Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Катар мунайды өз колуна алганда өнүккөн


Доха, Катар
Доха, Катар

Мен Архитектура университетинин (КМКТАУ) Кыргыз-Араб факультетин бүтүргөм. Насип буйруп, мындан эки жыл мурда Катардын борбору Доха шаарында иштеп калдым.

Катарлыктардын маданияты, эли менен жакындан таанышкан соң, бул өнүккөн өлкөнүн көп жакшы жактарын биздин өнүгүүбүзгө жардам бере турган тажрыйба катары карасак болот деп ойлойм. "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына бул өлкөнүн мени таң калтырган үч факторун жазгым келди.

Бул үчүн негизги үч фактор:

Мамлекеттин өнүгүүсүн жана кен байлыктарын колго алуу

Катар азыркы учурда абдан өнүккөн жана бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Борбору Доха шаары Дубай менен теңтайлашып турат. Эл аралык валюталык фонддун изилдөөсүнө ылайык ИДПнын деңгээли боюнча 2015-жылдан бери дүйнөдө биринчи орунда келе жатат. Албетте мунун баары мунайдын арты менен келди дешиңиз мүмкүн. Бирок бул байлык дайыма эле Катар элинин өнүүгүсү үчүн колдонулган эмес.

Тарыхка кылчая турган болсок, Катардын биринчи эмири башкарып турган маалда мунайдын пайдасын бийликте турган адамдар жана чет өлкөлүк мунай өндүрүүчү компаниялар гана көрүп турушкан экен.

1970-жылдары гана бийликке келген экинчи эмир мамлекетти өнүктүрүүнү өз колуна алган. Мунай өндүрүү толугу менен Катардын колуна өткөн. Ошондон тарта өлкө өнүгүү багытында келе жатат. Кыргызстанда алтын кендерине бай өлкө. Биз дагы Катар сыяктуу ири кендерди өзүбүз иштеткенде экономикабыз эчак жолго коюлмак деген ойдомун.

Тартип жана мыйзам

Мамлекеттин 40% катарлыктар түзсө, калганын Индия, Филиппин, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттар түзөт. Алардын саны миллиондон ашуун. Мынча адамды жумуш менен камсыз кылганга жараша өлкөнүн өзүндө тартип сакталып, мыйзам өкүм сүрүп турат.

Катарга кирип жаткан ар бир адам каттоого тургузулуп, анын биометрикалык маалыматы алынат. Ошондуктан мыйзамсыз жумушка орношуу бул өлкөдө мүмкүн эмес. Катарда алкогол ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Кылмыштуулук жокко эсе десек болот. Полиция кызматкерлери өтө жогорку деңгээлде даярдалат жана өзү милдетин татыктуу аркалашат.

Азыр Кыргызстанда күнүнө жок дегенде эки-үч адам жол кырсыгынан өлүп жатканы баарыбызга маалым. Ал эми Катарда адамды сүзүп алган айдоочу 40 миң АКШ долларынан ашык айып пулга жыгылат. Жол эрежесин бузгандарга дагы өтө катуу чаралар көрүлөт.

Ошол эле учурда Катардын жарандары үчүн өтө көп мүмкүнчүлүктөр жана жеңилдиктер каралган. Мисалы, башка өлкөдөн келген адамдын жарандык же жер сатып алуусу кыйын же болбосо мүмкүн эмес. Бардык жакшы шарттар өз жарандары үчүн түзүлгөн.

Улуттук баалуулуктар

Катарлыктар өз салтын бекем сакташат. Улуттук кийимин бизге окшоп майрамдарда эле эстебей күнүмдүк кийим катары кийишет. Ошол эле учурда ал кийимдерин өтө таза кармап, кылдат мамиле жасашат.

Орикс антилопасына, төө, жылкы, бүркүткө жасаган мамилесинен жаныбарларды жакшы көргөндөрү байкалып турат. Баса, Qatar Airways авиакомпаниясынын логотипинде Орикс антилопасы тартылган.

Доха шаарындагы заманбап, асман тиреген имараттардын арасынан араб стилинде салынгандарды абдан көп кезиктирсе болот. Катардын ысык жана оор климатына байланыштуу спорт менен машыгуу оор, бирок ошого карабастан мамлекет спортко көңүл бурат. Спорттук комплекстер жана стадиондор абдан көп. Бул албетте келечекте жакшы натыйжа берээрине шек жок. Баса, 2022-жылы Дохада футбол боюнча дүйнө чемпионаты өткөнү турат.

Мен дагы мекеним Кыргызстан өз өнүгүүсүн колуна алып, кереметтүү жаратылышыбызды коргоп, болгон потенциалдарды иш жүзүнө ашырып, өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деген терең ишеничтемин жана бул үчүн албетте өз салымымды кошконго ар дайым даярмын.

Каймазар Алтымышев

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG