Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

“Боко харам” барымтадагы 200 кыз-келиндин 21ин бошотту


Туткундан бошотулган кыздар баш калаа Абуджадагы президенттин резиденциясына келишти.
Туткундан бошотулган кыздар баш калаа Абуджадагы президенттин резиденциясына келишти.

“Боко харам” экстремисттик тобу эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун жана Швейцария өкмөтүнүн ортомчулугу менен барымтадагы 200 кыздын 21ин бошотту.

Алар 2014-жылы Нигериянын Чибок шаарында уурдалган. Ал жакта “Боко харам” халифат орнотуу максатында төңкөрүш уюштурган. Кагылышуулар маалында миңдей адам өлүп, эки миллионго жакын адам үй-жайын таштап, башка жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон.

“Мен аларды бир саат мурда тосуп алдым, бардыгынын абалы жакшы”,-деди Нигериянын вице-президенти Йеми Осинайбо. Кыздар баш калаа Абуджага жеткирилгени кабарланды.

Экстремисттик уюмдун барымтасында ар кандай маалыматтар боюнча дагы 200дөй кыз-келин бар.

XS
SM
MD
LG