Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:52

Айдай Чотуеванын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Мен бир аптанын үч күнүн Алматы шаарында, үч күнүн Бишкек шаарында өткөрөм.

"Азаттык" радиосу уюштурган “Журтташтардан жүз сунуш" сынагына мен билген Казакстан тууралуу өз ой-пикиримди айткым келди.

Кинофестивалда

Алматы шаарында өткөн жаштардын “Бастау" кинофестивалынын ачылыш аземинде болдум. Кинофестивалга ар кайсы улуттун өкүлдөрү келгендиктен алып баруучулар казак, орус, англис тилдеринде сүйлөп жатышты.

Алгач кинофестивал казак элинин үрп-адатын, каада-салтын, тарыхын, жалпысынан басып өткөн жолун чагылдырган, маданиятын даңазалаган оюн-зоок менен башталып, аягына чейин “Биз казак деген эл боламыз, казактын ай далаасында казак менен карыскыр гана шыдайды" деп бирде домбра үнү жаңырып, бирде көчмөн элдеринин театрлаштырылган турмушу көрсөтүлүп, тамыры терең, уңгулуу, бир муштум болуп түйүлгөн ынтымактуу, уюткулуу эл экенин аз убакыттын ичинде келген коноктордун көз алдына тартып коюшту.

Бизде да кинофестивалдар эле эмес, чет элдиктер катышкан иш- чаралар ушундай деңгээлде өтсө деген ой менен үйгө кайттым.

Радиодо

Менин көп убактым машинада өткөндүктөн, радио тыңшоого туура келет. Казакстанда биздегидей эртеден кечке түрдүү ырларды берген оюн-зоокко багытталган радиолор жокко эсе. Көбүнчө "Шалкар" радиосун угам.

“Шалкар” радиосу эстрадага караганда көөнө салттык музыкага, саясатка караганда маданиятка басым коюп, улуттун улуу кенчине карай сапар алган уктурууларды угармандарга тартуулайт.

"Биз экономикабыз өнүгүп, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошула алдык, руханий ааламда да маданиятыбыз менен мактанып, алдыңкы элдердин катарында болушубуз керек" деп ар тараптуу руханий өнүгүү саясатын максат кылышат.

Жөнөкөй эле куттуктоо эфирлеринде кара сөздүн каймагын калпып, сөз дүйнөсүнүн керемет кептери менен арбап, замандын агымы менен келген сөздөр да казак тилине которулуп, күндөн күнгө тили байып жатканын танууга болбойт.

Радио алып баруучулары маектешинин сөзүн оозунан жулуп албай, уга билүү маданияты да мыкты калыптанганы, журналисттик этика туура сакталып, маалымат гана берилип, бааны элдин сынына салып берүү жагдайы алкоого татыйт. Радиодо да, көчөдө да, коомдук жайларда да, "казакча сүйлө" акциялары казак тилинин көккө карай канат серпип учуп бара жатканынан кабар берет.

Жол эрежелеринде

Казакстанда жол эрежелеринин айып пулдары абдан эле жогору болгондуктанбы, айтор айдоочулар жол жүрүү тартибин бузбоону адатка айлантып алышкандай.

Автоунаа башкаруучуларынын жөө жүргүнчүнү жана бири-бирин сыйлоо адеби да жакшы жолго коюлган. Тургундар атайын адамдар өтүүчү жолдон же көпүрөдөн гана өтүүгө укугу бар. Эгерде жарандар машина жүрүүчү жолду кесип өтө турган болсо, жол патрулдук полициясы тарабынан жол эрежесин бузганы үчүн айып акчаны төлөөгө туура келет. Мына ушундай жол менен кырсыктарды кыскартып, адам өлүмүнүн санын азайтып жатышканы даана байкалат.

Казакстанда бүгүн чыккан мыйзамдар эртеси күнү иштей баштагандыктан айдоочулар да, жөө тургундар да жол эрежелерин так сактоого аракет кылышат. Автоинспекция кызматкерлери жол тартибин бузбаган Казакстандын гана эмес, чет элдин автоунааларын да токтотушпайт.

Бизге келсек, Кыргызстандын чек ара бекетинен бери өткөндө эле авто инспекция кызматкерлери Казакстандын же Орусиянын машиналарын катары менен тизип алганын көрөсүң.

Автобуста

Шаар көчөлөрүндө айдактаган маршруттук таксилер эмес, эскилиги жетсе дагы эл ташыган узун автобустар калкка кызмат кылат. Жүргүнчүлөрдүн жол киреси маданияттуу костюм-шым кийинген автобусту башкарган айдоочунун чөнтөгүнө эмес, мамлекеттин казынасына барып түшөт. Анткени ар бир жаран алдын ала алынган карточка (жол билети) менен гана автобуста жүрө алат. Карточкасы (жол билет) жок адамдар ар бир аялдамадагы жол текшерүүчүлөрүнүн көзөмөлүнө кабылса, жол жүрүү айып төлөмүн төлөөгө милдеттүү.

Эл ташыган автобустар жүргөн жолдордо жеңил унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилбейт. Ошондуктан бир жерден экинчи жерге жетүүдө жүргүнчүлөр унаа тыгынына кабылбайт. Майда, бирок маанилүү шарттар шаардыктардын ыңгайына карата түзүлүп, жол транспорт башкармалыгы элге жагымдуу маанай тартуулоонун аракетинде.

Сүрдүрүлгөн үйлөр

Шаардын көркү үчүн эски турак жайлардан тез ылдамдыкта арылууда. Ондогон эски үйлөрдү бир заматта түрттүрүп, алардын ордуна он миңдеген адамдарга ыңгайлуу болгон көпүрөлөр же бийик, кооз имараттар курулуп калганын көп жерлерден көрүүгө болот. Үйлөрү сүрдүрүлгөн адамдардын өкмөткө кыр көрсөтүп, нааразычылык акцияларын өткөргөн митингдерин деле көрбөйсүң.

Аз убакыттын ичинде эски үйлөрдүн ордуна эстакада көпүрөлөрү салынган, жол чырактар алынып унаа тыгыны менен күрөшкөн, көркүнө көрк кошулган, күн сайын өзгөрүп, өсүп жаткан Алматы кооз, керемет жаңы дүйнөсүн ачат.

Жолдо

Советтер мезгилинде мамлекеттик кызматтагы адамдарды колхоз-совхоздордогу чарбалык жумуштарга тартышчу эмес беле. Казакстанда жаз алды менен айтор жоон топ адамдарды жол тазалоого айдашканын көрүүгө болот. Алар жол боюндагы өскөн бакчаларды акташып, таштандыларды тазалап, капка салып унааларга жүктөп алып кетишет.

Жыл сайын жазында болчу тазалык акциясы шаарды эле эмес, бир шаардан экинчи шаарга кетчү узун жолдордо да ишке ашат. Алыска жол жүргөндөр үчүн жол четиндеги аялдамалардын артына дааратканалар курулуп, адамдардын тазалыкты сактоосуна шарттар түзүлгөнү көрүнүп турат.

Ал эми биздечи? Көлгө кетип бараткан жолдордо айтор эки адам жолдун эки жагына түшүп алышып, таштандыларды адамдын көзү көрбөгөн, комсоо жерге ары карай ыргытып тазалап бара жатышканын өз көзүм менен көргөнүмдү айтпасам болбойт. Көлдү айланып чыксаң даараткана таппаганыңды айтпай эле коелу.

Корутунду

Жалпысынан алганда казак элинин ачууга алдырбаган сабырдуу, алпейим, баштоочусуна баш ийген бир максатты көздөгөн, тынчтыкты каалаган эл экенин айткым келет.

Нурсултан Назарбаев: "Мода - бул айдоо жерлерге коттеджерди куруп салуу эмес. Мода - ата-бабабыздан калган асыл жерлерди сатпай, урпактарга өткөрүп берүү. Кудай буюрса, 2017-жылдын 1-июлунда калктын саны 18 миллионго жетет. Бир нече жылдан соң калкыбыздын саны 28 миллионго жетиши мүмкүн. Ошондо урпактардын алдында, тарыхта жооп берип калбашыбыз керек. Мамлекеттин ички өндүрүмү өнүккөндө гана экономикасы алдыга карай өсөт. Сатып албай сатышыбыз керек" деген көп өрнөктүү жакшы сөздөрү бар.

Келечек үчүн жарандарга жерлерди адыр, дөңсөө жерлерден берип, айдоо жерлерин көздүн карегиндей сактаган, ички өндүрүү программасына басым жасаган, коңшу бир тууган тили, дили, дини бир, салт-санаасы, үрп-адаты, турган-турпаты окшош боордошторубуздан эле сабак алып, ар-намысты артка таштап, алар баскан жолду туурап бассак, туурубузга конуп, чар тарапка чачылбай калабызбы деген менин изги оюм.

Көп жылдардан бери казак элинде бүткүл дүйнөдөгү казактарды чогултуп бириктирүү программасы иштеп келет. Чет жактан келген казак оралмандарына Казакстанда ар кандай жакшы шарттар каралган.

Кыргызстаныбызда да айдоо жерлерди келечекке сактаган, сатпаган урпактарга өткөрүп берген, чачылган элди жыйнаган, бириктирген Манастай кыргыз уулдары төрөлөт деп келечекке ишеним артам.

Айдай Чотуева, эркин журналист

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG