Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Китеп окуган муунду көргүм келет


Дастан Умоттегиндин "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Бизде 24 саат иштеген тамактануучу жайлар, супермаркеттер, акча алмаштыруучу жайлар, эс алуучу мекемелер, сауналар, түнкү клубдар бар. Бирок китепкана жок. Керек болсо күндүз да тыңгылыктуу иштегенин таппайсың. Мамлекеттик китепканалардагы көрүнүш баарыбызга маалым. Сүйлөсөң жаңырып, кирсең бирин-серин адам болсо болот, болбосо жок...

Ал эми Питерде болсо 24 саат иштеген китепканалар кадимки эле көрүнүш. Алардын ичиндеги шарттар китеп окурмандарынын кыялындагыдай. Дээрлик ар бир аялдама, ар бир көчө башында китеп дүкөндөрү бар. Жашоочулардын да колунан китеп түшпөйт.

Коомдук унаадабы, метродобу, парктабы, айтор кайда барышпасын китеп окушат. Кээ бир сырттан баргандар (мисалы, мигранттар) аларга окшошуу үчүн да китеп окушарын бир таанышым айткан эле.

Заманбап китепкана vs арак саткан күркөлөр

Санкт-Петербургда: заманбап китепканаларда бир эле китептин үч түрүн - кагаз, аудио жана электрондук китептерди сатып аласың.

Кыргызстанда мурунку китеп-журнал саткан күркөлөр да эртең менен баш жазуучу арак куюп сатма комокторго айланды.

Анча-мынча орус аялдар жол жээктеп сатып калган китептерди эле көрбөсөң башка жок. Китеп сатуучу дүкөндөр жок эмес, алар да бар. Бирок ал жактарда тил үйрөнүүчү жана финансылык китептер басымдуулук кылат. Башка китептерди табуу мүмкүнчүлүгү аз.

Санкт-Петербург
Санкт-Петербург

Китеп күркөлөрүнүн жоктугу аларманга байланыштуу деңизчи. Шаардагы жалгыз ири (атын жарнама болбошу үчүн жазбай эле коёюн) заманбап басмаканадан чыккан китептерди сатуучу дүкөн да алармандын жоктугунан мурдагы ордун таштап, тар жерге барып отуруп калды.

Андан сырткары базар ичинде, анда-санда окуу курал-жарактарын саткан жерлерде китептерди учуратууга болот. Ал жерлерде мектепке керектүү жана жеңил-желпи китептер самын-сумун менен аралашып сатылууда.

Аларманы, суроо-талабы болсо мен ойлогон китепкана да болоор беле деген ойго кетесиң. Кайсы бир окумуштуу айтмакчы, кээ бир учурда адамдар аларга эмне керек экенин колдонуп көрбөсө билишпестир деген да кайчы ой пайда болот.

Орустарда мурунку эски китептерди саткан сейрек көрүнүш, "книжный секонд-хенд" деген ат менен бирин-серин китеп дүкөндөрү бар. Бирок алардын басымдуу бөлүгү өздөрү окуп бүткөн китептерди үйдүн кире бериштерине же адамдарга көрүнүктүү жерлерге атайын башкалар окусун деген таризде коюп коюшат.

Бизде болсо бирөөгө кереги тиет, бизге кор болгон нерсени бирөө зар болуп, издеп жүрөттүр деген ой кайдан келсин. Анын ордуна шаарда макулатурага тапшырса айылда дааратканага коюп же от тутантып жок кылып тынабыз...

Кантсе да көп окуган интеллектти мода кылган жаштарыбыз көбөйсө экен, чет элге чыгуу, саякаттоо популярдуу болуп жатат. Ал жакка чыгып келип жаткан жаштарыбыз алардын жакшы жактарын алып келип бизге жайылтса экен.

Бизде да Питердегидей түнү-күнү иштеген, ичине кирсең каалаган китебиңди таап, кааласаң сатып алып, сатып алууга чөнтөгүң жооп бербесе ошол жерде отуруп, окугандай шарт болсо, китептерибиздин орду сарайларда чаң басып жатпай, макулатураларга тапшырылбай китеп окуган жаш муун да келип чыгат беле...

Жаштарыбыз, керек болсо чоңдорубуздун деле алдамчылардын сөзүнө кирип, тез эле жетеленип жанкечти болуп кетип жатканын да так ушул китеп окубай, бирөөлөрдүн айтканын уккандан башка эч нерсе кылбагандыгы түздөн-түз таасири дээр элем.

Биздин да сыймыктанып айтчу жактарыбыз көп. Ал эми Ошто болсо, тамак-аштын даамдуулугун мактанып түгөтө албайбыз. Самса, манты, шишкебекке курсагыбыз тойгону менен жан дүйнөбүз, акылыбыз ачка бойдон калып кетип атат да...

Баса, Орусияда эки жылга жакын убакыт жүрүп, ал жактагы китеп окууга, китепке болгон элдин мамилесине ичим жылып, бизде да ушундай болсо деген сунушум менен бөлүшүп жазып жатам. Балким кимдир бирөөдө сунуш, идеялар болсо аларды талкуулоого, аны ишке ашыруусуна көмөктөшүүгө даярмын.

Дастан Умоттегин, Ош шаары

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG