Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:33

Түркиянын Эскишерхир шаарында Анадолу университетинде магистратурада билим алып жаткан Элиза Шаева "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына студенттик жатаканаларды инновациялоо боюнча өз сунушун жазды.

Сентябрь айы жакындап, эми гана жогорку окуу жайлардын босогосун аттаганы турган айылдык же башка шаардан келген ар бир студент, окуй турган шаарында турак жай караштырып, жаңы жердин тамагына, жашоо шартына кантип көнүп кетерин ойлоп, сарсанаа болуп жаткан чагы.

Ал эми студенттик күндөрүн жатаканада жашап, жашоонун ар кыл түйшүгүн тартып, жаштыгынын эң көрктүү жылдарын ошол студенттик жатаканада өткөргөндөр үчүн “жатакана” дегенде эң биринчи эсине эмне келээр экен? Эскилиги жеткен бөлмөлөрүбү, кара курсак кайгысыбы же аудиториядагы “парталарбы”?

Орто мектепти аяктап, Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” университетине өтүп, ал жакта окуп жүргөн жылдары үйгө барган сайын кошуна-колоң, тууган-туушкан болобу, баарынын эле мага боору ооруп: “Жаш кезде кыйналып окусаң, мөмөсүн кийин көрөсүң” деп жубаткан сөздөрүн айтып калышчу. Алар бул сүйлөм аркылуу билим алуудагы кыйынчылыкты эмес, жатаканадагы студенттик жашоону айтышчу экен, кийин баамдасам.

Көрсө, алар бир күнү ачка, бир күнү ток болуп, кыштын суугунда тоңуп, бир кичинекей бөлмөдө төрт киши тыгылып, жатакананын ашканасында картөшкө кайнатып жан багышат деп ойлошчу тура.

Бишкекте жакындардын үйүнө конокко барып калсам, “Келип, кир-когуңду жууп, мончого түшүп, жакшылап тамак ичип кет!” деп калышчу. Аларга “Манас” университетинин жатаканасында түзүлгөн шарт Бишкектеги же Кыргызстандагы башка университеттердин жатаканаларынан алда канча жакшы жана өзгөчө экенин түшүндүргүчө, бакалаврдык даражаны да бүтүрдүм.

Азыр Түркиянын Эскишехир шаарында жайгашкан Анадолу университетинде магистратурада окуп, мамлекеттик жатаканада жашайм. Бирок алигиче, “Ай, дагы деле жатаканалап жүрөсүңбү?”деген адамдар четтен табылат. Анткени биздин (Кыргызстандын) университеттеринин жатаканалары көпчүлүктүн оюнда терс образда сакталып калган. Мунун жөнү бар.

Дегеним, чындап эле Кыргызстандагы жатаканалардын шарты начар жана бул көйгөй дагы деле көмүскөдө калып жатканы өкүндүрөт.

Мына ушундай чакта жатаканаларды инновациялоо боюнча өзүм жашап, күбө болгон Түркиянын тажрыйбасынан бөлүшүүнү туура көрдүм. Анда кеп башынан болсун.

Калкы 80 миллионго жакын болгон Түркиянын 180 университетинде 7 миллион 200 миң студент билим алат.

Жыл сайын университет тандоо жана жайгаштыруу сынагына (Түркчөсү, Öğrenci Seçme ve Yerleştirme Sınavı (ÖSYS) орто эсеп менен 2 миллион окуучу кирет. Алардын 1 миллион 300 миңи университетке өтүү үчүн жетишерлик балл топтогону менен кийинки турларда эленип отуруп, 793 миң абитуриент гана толук кандуу студент болуу укугуна ээ болот.

Түркиянын 80 шаарынын ар биринде болбоду дегенде бир университет бар. Университеттер шаарлардын инфраструктурасын көтөрүү, шаардагы жашоону жандандыруу жагынан алганда шаардын өнүгүшүнүн локомотиви катары каралат.

Алдыңкы университеттерде билим алууну көксөгөн окуучулар ички миграциянын негизин түзүүчүлөр десек жаңылышпайбыз. Мисалы, Эскишехирге окшогон студенттик шаарларда башка өлкөлөрдөн жана Түркиянын башка шаарларынан келген студенттер шаар тургундарынын санынан эки-үч эсе көп.

Түркияда мамлекеттик университеттерде билим берүү акысыз, бирок студенттер үчүн жатаканасы барлары өтө аз. Себеби студенттер үчүн стипендия, турак жай, жатакана маселеси үчүн университеттер эмес, өкмөт жооптуу.

Жаштар жана спорт министрлигинин бир канаты студенттерге гранттык жана кредиттик түрдө стипендия берүү, дагы бир канаты студенттерди кабыл алынган университетине жараша мамлекеттик жатаканаларга жайгаштыруу менен иш алып барат.

Мамлекеттик жатаканалар университеттердин шаардагы калктын жыштыгына ылайыктап салынган. Өлкөдө жалпысынан 727 жатакана курулуп, 600 миң студентти түнөк орду менен камсыз кылат.

Мамлекеттик жатаканаларга жайгашуу, студенттин университетке кирүү сынагында алган упайы, үй-бүлөсүнүн экономикалык абалы, үй-бүлөдөгү студент баланын саны, студенттин окуп жаткан университетинен кичи мекенинин алыс жайгашуусу ж.б.у.с. критерийлерге жараша кабыл алынат. Кабыл алууну электрондук түрдө жүргүзүшөт. Анткени бул эсептөө системанын так жүргүзүлүшүн камсыздайт.

Жатаканаларда жалпы жонунан белгилүү стандарттарды бирдей деңгээлде тутууга аракет кылышат. Бул борбор калаа Анкарадагы жатакана менен өлкөнүн чыгышында орун алган Газиантептеги жатаканда түзүлгөн шарт бирдей дегенди билдирет.

Жатаканаларда студенттер үчүн керебет, сабак окуган стол, душ жана жатакана, кир жууган жай, 24 сааттык интернет, тамактануучу ашкана пайдаланууга берилет.

Ал эми эскерте кетчү жагдай, жатаканага студент жайгаштырылгандан мурда анын студенттик жеке номуру жана бармак изи алынат. Бул жатаканага кирип-чыгуу, тамак талонун колдонуу, китепканадан китеп алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр жеңилдетилген нукта ишке ашырылуусу үчүн түзүлгөн система.

Мындай система студенттердин жатаканада колдонулган эрежелерге (жатаканага өз убагында кирүү, талон колдонбоо сыяктуу) баш ийүүсүн, тартипти бузбоосун да шарттайт.

Бардык жатаканаларда кыз жана эркек студенттер үчүн бөлөк имараттар курулган. Мындан сырткары жатакана үчүн ар бир айлык төлөм орточо эсеп менен 4000 менен 5000 сомдун тегерегинде. Бул сумманын ичине аптанын жети күнү эртең менен саат 7ден 12ге чейинки эртең мененки жана кечки 4төн 11ге чейин кечки тамактануу акысы кошулган.

Мындай жеңилдик Кыргызстанда көнүмүш адат болгон “ач студент” түшүнүгүн жокко чыгарат. Ошондуктан Түркиядагы студенттер кара курсакты тойгузуу көйгөйүнө баш оорутпайт.

Жатаканаларда тамак жасоого уруксат берилбейт, анткени жатакана ашканасы студенттердин казан көтөрүп, тамак жасоосуна ылайыктуу эмес. Эртең мененки сабакка тамактанып баруу, студенттин потенциалын көтөрүп, мотивациясын арттырары белгилүү эмеспи.

Студенттин бөлмөсү.
Студенттин бөлмөсү.

Муну менен катар Түркияда менчик жатакана ишмердиги да жакшы өнүккөн. Чоң шаарларда жатакана иштетүү кирешелүү тармак болуп эсептелет. Анткени жатакана иштеткендер студенттин чөнтөгүнө жараша беш жылдыздуу мейманканадагыдай эле мыкты шартты сунуштай алат. Ошондуктан, мамлекеттик жатаканага өтпөй калган студенттердин көпчүлүгү батирге караганда жеке жатаканага жайгашууну туура көрүшөт.

Дегеле, Түркияда студенттерге коомдун сый-урмат чоң. Бүгүнкү студенттер өлкөнүн эртеңки кадры дешет. Студенттердин ашканасында түшкү тамактануунун баасы болгону 30 сомду түзөт, төрт түрдүү тамак өздүк наркынан да арзан турат.

Тамактын арзан сатылганы анын сапаты начар дегенди билдирбейт. Себеби, университеттин казынасынан студенттердин тамак-ашы үчүн атайын каражат бөлүнөт. Ошондой эле соода-сатык жайларында студенттер үчүн арзандатуулар бар, коомдук транспортто катардагы жүргүнчүгө караганда жол акыны эки эсе арзан төлөйт.

Студенттерге стипендия берген уюмдар, коомдор көп. Жада калса катардагы эле бир мугалим же ишкердин бир студенттин каржылоосун толук моюнуна алган учурлар абдан көп кездешет. Колунда бар адамдар биргеликте фонд же уюм түзүп, муктаж болгон же алдыңкы студенттерге акчалай колдоо көрсөтүп турушат.

Студенттик ашкана.
Студенттик ашкана.

Кеп кезегин Кыргызстанга бура турган болсок, азыркы учурда өлкөнүн 31 университетинде 200 000 студент билим алып жатат.

Кыргызстан Түркия менен теңтайлаш боло албаса да, жылына 3000-4000 сомдук төлөм менен ыңгайлуу жатаканаларды ачса болот.

Бирок студенттик жатаканалар тийиштүү түрдө көзөмөлгө алынып, төлөмдөрдүн туура колдонулушу маанилүү. Бир бөлмөлүү тар батирге берилген акчаны жатаканаларга жумшоо менен сапатты жакшыртып, ыңгайлуу турак жайга айландырса болот деген пикирдемин. Муну менен Түркиядагы “Жаса, иштет, өткөрүп бер” модели жүзөгө ашмак.

Жатакананын кире бериши.
Жатакананын кире бериши.

Бул модел боюнча мамлекеттик курулуштар жеке фирмалар тарабынан ишке ашат.

Мамлекеттин уруксаты менен имаратты нөлдөн баштап куруп, ички эмерек менен жасалгалайт. Имаратты иштетет, жатаканадан келген кирешенин баары компаниянын чыгымдарын актоо үчүн беш жылдан он жылга чейин анын карамагында болот. Чыгым өзүн актаган соң имарат жана аны иштетүү мамлекетке өткөрүлөт.

Элиза Шаева, Түркия, Эскишехир

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG