Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

100 СУНУШ: Сагындык Эмилбек уулу: Айыл чарбаны жаш фермер көтөрөт


Сагындык Эмилбек уулу сүт багытындагы уйлар фермасында. Рединг университети. Англия

Англияда жашаган Сагындык Эмилбек уулунун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу. Ал айыл-чарба тармагын заманбапташтыруунун, тармакка жаштарды тартуунун жолдорун сунуштайт.

Кыргызстан - агрардык мамлекет.

Айыл чарба Кыргызстанда калкты тамак-аш жана эмгек менен камсыз кылган тармак. Элдин жарымы аталган (дыйканчылык, багбанчылык, мал-чарбачылык) тармактан киреше тапса, айыл-чарба мамлекеттин ички дүң жыйымынын 20% түзүп келет.

Салыштыралы: Англияда калктын 1,5% гана айыл чарбада эмгектенип, калган 65 миллион адамды тамак-аш менен камсыздайт. Орто эсепте бир дыйканга 137 адам туура келет.

Бизде болсо, калктын тең жарымы айыл чарба тармагына байланган. Өлкөлөрдүн айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн салыштырсак, Кыргызстанда бир гектар жерден 2 тонна буудай алынса, ошол эле аянттагы жерден Англияда 10 тоннага жакын буудай өстүрүлөт. Кыргызстанда бир уй күнүнө 7-8 литрден сүт берсе, бул жакта бир уйдан 25 литрге чейин сүт саалат.

Мындай көрсөткүчтөр, аталган тармакка жасалган инвестициянын натыйжасы жана күчтүү эксперттердин, өз ишин мыкты билген жаш адистердин салымы деп билели.

Кыргызстанда учурда айыл чарбада чечилбей келген бир топ маселелер бар. Алсак, айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгү төмөн. Өндүрүүчүлөр продукцияларды кайра иштеп чыгарууда жана экспорттоодо ЕАЭБдин техникалык регламентинде көрсөтүлгөн талаптарды аткара албай, импорттолгон тамак-аш продукцияларынын саны өсүп, жергиликтүү ишканалар атаандаштыкка туруштук бере албай, жабылууга аргасыз болууда.

Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү жана азайтуу үчүн бул тармакка жаш адистерди жана эксперттерди тартуу керек. Айыл чарба тармагы престиждүү эмес деген стереотип калыптанып калгандыктан да, жаштардын арасында бул тармак көмүскөдө калууда. Мындай көрүнүш улана берсе, айыл чарба тармагы жакынкы 10-20 жыл аралыгында кадрдык кризиске учурашы толук ыктымал.

Орто эсепте ар бир айыл өкмөттө 3-4, акимчиликте 5-6, облустта 7-8 эксперт бар дейли, бирок булардын көпчүлүгү СССР убагында престиждүү делген айыл чарба институт жана техникумдарда билим алышкан. Азыр алардын эң алды 60 жашка барып калды.

Бул кишилердин ордун алмаштырчу билимдүү, инновациялык технологиялардан кабардар болгон жаш адистерге муктаждык чоң. Ошондуктан жаштар арасында айыл чарба тармагынын престижин көтөрүү керек. Сапаттуу билимге ээ болгон кадрларды даярдоого мамлекет түздөн-түз кызыктар болушу тийиш.

Менин сунушум Кыргызстанда да Жаш фермерлер ассоциациясын (ЖФА) түзүү. Мындай ассоциациялар өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө ишке кирген. Мисалыга алсак, Америкада “Алабама” жана “Georgia” ЖФАлары белгилүү, бирок мындан башка да штаттарында түзүлгөн. Ал эми Англияда шотландиялык жаш фермерлер клубу, Уэльс жаш фермерлер федерациясы иштеп келет. Башка аймактарында да мындай бирикмелер кеңири тараган. Ошондой эле Африканын кээ бир өлкөлөрүндө да мындай ассоциациялар жолго коюлган.

Шотландия жаш фермерлер клубу
Шотландия жаш фермерлер клубу

Жаш фермерлер ассоциациялары миңдеген айыл чарба тармагындагы жаш адистердин, эксперттердин, ишкерлердин башын бириктирип, фермаларын, ишкердигин өнүктүрүүгө жана профессионалдуулугун арттырууга аянтча түзүп беришет.

Өткөрүлчү семинар, тренинг, тажрыйба алмашуу максатындагы иш-чаралар аркылуу, фермерлердин билим деңгээлин жогорулатууну көздөйт.

Уэльс жаш фермерлер клубу
Уэльс жаш фермерлер клубу

​Кыргызстандын контекстинде жаш фермерлер айыл чарбага тиешеси бар жана кызыккан (17-30 жашка чейинки) жаштар. Негизги бенефициарлар айыл чарба тармагында окуп же эмгектенип жаткан жаштардан түзүлөт.

ЖФАнын баштапкы этабында облусттук деңгээлде формалдуу эмес группа болуп уюштурулса, андан кийин бийик макстаттарды коюп, стратегиялык пландарды түзүп улантып кетүүгө болот.

Кыргызстанда буга чейин түзүлгөн Фермерлер ассоциациясы бар. Бирок, бул уюм орто муундагы (40-60 жашка чейинки) дыйкандардын жана багбанчылардын билимин өстүрүүгө багытталган. Ал эми Жаш фермерлер ассоциациясынын негизги максаты жаштардын арасында айыл чарба тармагынын престижин көтөрүү, аларды кызыктыруу болуп эсептелет.

Төмөндө ЖФАнын аткарылуучу баштапкы пландарын келтирип өттүм:

- Айыл чарба багыты боюнча техникум, институттардан тышкары кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу (мал чарба, тоок чарба, балык чарба, дан эгиндери, багбанчылык, дыйканчылык, күнөскана иштетүү). Теориялык билимди практика жана экскурсия уюштуруу менен бекемдөө;

- Айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгарган ишканалар, Bulls.kg сыяктуу чоң фермалар, же чоң дыйкан-чарба кооперативтер менен келишим түзүп, жаш фермерлердин практикалык билимин дайыма арттырууга шарт түзүү.

- Аймактарда уюштурулган айыл чарба боюнча форум, семинарларга катышууга тартуу, кызыктыруу (ыктыярчы катары да катыштырууга болот);

- Айыл чарба багытында билим алган жана эмгектенген жаштар көбүнчө аймактардан чыккандыктан, айыл жергесинде шарттын жоктугунан керектүү болгон чет тилдерин, компьютерди колдонууну билишпейт. Аларды үйрөтүү үчүн окуу курстарын уюштуруу;

- Айыл чарба боюнча чет өлкөдө өтүп жаткан окуу курстарына, форум жана конференцияларга катышууга, практика кылууга программаларды издөө;

- ЖФАнын астында айыл чарба тармагында жаңыдан басылып чыккан китептерди, материалдарды, журналдарды чогултуу менен заманбап китепкана түзүү.

Жаштарга жасалган инвестиция эртеби-кечпи өзүн сөзсүз актайт!

P.S. “Жаш фермерлер ассоциациясын” өлкөбүздө түзүүгө кызыктар болгон тараптар менен иштешүүгө даярмын.

Сагындык Эмилбек уулу,

Рединг университети, Улуу Британия.

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG