Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

"Технократ" өкмөттүн алты айы


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт иштей баштаганына алты айдын жүзү болду.

Премьер-министр Сапар Исаковдун "жаштардан жана технократтардан түзүлдү" деген өкмөтү кызматка былтыр 25-августта киришкен. Бирок анын курамы алты ай ичинде бир топ өзгөрдү. Атап айтканда, вице-премьер-министрлер улам алмашып отуруп, акыркысы Санжар Муканбетов 28-февралда гана ант берип, толук кызматына киришти.

Экономист Жумакадыр Акенеев өкмөт кадр саясатынан аксап жатат деген ойдо:

- "Иштебей жатат" дегенден алысмын, бирок абдан көп каталарды кетирип жатышат. Алты айдын ичинде натыйжа көрсөтө алган жок. Ошондуктан мен өкмөт “3” менен “4” деген баанын ортосунда иштеп жатат деп эсептейм. Булар экономика эмне экенин түшүнбөй жатышат.

Өкмөт мүчөлөрү алдыга коюлган милдет-максаттарды аткара албай жатканын өкмөт башчы Сапар Исаков да моюнга алып, өткөн жумада онго жакын министрге сөгүш жана эскертүү берген. Кадр саясаты демекчи, бул өкмөттүн курамына жана аппаратына чет өлкөдөн билим алган адистердин киргени да анын өзгөчөлүгү катары бааланган.

Премьер-министрдин кеңешчиси, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси, Батышта билим алып, иштеп келген Эсенкул Момункулов өкмөт туура жолдо бара жатат деп эсептейт. Ал учурда жасалып жаткан иштер жакын арада сөзсүз натыйжасын берет деп ишендирди:

Эсенкул Момункулов.
Эсенкул Момункулов.

- Учурда системалуу жумуштар жүргүзүлүп жатат. Алардын көпчүлүгү ушул жылдын аягына чейин натыйжасын бере баштайт. Курулуш тармагында чоң жетишкендик болгону турат. Этабы менен долбоорлоо деген кирип жатат. Ал азыр президенттин кароосунда. Мыйзам долбооруна президентибиз кол койсо, анда анын натыйжасын бир-эки айда эле көрө баштайбыз.

Кыргыз өкмөтү мамлекетти санариптик жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун былтыр жарыялаган.

Анын башында өкмөт башчы Сапар Исаков өзү турат. Ал 2-февралда Казакстандын Алматы шаарындагы “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” эл аралык форумунда сүйлөп жатып, "Кыргызстан бул жаатта чоң секирик жасады" деп жарыялады:

- Биз биометрикалык маалыматтарды киргизгенибизге байланыштуу секирик жасадык. Кыргызстандын 80% жакын жарандары биометрика тапшырышты. Тийиштүү түрдө бардык мамлекеттик тейлөө ошого байланыштырылып, мамлекеттик тейлөө порталында ар бир адамдын өзүнүн жеке кабинети болот. Ага жараша кагаз формасындагы көп сандаган маалымдамаларга муктаждык жоюлат. Натыйжада бизнес жана жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнүн сапаты жана ылдамдыгы көтөрүлөт.

Өкмөт убада берген иштердин ичинде катарында коопуздукту жана технологиялык жактан өнүгүүнү камсыз кылат деген “Акылдуу шаар” долбоору да бар. 11-январда "Акылдуу шаар" боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимге кол коюлган. Аны аткаруу милдети Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлгөн. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бул долбоор келишимде көрсөтүлгөн 1,5 жылдан да эрте аткарылып бүтүшү мүмкүн экенин билдирди:

- "Акылдуу шаар" боюнча өкмөттө штаб түзүлгөн. Азыр иштеп жатышат. Инвестор "1,5 жылда ишке ашырабыз" деп айткан. Биз аны "кыскартып бергиле, бир жылдын ичинде бүтүрүп бергиле" деп жатабыз.

2016-жылдагы Конституцияга ылайык, өкмөт башчынын айрым укуктары кеңейтилген. Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, мурдагы өкмөт башчыларга караганда премьер-министр Сапар Исаковдун саясий укуктары да көп. "Бирок өкмөт популизм менен алектенүүнү адат кылып алды" дейт Байсалов:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Программасы башынан эле популисттик болгон. “Кырк кадам” дешти, “Таза коом” дешти. Эми жакында “таза жашоо” деп жатышат. Булардын ураандан тышкары, концептуалдык программасы жок. Болгону бет ачары өткөрүлгөн программалары бар. Аларына ишенсек, көрсө Интернетти да ушулар ойлоп табышыптыр. Паспорт эмне экенин да кыргызга ушулар үйрөтүп жатыптыр. Мамлекеттик каттоо кызматын биз Акаевдин заманынан бери эле эң прогрессивдүү мекеме экенин билебиз да. Акчасын берсең башынан эле паспортту эки саатта даярдап беришчү. Эмнеге аны милдет кылышат? Булар жаңы реформаларды жасоо, жаңы технологияларды киргизүү тууралуу сөз менен гана айтышат, ишке келгенде эч кандай жыйынтык жок. Булардын деңгээлин "Лигласстан" байкагыла, Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан байкагыла. "Технократпыз" деген өкмөттөн эч нерсе калган жок. Өзүнүн алып келген кадрларына Сапар Исаков жума сайын эле катуу сөгүш берип жатат. Өзү алып келген өкмөттүн ишин жактырган жок. Булардын сөздөрүнүн көбү популизм жана пиар. Оорукчан балдарды өпкүлөмүш болуп, ошону менен кыргыз элине жагынгысы келип жатат.

Экономист жана талдоочу Кубанычбек Идиновдун көз карашында, өкмөт дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен алдыңкы технологияларга басым жасап жатат. Ал бул иштер келечекте жемишин берет деп ишенет:

- “Таза коомду” алып карап көрсөк, жасала турган кадамдары так белгиленген жана алдыңкы технологиялар менен иш жүргүзгөнгө аракет кылып жатышат. Бул иштердин арты менен биз ички дүң өнүмдү эки-үч эсе өстүргөнгө жетишип калсак, анда туура жолго түштүк десек болот.

Өкмөт беш жылдык “Жаңы доорго кырк кадам” деген программасын да жарыялап, 2018-жылы экономикалык өсүү 3,6% түзүшү керек экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG