Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Курулушка керектүү материалдарды чыгаралы


Гүлнура Машаева үй-бүлөсү менен
Гүлнура Машаева үй-бүлөсү менен

Италияда жашаган Гүлнура Машаеванын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Кесибим - курулуш материалдары боюнча инженер-технолог. Жогорку категориядагы окутуучу, котормочу, лаборатория башчысы болуп иштегем.

Туз буйруп Жер Ортолук деңизде жайгашкан Сардинияда 10 жылдан бери ийгиликтүү жашап келем. Кыргызстанды кандайдыр бир деңгээлде көтөрө турган үч сунушум бар.

Курулуш материалдарын чыгаралы

Биринчи сунушум - курулуш материалдарын жана каптап жасалгалоочу ар кандай материалдарды Кыргызстанда өндүрүп чыгаруу жана аны сатуу. Курулушка керектүү материалдарды жана буюмдарды саткан соода жайларында Италия, Испания, Германия, Польша, Орусия, Украина жана Казакстандан чыккан ар кандай профилдеги курулуш материалдары жана буюмдары турат. Алардын катарынан Кыргызстандан чыккан, техникалык стандартка туура келген, бышыктыгы жогору, сапаты мыкты материалдарды көргүбүз келет.

Кыргызстанда жашоо-шартка ылайыктуу бийик имараттар, коомдук жайлар курулуп жатат. Бизде бетон конструкциялары, керамикалык кирпич, цемент, базальт буласынан жасалган жылуулук өткөрбөөчү жана башка ар кандай профилдеги заманбап материалдар даярдалып чыгат.

Курулуш материалдар өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү керек. Мисалы, дубалдын ички бетине (бетон конструкцияларына) жана шыпка капталган гипс картонунун бетине шыбап жасалгалоочу материалдар - шыбак аралашмаларын (шпатлевка) өзүбүздөн чыгарсак болот эле. Эмне үчүн Орусия менен Казакстандыкын сатып алышыбыз керек?

Химиялык-минералогиялык курамына жараша жылуулук жана үн өткөрбөөчү, нымга чыдамдуу жана жогорку температурага туруктуу келген ар кандай кургак же суюк курулуш аралашмаларын чыгарсак да болот.

Аларды өндүрүп чыгаруу үчүн минералдык чийки заттар (сырье) бизде бар: таптаза кварц куму, акиташ теги, доломит, кальцит, барит жана цемент. Ички дубалдардын бетин жана фасадды, полду тегиздөөдө, керамика плиткаларын (кафель) чаптоодо аралашмалардын кургак же суюк түрү кеңири колдонулат эмеспи. Бышыктыгы жогору, эл аралык стандартка дал келген материалдарды чыгаруу үчүн жогорку технологиялык жабдуу керек жана фундаменталдык бекем билимге ээ кесипкөй адистер талап кылынат.

Технологиялык жабдууну сатып келип жумуш орундарын түзө турган эр- азаматтарыбыз да чыгып калаар. Үмүттүн шооласын өчүрбөй туралы. Курулуш аралашмаларынан сырткары цементтин түрлөрүн, керамика жана айнек материалдарын чыгарсак болот. Бул материалдарды чыгаруу үчүн Кыргызстанда минералдык заттардын кеңири түрү кездешет: акиташ теги, доломит, кварцит, барит жана керамикага керектүү минералогиялык жана бүртүктүү курамына жараша чопонун ар кандай түрлөрү.

Дүйнөдөгү эң ири көлөмдүү алтын запасы бар Кумтөрдөн Кыргызстанга шыбага тийбей калды. Эми курулуш материалдарына керектүү тоо тектерин иштетип, курулуш материалдарын алууга кыргыз өкмөтү кызыкдар болсо деген тилегим бар.

Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө минералдык чийки заттардын чоң запастары жатат.

Таза тамак-аш улутту сактайт

Экинчи сунуш - тамак-аш өндүрүүчүлөргө талапты кое билүү. Өкмөттүк деңгээлде, мисалы, буудайдын, эттин, сүттүн сапатын текшере турган илимий ыкмаларга таянган лабораториялар ачылып, жогорку деңгээлде иштесе деп кыялданам.

Биз азыр жеп аткан тамагыбызга талапты кое билишибиз керек. Кыргызстанда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатын илимий негизде текшере турган лабораторияларды ачып, иштетүү - замандын талабы. Биз кандай эт жеп атабыз? Кандай сүт азыктарын колдонуп жатабыз? Жеп аткан наныбыз, унубуз кандай? Жашылча, жер-жемиштерибизчи? Канчалык деңгээлде табигый? Кыргыз генин, кыргыз элин сактайлы десек тамак-ашыбызды көзөмөлдөйлү. Таза азыктарды жеп жүргөн энеден ден соолугу чың бала төрөлөт. Элинин ден соолугу чың болсо, мамлекеттин да пайдубалы бекем болот.

Кыргыз Техникалык университети, Агрардык университет, дыйканчылык жана мал чарба илимий изилдөө институттары жана азык-түлүктөрдү чыгарган кыргыз ишканалары менен тыгыз байланышта болуп иштеген жеке менчик лабораториялар ачылса талапка ылайык болот эле.

Жүрүм-туруму жакшы коом бекем болот

Үчүнчү сунушум - маданиятыбызды көтөрүү же жөнөкөй эле жашоо - тиричиликте өзүбүздү маданияттуу алып жүрүү. Коомдук жерлерден, иш бүтүрөбүз деп барган мамлекеттик кеңселердеги кызматкерлердин сылык эмес суз мамилесинен, атүгүл көчөдөгү машиналардын кыймыл-аракетинен да маданиятыбыздын төмөндүгүн баамдасак болот.

"Манас" аэропортуна бутубуз түшөр менен эле одоно кемчиликтерди байкайбыз. Классикалык адабият жана искусство, мектеп, үлгүлүү үй-бүлө, ар тараптуу билим алуу, адептүү тарбия өсүп келе жаткан баланын маданиятын көтөрөт деп ойлойм. Андай тарбиядан аксап калгандар да бар эмеспи...

Бардык нерсе тегиз болбойт экен. Кыргыз коомунда алдыга умтулган жаңычыл, билимкөй, маданияттуу элдин калың катмары көп болсо, мамлекеттин арышы алдыга кетет. Жылуу мамиле, үлгүлүү жүрүш-турум, таза ой адамды бийиктетет деп ойлойм. Кандай болсо дагы ою таза жана жүрүм-туруму мыкты адамдын ээри бекем болот.

Гүлнура Машаева үй-бүлөсү менен
Гүлнура Машаева үй-бүлөсү менен

Машаева Гүлнура, Италия, Сардиния

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG