Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Бензин жыттанган автобустарды алмаштыралы


Насият Казиева
Насият Казиева

Түркияда иштеген Насият Казиеванын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Жылдан жылга регион аралык жолдорубуз түздөлүп, оңдолуп жатат. Ошого жараша транспорт тармагына да көңүл бурсак деген ой келет. Бул долбоор өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилсе деген ойдомун.

Кимибиз кайсыл өлкөдө болсок, ошол өлкөнүн өнүгүүсүнө суктанып, Кыргызстанда да ушундай болсо деген кыялга батарыбыз шексиз деп ойлойм.

Муну менен эмнени мисал жана өрнөк ала тура турганыбызды "Журтташтардан жүз сунуш" долбооруна жолдогум келди.

Эң негизгиси эмне болбосун, мамлекеттин казынасына көз каранды. Бирок бул кыйыр жолдон кечер күн да, жыл да алдыда, буюрса.

Ишке байланыштуу Түркиянын шаарларына барууга туура келди. Учак менен эмес, туристтерди ташыган автобуска Стамбулдан билет сатылчу Kamil Koç фирмасына таандык кассадан билет алдым.

Мен "бул автобус менен эми бензин жыттанса 8-9 саатта кантип жетем" деп кооптонуп турдум. Бирок мен ойлогондой эмес, заманбап, ичи учактан айырмасы жок автобустар катамы жүргөнүнө бир чети таң калдым, бир чети суктандым. Себеби мен Кыргызстандан күйүүчү май жыттанган "Икарус" автобустарын гана көргөм.

Эми ар бирин тизмелеп жазганга өтөйүн.

Адегенде автобус үчүн билетти электрондук кылып алсаң болот. Кааласаң ар бир райондо кайсы фирманын автобусу болсо, ошол жерде билет сатылуучу кассалары бар. Ал жактардан ошол автобустун сервистери келип алып кетишет. Жүргүнчүнү автобус кете турган автобекеттерге жеткирет. Келип кете турган жериңдин саат канчадагы таблолорду көрүүгө болот.

Экинчиден, автобуска отурарда жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобус кызматкери (стюард) учурашып кабыл алат жана кайсыл жерге барарыңды тактайт.

Үчүнчүдөн, жүргүнчү отурган автобустун тазалыгы, териден жасалган ыңгайлуу орундуктар, сенсордук экран, ичинде музыкасы, киносу, ТВ, интернет, Wi-Fi да бар.

Тейлөөчү кызматкер сага арабасы толгон чайын, кофесин, шире суусун, таттууларын сунуштайт.

Ар бир автобекетке келерде сага кайсы шаарга жеткениң тууралуу кабар берип турганына күбө болуп, башында айтып кеткен 8-9 сааттык узак жол кандай өткөнүн билбей барасың.

Өрнөк ала турган өлкөлөрдө көргөн, суктанган ар бир тармак Кыргызстанда да көп долбоорлорду ишке ашырат деп үмтөтөм. Ар бирибиз Кыргызстан үчүн билим алып, көргөнүбүздү ишке ашырууну ойлонолу.

Казиева Насият Бакасовна, Түркия

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG