттин Хургада шаарына жөнөп кеттим. Анткени бул шаар Кызыл деңиздеги туристтердин чордону. Мейманканадан жай алып, фотосалон иштете баштадым. Эс алуучулардын басымдуу бөлүгү орусиялыктар, төрт мезгил аягы тыйылбайт. Итим чөп жей баштады.

Мен жайбаракат иштеп жүргөнүм менен Египетте эл толкуй баштады. Каирде, Александрияда толкундоолор улам күчөп, төңкөрүшкө айланып кетти. Мамлекетти отуз жыл башкарган Мубарактын (Хосни Мубарак - ред.) режими кулап, мен тарыхтын күбөсү болуп калдым.

Өлкөдөгү башаламандыктан улам туристтердин агымы кан буугандай токтоду. Иш токтоп калды. Кыргызстан эки революцияны башынан кечирген мезгилге өз көзүм менен күбө болбосом да, ошол мезгилде ишкерлер кандай зыян көргөнүн, анын жүзүнөн казынага оор сокку болгонун, андан карапайым эл кыйналганын элестетип, зээним кейийт.

Акырындык менен ишимди бир нукка салып, калыбына келтирип алдым. Бирок ыңкылапка да туруштук бергеним менен акчалуу бизнесменге каршы чыга алган жокмун. Ижарага иштетип жаткан отелдеги ордума түрк ишкери кызыгып туруп алды. Акысын ашыкча төлөйм деп айламды кетирди. "Башка жерде жай түгөнгөнсүп, эмне эле менин ордума кызыгып калдың, бул эмне кылганың?" десем, “бизнестин мыйзамы ушундай” деп алакан жаят. Аны да түшүнөм. Кызым англисче, арабча окуп калган эле. Болгон дүнүйөмдү сатып, үй-бүлөмдү Кыргызстанга жөнөттүм.

Эмгекчил элдин жеринде

Колуңдагы наныңды жулдуруп, эртеңиң бүдөмүк болгон учурду баштан кечирген адам катары, мындай абалды башкаларга каалабас элем. Мекениме кайтайын дейм, ишкердикте "оозумду күйгүзүп алгам". Андан бери абал жакшырбаганын билем. Бирок моюбадым.

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Кытайга билим алууга барган чет өлкөлүк студенттерге виза менен окуусунан тышкары кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган.

Талаада жалгыз болсоң өзүңөн башка кимге ишенесиң? Аюу деле циркте велосипед тээп жүрбөйбү. Адамдын колунан келбеген иш болчу беле? Ушинтип өзүмө кайрат берип жүргөн маалда, Вьетнамга кеткен досум менен сүйлөшүп калдым. Ал ресторан иштеткенге жетишип калган экен. Анын чакыруусу менен фотоаппаратымды колтуктап баса бердим.

Чөлдүү Египеттен жамгырлуу Вьетнамга ошентип келип калгам. Мисирде жамгырды бир жылда бир көрсөң, бул жакта күн алыс эле жаан жаайт. Өзүм да жамгырды жакшы көрөм.

Вьетнам таптакыр башка дүйнө. Эл барбаган жунглиде, чакан аралда жалгыз жашаган аскеттер көп. Эли мээнеткеч, аракетчил. Таң куланөөк аткандан каш карайганга чейин эмгектенет. Кыргызстанга барып калганда Вьетнамдамын десем, “байкуш, кедей өлкөдөн турбайсыңбы” деп аяшат (күлүп).

Күйгөндөн айткан кебим, Кыргызстан Вьетнамга жеткенге чейин көп бар. Булар туризмди жакшы жолго салып алган. Ал экономикасынын локомотиви. Биз туризм тармагынын потенциалын толук колдоно алдыкпы? Шаарларында чокусун карасаң, калпагың кулагыдай болгон бийик имараттар көбөйгөндөн көбөйүп баратат.

Учурда Нячанг шаарында турам. Фотосалондон баштаган ишмердүүлүгүм ирденип, бизнесимди бутактантып алдым. Тейлөө тармагында кызмат көрсөтөбүз, анткени чет элдиктер үчүн Вьетнам экзотикалык өлкө. Алигүнчө толук изилдене элек, адам буту баспаган жерлери да бар.

Ички туризм да жакшы өнүккөн, үзгүлтүксүз иштейбиз. Ден соолукка пайдалуу чөп-чарларды, крокодилдин терилерин чет өлкөгө экспорттойм. Баары мыйзам чегинде. Бул жакта деле коррупция аздыр-көптүр бар. Бирок документтерге так болсоң, кыйынчылык көрбөйсүң. Жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып жатам. Муну мактангандык катары көрбөңүздөр. Бирок мен Вьетнамдан нан таап жеп жаткандан кийин бул элге милдеттүүмүн деп эсептейм.

Египетте бизнесимди тарттырган кезде, Кудайга “мени эмнеге кыйнадың” деп жалбардым эле. Бирок жашоодо эч нерсе жөн жерден болбойт экен. Мен кеткенден көп узабай, Шарм-эш-Шейх шаарында учак кулап, туристтердин агымы солгундай түштү. Мейманканалар иштебей, тейлөө тармагында иш жүрүшпөй калды. Бул учурда мен Вьетнамда иш баштап калган элем.

Мекенимде уя салсам...

24 жылдан бери чет жерде жүрөм. Дүйнө таанымым өзгөрдү, жашоого көз карашым калыптанды. Бирок кыргыздын салтын көп көрбөй өстүм, жашоо образынан алыстап кеттим. Тамагын тое жебедим, суусунан кана ичпедим. Ошого ичимде өкүт бар.

Тажадым деп деле айта албайм, бирок мекенимде да уямды салайын, өз очогумдан тамак ичейин деп чечтим. Буюрса алдыңкы жылдары өз элиме кызмат кылып калам.

15 жаштагы кызыл бет бала дүйнө кезген сапары мынчалыкка созуларын билди дейсизби... Кантсе да саякатым кызыктуу болду. Вьетнамдын башаламан көчөлөрүн, түшүнүксүз тамактарын, башында кулактын кужурун алган, бирок бат эле көнүп кеткен кыжы-кужу тилин сагынарым шексиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG