Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:25

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым


Олчинбек Рахманов Нигериянын эң мыкты деп тандалган окуучулары менен. Нигерия, 2015-жыл.

Олчинбек Рахманов Нигериядагы жалгыз кыргызстандык мугалим. Ал баш калаа Абужада жергиликтүү окуучуларды математикадан дүйнөлүк олимпиадаларга даярдайт.

Африкага карай жол...

“Африкага түшүмөн чочуп эле келип калган жокмун. Мектептен кийин Түркиянын Бурса шаарындагы “Улудаг” университетине математика бөлүмүнө тапшырдым. Келип, Жалал-Абаддагы кыргыз-түрк лицейинде мугалим болуп иштеп жүрдүм. Так илимдерге жөндөмдүү балдарды математика боюнча эл аралык сынактарга даярдап, дүйнөлүк аренага алып чыкчубуз. Ошол олимпиадалар маалында африкалык балдар менен таанышып, сүйлөшүп калган жайым бар. Абдан шайыр келишет. Көрүнгөн жерде эле ырдап-бийлеп жүрө берген жайдары эл катары таасир калтырышкан.

Жыргап-куунап жүргөн балдар менен сүйлөшүп калгандан кийин Африкада иштеп келсемби деген ой мээмде кылт эткен болчу. Бирок убагында көңүл деле бурган эмес элем. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин баягы ой кайдан-жайдан кайра пайда болду. Чет жактарга көп чыгып, өзүңө жаңы дүйнө ачып алгандан кийин бир ордуңда жай алып, отурукташып калуу оор болот окшойт. Дегдеп алган жүрөктү суутуш кыйын болду.

Жетекчиликке “тажрыйба топтошум керек, Нигерияга которгула” деп арыз жаздым. Анткени Африкада да “Жоогазын” деген түрк лицейлери бар, мыктысы Нигерияда болчу. Арызымда “тажрыйба топтоо” деп жазылганы менен, анын артында башкаларга сөз менен жеткире алгыс себептер бар эле. Аны мага окшоп башынан өткөргөндөр гана түшүнсө керек.

Кайын-журтумду көндүрүү, жетекчиликтен уруксат алуудан да кыйын болбодубу. “Киши жегичтин, балээнин баары Африкада. Ал жактын абасынан деле ооруп каласың” деп ыйлап-сыкташты. Аялым Оштон ары чыга элек болчу. Колубузда алты айлык кызыбыз бар.

Жетекчилик уруксат берген жок. "Бул жактагы балдарыңды кантесиң?" дешти. Чынында эле окуучуларым эл аралык деңгээлде ийгиликтерди багынтып жатышкан. Ордумду ээлей турган мугалим табылганча бир жылга калып кеттим. Кийинки жылы гана жазган арызымды канааттандырышып, Нигерияга жол ачылды.

Көптөн күткөнүм оңунан чыкканы менен кайын-журтумду көндүрүү, жетекчиликтен уруксат алуудан да кыйын болбодубу. “Киши жегичтин, балээнин баары Африкада. Ал жактын абасынан деле ооруп каласың” деп ыйлап-сыкташты. Аялым Оштон ары чыга элек болчу. Колубузда алты айлык кызыбыз бар. Кайындарымды алдап-соолап жатып, акыры көндүрдүм. Эмчектен чыга элек кызым климатты көтөрө алабы, безгекке чалдыкпайбы деген суроолор гана кооптондурду.

Бакыт издеп...

Асфальтты көзөп чыккан бутак бакыйган даракка айланганын көрдүңүз беле? Максаттуу адам деле ошол дарак өңдүү болот экен. Албетте, үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлобой, өз кызыкчылыгын көздөп ата-жотосу көрбөгөн Африкага кетип калыптыр деп ойлошуңуз мүмкүн.

Бирок мүдөөңө жетүү үчүн тобокелге барууга туура келет. Менин мүдөөм татыктуу өмүр сүрүп, бактылуу болуу. Ар кимдин баалуулуктары ар башка.

Африкада дарак эгип жүрөм, ата-жотом көрбөгөн жерде Олчинбектин изи калат деп тамашалайм. Математик болгонум менен жан-дүйнөм сезимтал окшобойбу.

Айрымдар үчүн байлык топтоп, кадыр-барк күтсө, айланасындагыларга беделдүү болсо ошол бакыт. Андай адамдарды сындоого акым жок. Мен болгону бакытты башкадан издедим.

Окуучуларыма тригонометрияны эле үйрөтө бербестен, турмуштук таалим-тарбия берүүгө аракет кылам. Жок дегенде бир окуучуну агартып, таасир бере алсам жаман эмес. Кийин ал да башкаларга үйрөтсө деп тилейм. Бул деле жерге үрөн сепкендей иш. Дарак сымал бутактанып, анын тамырынан башка бир дарак өсүп чыгып чытырман токойго айланса жакшы эмеспи. Ошондуктан Африкада дарак эгип жүрөм, ата-жотом көрбөгөн жерде Олчинбектин изи калат деп тамашалайм. Математик болгонум менен жан-дүйнөм сезимтал окшобойбу.

Мен көргөн Африка...

Нигерияга 2011-жылы келдим. Ошол убактарда террористтик “Боко харам” уюму калктын жүрөгүнүн үшүн алып, өлкөдө диний коогалаң болуп турган мезгил болчу. Жоопкерчилик сенин моюнуңда болгондон кийин үй-бүлөң үчүн кооптонот экенсиң. Алгачкы убактарда көчөлөрдү көп аралабай, элге аралаша албай жүрдүм.

Мектептин короосунан көп чыкпаганга жумушума берилип, баш-отум менен кирип кеттим. Жаңы класстарга кирерде дүйнөнүн картасын такай алып жүрчүмүн. Кыргызстанды көрсөтүп бере алгандарга сынактардан упай кошуп берип жүрүп кайдан келгенимди үйрөттүм. Азыр сурасаңыз, көзүн жуумп туруп Ошту так көрсөтүп бере алышат.

Нигерия убагында Британ империясынын карамагында болгондуктан англис тили расмий тил. Бирок өздөрүнө ылайыктап жөнөкөйлөштүрүп “пиджин тилин” чыгарып алышкан. Пиджинде грамматиканы эске албайт, 200дөн ашуун уруу бири-бирин эптеп түшүнсө болду. Бир чети бул ыңгайлуу, түшүнбөстүктөрдөн арылтат. Мен азыр пиджинде түш жоруйм. Андан тышкары окуучуларым ар кайсы уруулардан болгондуктан, алар менен жакын болуу үчүн эң ири саналган хауса, игбо, йоруба элдеринин тилинде ал-жай сурашканды үйрөнгөм. Ата-энелери менен сүйлөшүп калсам маңдайлары жарыла сүйүнүп, ыраазы болушат.

Бул жактагы чет өлкөлүктөрдүн көбү ири компанияларда иштегендер. Алар жергиликтүү эл менен көп деле аралаша бербейт. Майда-барат жумуштарына чейин жардамчыларын жумшап турушат. Мага тескерисинче базардагы ызы-чууга аралашып, автобустагылар менен түртүшүп-жөөлөшүп жүргөн жагат. Көпчүлүккө жуурулушуп, баарлашкандан ыракат алам.

Жаңы класстарга кирерде дүйнөнүн картасын такай алып жүрчүмүн. Кыргызстанды көрсөтүп бере алгандарга сынактардан упай кошуп берип жүрүп кайдан келгенимди үйрөттүм.

Голливудга үндөштүрүп, жергиликтүү кино индустрияны “Нолливуд” деп атап алышкан. Аларды кызыгуу менен көрөм. Анткени калктын кулк-мүнөзүн, менталитетин үйрөнүүдө кино деле чоң жардам берет. Африкада десе эле курал-жарак көтөргөн кылмышкерлерди, ыплас гетто көчөлөрдү элестеткен түшүнүктөн арыла элекпиз.

Айтыңызчы, дүйнөнүн кайсы бурчунда терс көрүнүштөр кездешпейт экен? Кайсы жер эле чар тарабы келишкен Гүлстанга айланып кетиптир? Нигерияда эле баары жакшы дегенден алысмын. Жүрөк өйүгөн көрүнүштөргө кез-кез туш келип калам. Бирок кеп анын баарын кандай кабыл алышат.

Бир чымчыктын уясынан каңылжарды жарган жыт чыгат экен. Жагымсыз жытка чыдабай, уя которуптур. Баягы ис ал жерде деле бар экен. Чыдабай, канаттуулардын төрөсүнө барып арызданыптыр. Ал кунт коюп уккандан кийин: “Укчу, балким ошол жыт сенден чыгып жүрбөсүн” деген экен. Айтайын дегеним, өзүбүздү оңдобосок, Африка болобу, Антарктида болобу жагымсыз жагдайларды таба беребиз. Сен дүйнөнү кандай кабыл алсаң, дүйнө да сага ошондой мамиле жасайт.

Африкада эки кыргызстандык жолукса эмне кылат?..

Нил университетинде мугалимдердин конференциясы болуп калды. Африканын башка өлкөлөрүнөн да делегаттар келишти. Ага чейин Буркина-Фасодо Кыргызстандан бирөө иштейт деп уккан жайым бар. Ал да катышарын кабарлашкан болчу. Чынын айтсам, көп жылдан бери көрүшпөгөн бир тууганымды күткөндөй эле күттүм. Акыры жолуктук.

Элестетсеңиз, сүйлөшө келсек, Жалал-Абадда иштеп жүргөндө ал агайдын бир тууган инисин окутуптурмун. Дүйнөнүн тардыгын караңызчы. Эки кыргыз жолугуп калса эмне кылат? Албетте дасторконго чакырат. Үй ээси катары аш демдеп, конокко чакырдым. Чер жазыша сүйлөштүк. Ал да Буркина-Фасодогу жалгыз кыргыз экен.

Кайрылып келем...

Алты жылда окуучуларым эл аралык олимпиадалардын, долбоорлор жарыштарынын колосун да, күмүшүн да, алтынын деле тагынышты. Аны жазсаңыз өзүнчө бир барак болот. Ийгиликке жеткен окуучуларды өлкөнүн премьер-министри куттуктап, сыйлайт. Бул жакта туруп мен сүйүнөм.

Түштүк Африка Республикасынан сунуш түшкөн. Бизге келип иште деп чакырышты. Бирок ордумду ээлей турган адам жок болгондуктан кетпей жүрөм. Нигериядагы түрк лицейлери деле акырындык менен жергиликтүү мугалимдердин карамагына өтүп, чет элдик мугалимдер мекенине кайтып жатышат. Мен мындан ары да билим саякатымды улаймынбы же сапарым карып кайтамынбы белгисиз. Мен үчүн өз же жат окуучу жок.

Башында безгекке чалдыкпайбы деген кызым азыр мектепке барып калды. Мектепте англисче окуйт, үйдө кыргызча, өзбекче сүйлөшөбүз. Үйрөнсүн деп атайын орусча мультфильмдерди коюп берем. Африкадан издегенимди таптым деп ойлойм. Мезгил өтүп, бул жактагы окуучуларымдан кабар алганы келем деп ишенем. Мен отургузган "көчөттөр" кандай дарак болгонун көрүшүм керек да.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG