Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

Түркиядагы мекендешибиз Аскар Акаев "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына Бишкекте парк куруу боюнча сунушун жазды.

Эсимде, мен анда алты жашта болчумун. Оюн дегенде эс-учумду жоготуп жүргөн кез. Ошондой күндөрдүн биринде дос балам Жер шарын кыдырып келбейлиби деген сонун сунуш киргизди. Урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай турган жаным дароо макул болуп, узак жолго аттанып кеттик. Экөөбүз баарын унутуп калып, алыс жакта ойноп жүргөн чакта апам мени таппай калып, ызы-чуу түшүп, милиция чакыртып, издеп жүргөнү оюма да келген эмес.

Өткөн кылымдын 80-90-жылдары төрөлгөн баланын ар биринде ушундай окуялар жүздөп саналат, туурабы? Чайыр сагыз чайнап, тизебизди канатып, бетибизди жарып эле жүрчү эмес белек.

Арадан жылдар өтүп, мен эми өзүм да үч баланын атасы болдум. Алардын бала чагы планшет, видеороликтер, телевизор, компьютер, деги койчу, бүт эле техникага байланып калган. Планшетин тартып алсаңар телевизорду карашат, телевизорду өчүрсөң сотканы чукулашат. Сыртка чыгып, бизге окшоп таза абага дем алып, жыгылса туруп, урушса жооп кайтарып же тил табышып, башка балдар менен байланыш түзүү деген такыр аз.

Мына ушул нерсеге жүрөк ооруп, жагдайды эмне кылып оңдош керек деп башымды катырып жүргөн чакта Чехиянын ордо калаасы Прагага барып калдык. Биз жашаган райондо Рейгрови Сады деп аталган сейил бак бар экен. Үчтөгү уулубуз да, тогуз жаштагы кызыбыз да сейил бакты көрүп эле көздөрү жайнай түштү. Себеби анын түзүлүшү түрдүү жаш курактагы балдарды өзүнө тартып турат экен.

Адегенде эле оюн аянтчаларынын маанисине токтолсом.

Оюн аянтчалары балдардын психологиялык жана дене тарбиялык өнүгүүсүндө ролу чоң экени талашсыз. Анткени оюн ойноо ар бир жаш баланын маанилүү табигый муктаждыктарынын бири. Анын үстүнө аянтчаларга оюн ойноого келген балдар өз ара байланыш куруу аркылуу коом ичинде бир жарандык сезимдерди түптөөгө алгачкы кадамдарын ташташат. Аянтчаларда оюнчуктардын айланасында кыймылда болуу, башка балдар менен бирге ойноо балдарда психологиялык жана физиологиялык өнүгүүнү камсыздайт. Андыктан оюн парктардын курулуштарынын туура пландалышы, дизайны, түзүлүшү жана убагында тазалоо иштеринин жүргүзүү өтө маанилүү. Демейде балдар аянтчалары парктардын ичинде жайгашат, себеби бак-шактуу жердеги таза жана салкын аба балдарга пайдалуу эмеспи.

Мен өзүм 22 жылдан бери Түркияда жашап, анын 10 жылын балалуу бүлө болуп, Прагадагыдай ар тараптуу пландуу парктарды аз кезиктиргем.

Прагадагы биз кыдырган парктардын баарында атайын стандарттар сакталган. Балдарга керектүү негизги шаймандардан тарта ажаткана, кол жуучу жай, парктын кароолчусу үчүн бөлмөгө чейин баары каралган. Кароолчу сейил бактагы коопсуздукту жана көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн саат сайын анын айланасын текшерип турат. Парктардагы ыңгайлуулуктарды көрүп, биздин Кыргызстанда балдар үчүн аянтчалардын болбогону өкүндүрдү.

Кыргыз Республикасынын статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, шаарда жашаган 0-9 жаш аралыгындагы балдардын саны 450 миңди түзөт. Тилекке каршы совет мезгилинде жасалган оюн аянтчалары талкаланып, кээ бирлеринин ордуна көп кабаттуу үйлөр тургузулуп да калган. Ошондуктан бул курактагы балдардын басымдуу бөлүгү бош убактыларын смартфондорду чукулап же телевизордун маңдайында өткөрүүдө. Мындай убакыт өткөрүү балдардын кыймыл аракетин азайтып, ар тараптуу өрчүшүнө тоскоолдук жаратары бышык.

Кыргызстанда оюн аянттары соода-сатык борборлорунан же кафе ресторандардан башка жерлерде жокко эсе. Анын үстүнө оюн аянчалар төлөм алышат жана жетишсиз. Замандын талабына ылайык болгон оюн аянтчаларын Кыргызстанда курууга эмнеге болбосун?

Бишкек шаардык мэриясынын 2017-жылкы инфрастуктурасын өнүктүрүү планында акысыз оюн парктары жөнүндө эч кандай маалымат жок экен.

Мисалы, Бишкекте жайгашкан төрт райондун ар бирине экиден атайын балдар үчүн заманбап оюн парктары курулса, балдардын сыртка чыгып, социалдашуусуна чоң түрткү болмок. Ошондуктан Бишкектин үлгүсүндө оюн бактарын түзүү үчүн каражатты топтоонун жолдорун тапса болот. Алсак, мэрия Бишкекте көп кабаттуу имараттардын куруп жаткан компаниялардан ар бир тургузулган имарат үчүн алардан ошол райондо балдар үчүн аянтча курууну талап кылуусу керек.

Курулуш компаниялары үчүн оюн аянтчаларына коротулган каражат чоң сумманы түзбөйт. Алар балдар үчүн парктарды куруп бүткөндөн кийин бул талапты жолдорду оңдоого же инфраструктураны көтөрүүгө колдонууну улантса болот.

Сейил бактарды куруу максатында Дүйнөлүк банкка долбоор жазып же Европа өнүгүү банкына кайрылып каражат алса да болот. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мэрия долбоор жазган адистерди жардамга чакыруусу кажет.

Каражат бөлүнүп, балдар аянтчалары ишмердүүлүгүн баштаган соң, бул аянттардын тазалык жана көзөмөлү үчүн мэриядан ар бир аянтчага кароол дайындалышы шарт. Бул чара аянтчалардын узак мөөнөткө колдонууга жана ал жердин балдар үчүн коопсуз жайга айланышын камсыздайт. Андан сырткары сейил бактар төрт тарабынан чеп менен тосулуп, алкоголдук жана чылым заттары менен кирүүгө тыюу салынып, аянттын ачылыш жана жабылуу сааттарынын тартибин түзүп, бул жоопкерчиликти кароолчунун милдеттерине кошуу абзел.

Аскар Акаев, Түркия, Стамбул шаары

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG