Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Өкмөт Айыл чарба министрлигин реформалайт


Жалал-Абаддагы күнөскана. Архивдик сүрөт.
Жалал-Абаддагы күнөскана. Архивдик сүрөт.

Айыл чарба министрлигинде иштеген 500дөн ашуун кызматкер кыскартылат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, министрлик реформаларга муктаж. Буга чейин да бир канча жолу Айыл чарба министрлигин реформалоо же такыр жоюп салуу тууралуу сунуштар айтылган.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин иши чабал экенин 15-февралда премьер-министр Сапар Исаков жазгы талаа иштерине даярдык боюнча Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып моюнга алды. Анын айтымында, министрлик реформага муктаж:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Акыркы күндөрү Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине көп сын пикирлер айтылып жатат. Биз ал сын пикирлердин көбүнө кошулабыз. Акыркы жылдары министрликте реформа жүргөн эмес. Айыл чарба министрлиги, биз баарыбыз билгендей, статист болуп алган. Биз үч ай мурун функционалдык талдоо баштаганбыз. Ошол функционалдык талдоонун негизинде бардык иштерди бир айда бүтүрөлү деп жатабыз.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бир жылдык чыгымы 1,7 млрд. сом болсо, анын жарымы айлык акыга кетет. Өкмөт башчы Сапар Исаков министрликтин курамында иштеген 500дөн ашуун кызматкердин жумуш орду кыскартыларын айтты:

- Айыл чарба министрлигинде 5280 адам иштейт. Биз азыр иш милдеттерин карап жатабыз. Бүтүп калды. Болжол менен 500дөн ашуун кызмат орду кыскарат. Бирок бул кыскартуу ишке зыянын тийгизбегидей кылабыз. Бир топ нерселер эски бойдон кала бериптир.

Жогорку Кеңештеги жыйында жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу негизинен өкмөт башчы өзү айтып берди, ал эми министр Нурбек Мурашев айрым суроолого гана жооп берип жатты.

Кыргызстанда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - эң көп сынга кабылган мекемелердин бири. Аны такыр жоюп салуу маселеси да кез-кез көтөрүлүп келатат.

Айыл чарба адиси, талдоочу Манас Саматов да өкмөт башчы убада берген кыскартуу жана реформа майнап берерине ишенбейт. Ал жалпы эле бийликте айыл чарбасын терең түшүнгөн адистер жок калды деген ойдо:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

- Айыл чарбасы таптакыр жетекчиликсиз калды. Аны түшүнгөн адистер өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да, министрликте да жок. Бул азыркы эле министрдин күнөөсү эмес. Жалпы эле өлкө жетекчилеринин көп жылдан бери кетирген катасы. Муну оңдоонун бир гана жолу бар, ал – хирургиялык жол. Аны жоюп салып, кайра башкача түзбөсө болбойт.​ Жер семирткичтерди алып келип жаткандар – жеке фирмалар, үрөн алып келип жаткандар – менчик фирмалар, жаңы техника алып келип жаткандар – жеке фирмалар. Булар болсо бир гана нерсеге – уурдамайга, жула качмайга гана аралашат.

Кыргызстан - агрардык өлкө. Расмий маалыматтар боюнча өлкө калкынынын 60 пайызы айыл жеринде жашайт. Айыл чарба тармагынын үлүшүнө ички дүң өнүмдүн болжол менен 30 пайызы туура келет. Академик Жамин Акималиев Айыл чарба министрлиги советтик иш ыкмасынан арылышы керек деп эсептейт.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

- Айыл чарба министрлигин реформалабасак, ишибиз алга жылбайт. Азыркы кезде жердин 97 пайызы, малдын 99 пайызы менчикке өтүп кеткен. Айыл чарба министрлиги илимий жардам берип, тармактын саясатын иштеп чыгышы керек. Ошентип өзгөртпөсөк, бул министрликтин бизге кереги жок болуп калат. Алар азыр БУУнун байкоочуларындай болуп эле карап калышты, бизге андайдын кереги жок.

Жамин Акималиевдин пикиринде, өкмөт "Айыл чарба министрлигинен кыскартылат" деген 500дөн ашык кызматкерди Кыргызстандагы ар бир айыл аймагына бөлүшү керек:

- Менимче, ошол "кыскартабыз" деген кишилерди Кыргызстандагы 480 айыл аймагына бөлүш керек. Айылда малчылар жер алган, мугалимдер жер алган, дарыгерлер жер алган, алар жер иштетүүнү билбей жатышпайбы. Которуштуруп айдоо деген эмне, жерди канча тереңдикте айдаш керек, канча үрөн себиш керек? Ушул нерселерди билишпейт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстанда 335 миң дыйкан чарба бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG