Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:43

Санкт-Петербургдагы медициналык тейлөө тууралуу журтташыбыздын ой-толгоосу.

Мен Орусиядагы кыргыз мигрантмын. Жарым жылдан бери Кыргызстанда карапайым калктын, жогорку билимдүү жумушсуздардын катарын толуктаган адам катары жүрөм. Жакында кайрадан үй-бүлөмдү алып сапарга чыксамбы деп турам.

Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасымын. Келинчегим экөөбүз агынан карасы, чындыгынан жалганы көп бул жашоодо "жакшы жашоо" үчүн жан үрөп, кара жаныбызды карч уруп, элден артта калбай өмүр сүрүүгө аракеттенип келебиз.

Мамлекеттин көзүн карап, бизге эмне берет деп үмүт кылган, кыйналсак ошол кыйынчылык үчүн өлкөнү күнөөлөгөн адамдардын тобуна кирбейбиз. Ала-Тоо аянтына, Ак үй алдына айгайлап митингге чыга калчу демократтардын дагы катарына кошулган эмеспиз.

Тынч оокат-тиричилигибизди жасап, мугалимдик кесибибизди аркалап иштеп келдик. Мындай айлык менен бул жашоодо кире турган үйгө, мине турган атка жетпесибизди билгенден кийин Бакиевдин «жемекратиялуу» мезгилинде эл агылып кетип жаткан Орусияга жакшы жашоо, “бакыт” издеп, акча издеп биз да жөнөдүк.

Орусиянын маданиятынын борбору болгон Санкт-Петербург шаарында иштедик. Орусиянын башка жерлери тууралуу эч нерсе айта албайм, бирок Питер шаарынан алган таасирлер чындыгында айтып түгөнгүс. Шаардын кооздугу көздү кубандырса, питерликтердин (айрыкча билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармагында) маданияттуулугу көңүлүңдү жибитет.

Эки уулубуз Питер шаарында төрөлдү. Биздин Кыргызстанда эне төрөгөндөн кийин эле алчусун алып 2-3 күндүн ичинде энени төрөт үйүнөн чыгарып жибергенге шашат эмеспи. Ал жакта эненин ден соолугун толук калыбына (10-12 күндө) келтирип анан чыгарат экен. Чыгарганда дагы толгон-токой белектерди, колдонмо китепчелерди берип, анан үйүңө жөнөтөт.

Чыккандан кийин бир айга чейин күн сайын үй-бүлөлүк дарыгер жашаган батириңе келип баланы текшерип, эненин абалын сурап, кеңешин берип турат. Бул кылган кызматы үчүн акы сурабайт. Бир ай өткөндөн кийин өзүнүн иштөө графигин, телефон номерин калтырып кетет. Анан убакыт боюнча интернеттен кезекке туруп, ошол белгиленген саатыңда барып турасың.

Кокустан бала сыркоолоп кала турган болсо, Кыргызстанда ооруканага баланы көтөрүп барып, кезекке туруп, дарыгерге кирет эмессиңби. Бир күнү балабыздын дене табы көтөрүлүп, дарыгерге уулубузду көтөрүп алып жөнөдүк. Кезекте тургандар биздин кебетебизди, уулубуздун абалын көрүп кезексиз эле киргизип жиберишти.

Дарыгерибиз Эрте Ольга Константиновна аттуу аял баланы бир сыйра карап көрүп, дары-дармегин жазып берип, анан бизге "баланы көтөрүп алып мага чуркабай, биз силерге калтырган телефон боюнча чалсаңар мен өзүм үйүңөргө барып текшерет элем, ансыз да бала ооруп жатса силер аны ого бетер кыйнап мага көтөрүп келгениңер кандай, айткылачы”,-деди.

Мен адатымча акылдуусуна: "Силер жумуштасыңар, алагды кылбай өзүбүз келдик", деп айта баштаганда оозумдан сөзүмдү жулуп алып, "дал ошондой, биз жумуштабыз, чалсаңар баланы текшерүү, эгер керек болуп калса тез жардамды чакырып аларга силерди табыштап, ошол жерден жолдомо кагазын жазып, ооруканага жөнөтүү биздин милдет”,- деди эле келинчегим экөөбүз таң калып бири-бирибизди тиктедик. Ошондон кийин балдарыбыз бир аз эле сыркоолоп калышса, үйдөн эле үй-бүлө дарыгерлерди телефон аркылуу чакырып калчу болдук.

Кыргызстанда “Балдар - биздин келечегибиз” деп айгай салып кыйкырганыбыз менен алар үчүн, алардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн эч кандай шарт түзүлүп берилген эмес. Бул республикабыздын саламаттык сактоо тармагында эмгектенгендер үчүн абдан жакшы үлгү болчу көрүнүш. Тилекке каршы биздин Кыргызстанда азырынча башкача жагдай...

С. Султаналиев

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG