Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:33

Түркияда окуп жүргөн Арсланбек Кенжешовдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Ала-Тоонун бермети Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы чыгаан окумуштуу, тилчи, драматург жана акын, кыргыздын биринчи кызыл профессору Касым Тыныстановдун кичи мекени Чырпыкты деген айылда туулуп-өскөм.

Учурда Түркиянын Стамбул шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан кичинекей Сакарья деген шаарында магистратурада окуп жана жашап жатам.

Келгениме эки жылдын жүзү болсо да түрк элинин түрдүү тамактарына, кооз жерлерине, тарыхый жана маданий имараттарына таң калып бүтө албай келем.

Осмон империясынын мураскери катары Түркия мамлекети Европа менен Азияны бириктирип турган жалгыз өлкө. Стратегиялык жактан маанилүү жерде орун алган. Тегерек-четинин баарын деңиз курчап турат.

Түркиянын өнүгүү жолу кыска убакыттын ичинде боло калган жок. Ал үчүн бир топ жылдар кетти. Өлкөнүн өнүккөнүн эмнеден билсе болот? Бир четинен ачуу чындык, бир чети тамаша катары дааратканасынан деп айтаар элем.

Түркиядагы автобус
Түркиядагы автобус

Бирок мен бул ирет Түркиянын даараткана эмес, транспорт жактагы жетишкендигин мисал кылгым келет.

Түрктөр бул жагынан туристтер үчүн эң мыкты шарттарды түзүп берген. Ошол эле маалда анын үзүрүн жергиликтүү калк дагы көрүп жатат.

Коомдук транспорт каражаттары жол акыны карта менен (İstanbulkart, Ankarakart, Kart54 ж.б.у.с.) кабыл алат.

Жайдын ысык аптабында, кыштын ызгаар күндөрүндө автобус жана метролордо кондиционер иштеп турат. Эгерде сиз башка шаарларга саякаттоону кааласаңыз же иш сапар менен кетүүнү пландап жатсаңыз анда автобуска билетти үйдөн отуруп эле интернет аркылуу сатып аласыз.

Ошол учурда ыңгайлуу орун тандап, убактыңызга жараша кетүү саатын да белгилеп алсаңыз болот. Бул үчүн атайын каражат деле керек эмес. Болгону интернетиңиздин мегабайты азаят. Ал эми автобекетке кантип барам деп ойлонбой эле койсоңуз болот.

Ар жарым саат сайын автобус фирмалардын атайын сервистери кызмат көрсөтүп турушат. Болгону убактысында жолго чыгып күтүп турушуңуз керек.

Автобус ичиндеги тейлөө
Автобус ичиндеги тейлөө

Ал эми транспорттогу тейлөө жагын айта турган болсом кардар бир кынтык да таба албайт, автобустар жаңы жана таза, бардык шарттары менен (ар бир адамга ТV, акысыз wifi, кулакчын (наушник), ыңгайлуу орундар) кызматта. Биздикине окшоп орундукка отурсаң чаң буруксубайт. Унаа жүрүп бараткан кезде калдырак-шалдырак үндү деги эле укпайсың.

Алыскы сапарга кайсы гана фирманын автобусу менен жолго чыкпаңыз жарым саат өтпөй ысык чайы менен кофесин, муздак суусун, кола-фантасын, ширесин, таттууларын таратып баштайт.

Чайыңызды же сууңузду коюп койсоңуз эч төгүлбөйт. Бара турган жериңизге жеткенде фирманын акысыз автоунаалары сизди үйүңүзгө же мейманканага алып баруу үчүн күтүп турушат. Саат канчада барсаңыз да таксиге акча коротуп же автобекетте калбайсыз. Мына ушундай тейлөө менен алар жергиликтүү жана чет элдик туристтерди көп тартууда.

Негизи эле ар бир майда-чүйдөгө чейин кылдат мамиле жасоого аракет кылышат. Автобустардын айдоочуларыбанкта же кайсы бир чоң кызматтарда иштегендей эле кийинишет. Бирдиктүү форма каралган. Биздин айдоочулардын көбү кара май кармаган колу менен руль кармап, оозуна тамекини тиштеп алып, бутуна колуна тийгенин илип алышат. Бул, эл ташууда өзүнө да, кардарга да кайгылуу эле көрүнүш. Муну азыр Кыргызстанда жүргөндөр биле бербейт. Андай көрүнүштөргө көздөрү көнүп калган. Бирок сырттан келген адамга дароо байкалат.

Кыргызстанда коомдук транспорт аябагандай эле начар абалда экени баарыбызга маалым. Эл ташыган автобустар жана микроавтобустардын жарымынан көбү техникалык кароодон өткөн эмес, эски жана начар абалда. Шопурлар аялдамалардан гана кишилерди алып же түшүрбөй, өзүнө ыңгайлуу ар кайсы жерге токтой берет. Ал эми алыскы сапарга чыккандар болсо убакты-сааты менен эмес, орундуктун толушун күтүп, башка кардарларын да жолдон кармашат. Анысы аз келгенсип акча үчүн ар кайсы жерден токтоп киши алып, кардардын көңүлүн чөгөрөт. Бул көрүнүшкө баарыбыз эле күбө болсок керек деп ойлойм.

Анан Кыргызстанга туристтерди тартышыбыз керек деп айтабыз. Биз өзүбүздүн жергиликтүү элди тыңгылыктуу тейлей албай жатып, чет элден келген туристтерди жогорку деңгээлде кантип тейлей алабыз? Бул абалдан чыгуунун жолу барбы? Албетте бар. Ал үчүн буга окшогон тажрыйбаларды колдонуу керек. Мисалы, акчасы бар бир эле адам же кайсы бир уюм бул маселени чечсе болот.

Кыргызстанга жаңы жана сапаттуу автобустардан бешти гана алып келип ишти баштасын, калган жыйынтык ушул тармакта иштеген бардык фирмаларга да өрнөк болот эле. Акырындык менен кардардын гана каалоосу боюнча кызмат кылганга үйрөнүшөт беле дейм. Бул сунуш реалдуу жана конкреттүү болушу үчүн аны сөзсүз ишке ашырууга аракет кылуу керек. Болбосо сөз кагазда калып, үн абага тарап кетет.

Арсланбек Кенжешов, Сакарья Университети, Түркия

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG