Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:16

26-январда Акыйкатчы институту жылдык баяндамасында таза сууга бөлүнгөн 69 миллион доллар натыйжалуу сарпталбаганын билдирди. Ал ортодо 25-январда өкмөт 2018-жылы 150 айылда таза суу маселеси чечилерине убада берди.

55 жаштагы Айгүл Рысбаева Бишкектен 20 чакырымдай алыс, 8 миңдей эл жашаган Таш-Дөбө айылынын тургуну. Ал айылдыктар таза сууну алыстан ташып ичерин айтып берди:

- Балдарыбыз сууну велосипед же араба менен коңшу айылдан алып келет. Идиш-аяк, кийим-кечени арыктагы суу менен жууйбуз. Таза сууну тамак-ашка гана колдонобуз.

Рыспаеванын айтымында, айыл тургундары бул маселе менен далай эшикти жырткан. Жогору жакка кайрылуудан эч кандай майнап чыкпаган соң акча да чогултушкан экен. Бирок ал каражат суу чыгарууга жеткен эмес.

- Сууну аппарат менен чыпкалап ичебиз. Аны орнотуу деле чөнтөккө күч келтирет. Бирок ден соолук үчүн ага деле кайылбыз.

32 жаштагы Улукбек Кутманбаев Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу Восток айылында жашайт. Ал айылдаштары канча жылдан бери таза сууга жетпей жүргөнүн айтты:

- Убагында айылдын бир көчөсүндө гана жер астынан суу чыгарышкан экен. Калгандарына жетпей калыптыр. Бул маселени далай жолу көтөргөнбүз, - деди Кутманбаев.

Элдин таза сууга укугу сакталбай жатат

Таза суу маселеси 26-январда Акыйкатчы институту өткөргөн “Жарандардын таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” деген тегерек үстөлүндө талкууланды. Бишкектеги жыйын USAID жана Freedom House уюмдарынын колдоосу менен уюштурулду.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз баяндамасында Кыргызстанда 6 миллион элдин 1 миллионго жакыны таза суу менен камсыз болбогонун билдирди.

Оторбаевдин айтымында, өлкөдө 1891 айыл болсо, анын 400дөн ашыгында таза суу жок. Буга чейин эл аралык донорлор, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы институттары "Таза суу" долбооруна чоң каражат бөлгөнү маалым. Бирок алар берген 69 миллион доллар натыйжалуу сарпталган эмес. Бул боюнча Башкы прокуратура, Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, кылмыш иштери козголгон. Жыйынтыгында мамлекетке 6 миллион 372 миң сом гана кайтарылган.

- Биздин кызматкерлер жети облустагы абалды көрүп чыгышты. Аймактар өнүгүп, элдин жашоосу жакшырмайынча Кыргызстан оңолбойт. Таза суу калктын ден соолугун чыңдап, өмүрүн узартуу үчүн керек. Кыргызстан суу башында, Борбор Азиядагы эң мыкты жерде жайгашкан. Биз "такыр жумуш жасалган жок" деп айтпайбыз. Өкмөт атайын программаларды иштеп чыккан. Бирок аларды ишке ашырууда кемчиликтер кеткен, - деди Оторбаев.

Акыйкатчынын баяндамасы Кыргызстандагы бардык аймактардын жашоочуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жана статистикалык маалыматтардын негизинде даярдалган.

Өкмөттүн убадасы

25-январда парламент "Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө” былтыр 23-ноябрда берилген тапшырманын аткарылышын талкуулап, депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришти.

Даир Кенекеев
Даир Кенекеев

Кенекеев бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта суу көйгөйү курч экенин, быйыл 150 айылда маселе чечилерин билдирди. Ага негизинен курулушу мурда башталып, бирок каржынын тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдар кирет экен.

Таза суу боюнча бүгүнкү күндө калктын дээрлик 60% жашаган 1813 айылдын 267синде суу түтүктөрү өткөн кылымдын 50-60-жылдары коюлган. Калган 386 айылда суу түтүктөрү таптакыр орнотулган эмес. Учурда республика боюнча 653 айылга суу түтүктөрүн кайрадан куруу зарыл.

Кенекеевдин айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбооруна тыштан инвестиция тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралган. Ага жалпысынан 24 миллиард сом керек.

Өкмөт Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен бирге "Ала-Тоо булагы" деп аталган долбоорду баштаганын өткөн аптада жарыялаган. Ал "Таза суу" долбоорунун ордуна иштей турганы айтылган.

Араң жанданган ишенич

"Таза суу" долбоору 2011-жылга чейин колдон колго өтүп, алгач аны Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттик, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Суу чарба мамлекеттик комитети көзөмөлдөп турган.

2012-жылы долбоор АРИС уюмуна өткөн. Аталган уюм долбоор 2014-жылы ийгиликтүү аяктагандыктан, эл аралык донорлор Кыргызстанга ишенип, акча бөлүп жатканын маалымдады.

Бишкектеги Суу музейинде илинген сүрөт. 22-апрель, 2015-жыл
Бишкектеги Суу музейинде илинген сүрөт. 22-апрель, 2015-жыл

​Ал эми Freedom House уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Алмаз Эсенгелдиев эл аралык донорлордун дагы бир жолу Кыргызстанга ишенич көрсөтүп жатканын өкмөт эске алышы керек деген пикирде.

- Биздин уюмдун өкүлдөрү тегерек үстөлдү уюштуруп жатканда баяндама менен жакшылап таанышып чыкканбыз. Таза суу маселесин чечүүгө акча жетиштүү болгону менен иш жүзүндө жарытылуу иш жасалган эмес. Эми кайрадан кошумча каражат бөлүнүп жатат. Менимче тиешелүү органдар чогулуп талкуулап, жоопкерчиликти ким аларын тактап, маселени чечүү боюнча сунуштарды бериши керек. Анткени ал акча кайрымсыз берилип жаткан жери жок. Демек туура өлкө казынасына күч келет.

2001-жылы башталган “Таза суу” долбоору​нун биринчи этабы 2009-жылы жыйынтыкталып, 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген. Бирок долбоорлоо иштеринде, тендер өткөрүүдө, суу түтүктөрүн коюуда коррупцияга жол берилип, миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Ошондон улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG