Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:40

100 сунуш: Италиядагыдай тоо туризмине көңүл бөлөлү


Италияда байырлаган блоггер Гүлсана Сарногоева айым. Прайано, Амалфи жээги. 2015.

Италияда байырлаган жердешибиз Гүлсана Сарногоева айым бул өлкөдөгү тоо туризми тууралуу блог жазды. Балким, "Журтташтардан 100 сунуш" куржунундагы бул ойлор Ала-Тоодогу азыркы туризм өнөр жайы үчүн алгылыктуу деп кабыл алынып калгысы бардыр?

Ар бир өлкөдөн үлгү ала турган пайдалуу жактары бар эмеспи. Мен Италиянын тоо туризми тууралуу жазып кетейин.

Италия өлкөсү Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө экенин элдин көпчүлүгү жакшы билишет. Эгер өлкөдөгү туризм тармагына жакшы көңүл бурулуп, туристтерге жакшы шарт түзүлүп берилсе, жылдан жылда алардын саны көбөйүп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жетиштүү деңгээлде салым кошот, анткени туризм жер жүзүндө эң кирешелүү тармактардын бири болуп саналат.

Мен 2010-жылы жай мезгилинде Италиянын түндүгүндө жайгашкан Доломити, Вал Бадия жактын тоосуна чыгып көрүп келгени өзүмө өзгөчө жакын эки ызааттуу инсан менен жөнөп кеттим.

Италия - туризм өлкөсү.
Италия - туризм өлкөсү.

Ал жерден Сан Леонардо деген айылдан жыгачтан курулган чакан татынакай мейманканадан орун алдык. Эртеси күнү эртең менен буркураган капучино ичип, үйдөн жасалган даамдуу токоч (пирог) жеп алып, андан соң тоого чыгып келгени жолго түштүк.

Максатыбыз деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан Санта Крочэ (Santa Croce) жергесиндеги рифужиого (rifugio - ичинде жата турган, тамактана турган жайы бар альпинисттер, туристтер баш паанек табуусу үчүн курулган конок үй) аркан жол менен чыгып көрүп, андан соң ылдый жөө түшүп, жаратылышка көз чаптырып, рахаттанып келүү эле.

Саат он ченде аркан жол жайгашкан жерге келип, билет саткан жерде чапталып турган кагаздан итальян, англис тилинде жазылган эрежени окуп чыктык. Андан соң билет сатып алып, аркан жолго rifugio Santa Croce жакка жөнөп кеттик. Өйдө жакка чыгып баратканымда, айлана-чөйрөгө көз чаптырып, теребелдеги жаратылыштын кооздугуна суктандым. Жоокерлердей болуп тизилип турган карагайларды көрүп, Кыргызстандын тоолоруна окшоштурдум...

Гүлсана Сарногоева айым Санта Крочэ (Santa Croce) жергесинде. 2010.
Гүлсана Сарногоева айым Санта Крочэ (Santa Croce) жергесинде. 2010.

Рифужиого (Rifugio) жеткенибизде ылдый жакка көз жүгүртүп, ыраактан оң жакта жана сол жакта жайгашкан эки айылды көрүп, ичимден жөө түшкөндө бара турган айылыбызга адашпай жетсек экен эми деген ой кетти...

Рифужого киргенде сол жагында катар-катары менен жыгачтан жасалган узун стол татынакай стулдары менен турат. Ал жерде он чакты турист тамактанып жатышыптыр. Оң жагында китеп, журнал, гезит, открытка, сувенир сатылган бурч, андан кийин тамак-аш, суусундук саткан жер.

Тамактанардан мурун колумду жууганы коридор жактагы кол жууй турган кичинекей бөлмөгө кирдим. Ичи таза, бардык шарты сонун, аны көрүп, 2000 миң метр бийиктикте да тейлөө жагдайы (инфраструктурасы) жакшы уюштурулган экен деп кубандым...

Узун столдун бир четинен орун алып, биз дагы тамактана баштадык. Мен полента деген жүгөрү унунан жасалган (буламык сыяктуу), үстүнө куурулган эт, пияз, соус салынган тамакты жеп, ысык чайдан ичтим. Андан соң апама, бир туугандарыма жана жакын досторума жиберейин деп открыткаларды сатып алдым. Ошол жерден эле марка сатып алып чаптап, бурчта турган почта кутусуна салдым. Ал жерде жеген тамагыбызга, сатып алганыбызга сөзсүз түрдө чек (scontrino fiscale деп аталат) берет; натыйжада дүкөнчү, коммерсанттар жыл сайын өкмөткө ырааттуу салык төлөп турушат.

Баса, дагы бир белгилеп кетчү нерсе - салык кызматкерлери мындай туристтик жайларды билгизбей барып текшерип турушат. Андан тышкары карабинерлерден түзүлгөн NAS (nuclei antisofisticazione e sanita' dell'arma) тобу тамак-аш, азык-түлүктүн сапатын, тазалыкты текшерип турушат. Эгер кардарды тейлөө жайынан мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү таап калышса, анда бул жайдын ээсине олчойгон акчалай жаза төлөттүрүп, ошону менен бирге сапатсыз азык-түлүктүн баарын таштандыга төктүртөт.

Ошентип, тамактанып алып эшикке чыктык. Мен мурункудай эле кайсы жол менен адашпай ылдый түшөбүз эми деп санаага түшө баштасам, жанымдагы турист рифужиодон болжол менен 20 метр алысыраак аралыкта сол жакта турган жол белгисин көрсөттү. Анда эки айылдын аты так жазылып, кайсы жол менен ылдый жакка түшүү керектиги даана көрсөтүлүптүр.​​

Мен ичимден “эми адашам деп эч коркпой түшөт экенбиз” деп сүйүнүп калдым. Ошону, менен эле жол белгиси чектелген жок. 80 метрдей ылдый түшкөнүбүздө, ылдый жакта карагайдын боорунда тегерек кызыл белги турат!

Көрсө, карагайлары толтура чер токойдун ичинде да туристтер бара жаткан багытынан адашып, мерчемдеген айылын көрбөй калышат, ошондуктан адашпай туура түшүшсүн деп атайылап коюлган белги экен.

Болжол менен ар бир 100 метр сайын кызыл белгини жолуктуруп жаттык. 200 метр сайын таштандыларды салчу идиштер (урналар) турганын көрдүк. Ар бир урнанын ичине атайын полиэтилен пакетин салып коюшуптур. Угушумча, эртең менен пакеттерди алмаштырып турушат. Ылдый (жакага) түшүп баратканыбызда бир жолу да жерде жаткан таштандыны көргөн жокмун.

Бир убакта сол жагыбыздан кичинекей көлчүктү көрдүк. Ал жерде бир жигиттин жаратылышка суктанып, сүрөт тартып отурганын көрдүм. Биз да көлчүктү көрө кетели деп анын жанындагы орнотулган скамейкага барып, он минуттай олтурдук. Отургучтун жанына да таштанды идишин койуп койушуптур. Көлчүктүн кооздугу, тоонун таза абасы, чымчыктардын сайраган керемет үндөрү, туристтерге түзүп берген шарт адамды кубандырат...

Гүлсана Сарногоева айым Санта Крочэ жергесинде. 2010.
Гүлсана Сарногоева айым Санта Крочэ жергесинде. 2010.

Айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп, жаратылышка суктанып, акырындап ылдый түшө берип, бир убакта тоонун этегине жеттик.

Анча алыс эмес жерден бир үйдү жана оттоп жүргөн уйларды көрдүк. Эгерде сүт сатылып калса, ынак сүттөн сатып алып ичип кетели деп барсак, ойдогудай эле ал жерде уй баккан, ошону менен бирге туристтерге сүт, айран, сыр саткан дыйкан чарбачы (фермер) жашайт экен.

Анын атүгүл туристтер үчүн чакан мейманкасы да бар экен. Ал жердеги фермерлерге туристтер да жакшы киреше алып келишет экен...

Фермердин үйүнөн ынак сүт ичип алып, андан соң кайрадан жолго чыктык. Ылдый түшүп баратканыбызда кез-кезде тоого жөө чыгып баратышкан туристтерди да кезиктирип жаттык. Кээ бирөөлөру "Hi"! ("Хай", б.а. англисче “Арыбаңыз”!”) деп, кээ бирөөлөрү италиялыктарчасынан "Ciao!" ("Чао") деп сылык саламдашып өтүп жатышты.

Биз да өзүбүзгө бейтааныш кишилер менен сылык саламдашып коюп жаттык. Мен аларга колумду булгап: " Хай! Салам!", " Салам! Чао!" - деп кыргызча да кошуп өтүп жаттым.

Айылга жетип калганыбызда, жолдо пикник жасап жатышкан бир топ туристтерди көрдүк. Алардын отургандары узун жыгач орундуктар, дасторкону - узун жыгачтан жасалган үстөл. Ал жерде да таштанды салынган урналар бурчта турат. Бул жерде да туристтерге жакшы шарт түзүлүп бергени айкын көрүнүп турат.

Ошол жерден эле болгону бир гана жолу урнага жакын жерде жаткан пластмасса бөтөлкөнү көрдүм. Же шашкалаңдаган бир турист урнанын ичине таштайм деп, туура эмес ыргытып алганын көрбөй калган го, же болбосо тазалыкты сактаганды билбеген тартиби начар бир коноктун колунан келген го, деп түкшүмөлдөп калдым.

Блоггер Гүлсана Сарногоева айым. Рим шаары. 20.12.2010.
Блоггер Гүлсана Сарногоева айым. Рим шаары. 20.12.2010.

Ар бир туристти тартуу үчүн умтулган жергиликтүүлөр, менимче, эч качан мындай жосунсуз жорукка барбайт болчу.

Айтор, ажайып жаратылышка суктанганды билгенден кийин, айлана-чөйрөдөгү тазалыкты сактаганды да билүү абзел!

Гүлсана Байдылда кызы Сарногоева,

Италиядагы кыргыз блоггери.

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG