Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:49

"Таза суунун" ордуна "Ала-Тоо булагы"


Кыргызстанда 631 айыл таза сууга муктаж.

Кыргызстанда "Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоор ишке кирди. Өкмөттүн билдиришинче, долбоордун алкагында ондогон айылдар ичүүчү суу менен камсыздалат.

Буга чейин “Таза суу” долбоору он үч жыл иштеп, эл аралык донорлордон миллиондогон каражаттар келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, тиешелүү иштер сапатсыз жасалганы, тендер коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ачыкка чыккан.

"Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырылганы жатат. Ага Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржы берет.

19-январда Бишкекте өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда долбоордун бет ачары болду. Уюмдун программалык директорунун орун басары Чубак Чыналиевдин билдиргени боюнча, биринчи этапта беш жыл ичинде Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 62 айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу пландалууда.

Чубак Чыналиев.
Чубак Чыналиев.

- Кыргызстанда 1813 айыл болсо, анын 631и таза сууга муктаж. Аларда суу таптакыр жок же суу системасын оңдош керек. Таза суу - элет жериндеги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Бизге көп киши кайрылат. Кыргыз өкмөтү атайын стратегия кабыл алып, донорлорго кайрылган. Алар аны колдоп, акча бермей болушкан. Буга чейинки "Таза суу" программасы өз убагында ишке ашпай, бир топ кыйынчылыктар болгондуктан, долбоор 2011-жылы АРИСке өткөрүлүп берилген. Биз аны 2014-жылы үч облуста - Ысык-Көл, Нарын, Таласта ийгиликтүү аяктагандан кийин донорлор Кыргызстанга ишенип, акча берип, жаңы кадамдар башталды. Азыркы долбоордо эки донор бар. Алардын бири Дүйнөлүк банк Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарын, ал эми Ислам өнүктүрүү банкы Жалал-Абадды каржылайт. Эки долбоордун суммасы 51 миллион доллар жана беш жылга эсептелген.

Эч ким жоопко тартылбай калды

Буга чейин "Таза суу" үчүн эл аралык донорлор миллиондогон каражаттарды бергени менен жасалган иштер күтүлгөндөй жыйынтык алып келген эмес. Долбоор 2001-жылы башталып, аны Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк каржылап, 70 миллион доллар бөлүнгөн.

2009-жылы долбоордун биринчи этабы жыйынтыкталып, анда 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилгени айтылган. Бирок долбоорлоо иштери, тендер өткөрүү, суу түтүктөрүн куруу коррупциялык айла-амал менен коштолгону, натыйжада миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Ошондон улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон. Азыркы күнгө чейин кемчиликтерди кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек.

Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттигине караштуу Таза суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев мунун себебин "Азаттык" радиосуна түшүндүрүп берди:

- Биринчи этапта долбоорчулардан, курулушчулардан баштап кетирилген кемчиликтер көп болчу. Жерине барбай туруп долбоор чийип койгон, барбай туруп эски түтүктөрдү, эски жабдыктарды орноткон учурлар болду. Коррупциялык аракеттерден улам ушундай абалга келгенбиз. Көбүнчө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишти андан ары уланта албай жатат, бүгүнкү күндө баары күнөөлүү. Биринчи этапта бул иштерди жасагандардын баарын тактап, 2012-2013-жылдары прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына да бергенбиз. "Кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде бирөө да жазаланбай калды.

Баткен: 20 жыл таза суу жетпеген Дөбө айылы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Антсе да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз дарегине айтылган сын пикирлерге макул эмес. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов мурунку долбоордо жергиликтүү бийлик тендерге катыштырылбай, ага көзөмөлдөө милдети гана жүктөлүп калганынан кемчиликтер болгон деген ойдо.

- Туура, кээ бир жерлерде жетекчилер, айыл өкмөттөрү таза суу чыгарып жаткан фирмаларды карабай, көзөмөл болбогону үчүн мүчүлүштүктөргө жол берилген. Бирок жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрү тендерге катышса жакшы болот эле. Абройлуу фирмаларды ишке тартууга мүмкүнчүлүк болмок. Бул жерден тендер өткөрүп эле жиберип коюшат, эгер жакшы салынып калса компания макталып, жаман салынса жергиликтүү бийлик күнөөлүү болуп чыгып отурат. Биз иштин жүрүшүн көзөмөлдөйбүз. Бирок тендерге катышпагандыктан, кайсы фирмалар тандалып жатканын билбей калып атабыз. Катышсак ошол фирма кура алабы-жокпу, дарамети жетеби, техникасы, адистери барбы, билмекпиз. Дагы бир айтчу нерсе - мурда сапатсыз иш кылган фирмаларды "кара тизмеге" киргизип, кийинки тендерлерге такыр катыштырбаш керек. Ошондо алар да өз жоопкерчилигин сезе баштайт.

Үмүт чоң, ишенсе болобу?

"Таза суу" долбоорунун аткарылышына коз салган жарандык активист, АРИС уюмундагы тендердик комиссиянын мүчөсү Анара Дауталиева болсо жаңы программада тендер өткөрүүнүн жол-жоболору өзгөргөнүн билдирди. Анын айтымында, элди таза суу менен камсыз кылууда айыл өкмөттөрүнүн укуктары менен милдеттери кеңейтилип жатат.

Анара Дауталиева.
Анара Дауталиева.

- Мурдагы көрүнүштөрдү кайталабаш үчүн азыр жаңы ыкма киргизилүүдө. Эми АРИС уюму, Архитектура, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба агенттиги эмес, айыл өкмөт, жергиликтүү бийлик өзү буюртма берүүчү болот. Алар долбоордун сметасын, суу каяктан чыгарын - баарын тактап, көзөмөлдөйт. Иш бүтүп, тапшырылып, кабыл алынганга чейин өздөрү кожоюн болушат.

Ошентип, бийлик жаңы долбоордо мурдагыдай тендердеги кол ийрисине тарткан "коррупциялык айла-амалдар болбойт, болочокто акырындык менен муктаж айылдардын баарына таза суу жетет" деп ишендирүүгө аракет кылууда. Буга чейин чоң акча менен кандай тендер өткөрүлбөсүн ызы-чуу менен коштолуп келген. "Сынактарга бийликтеги жогорку кызматта тургандарга таандык компаниялар катышып, утуп чыгат" деген маалыматтар айтылган.

Таза суу күткөн Шакафтар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Кыргызстанда таза сууга жалпысынан 1,5 миллион адам муктаж. Бул айрыкча Жалал-Абад, Ош жана Баткен дубандарында көкөйгө тийген маселелердин бири. Айрым айылдар мал-жандык кечкен, бир катар кыштактарды аралап аккан, булганган арык суусун пайдаланышат.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, таза суунун тартыштыгына байланыштуу өлкөдө жугуштуу оору-сыркоо да көп. Ичүүчү суунун таңсыктыгы менен катар саркынды суу агызуучу системанын жоктугу тазалыкка, элдин саламаттыгына терс таасир тийгизүүдө. Кыргызстандын эл жашаган аймактарынын 21 пайызы гана саркынды суу агызуучу система менен камсыз болгон.

Баткен: Дөбөдө таза суу көздөн учат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG