Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Элетти өнүктүрүүгө акча керек


Суусамыр.
Суусамыр.

Кыргызстанда 2018-жыл аймактарды өнүктүрүүгө арналды.

Элетти өнүктүрүүнүн өзөгүндө эмне турат? Экономикалык-социалдык маселелердин каржылык булактары чечилгенби? Жергиликтүү бийликти күчөтүш керекпи? Аймактык-административдик реформа болобу? "Арай көз чарай" берүүбүздө ушул ж.б. суроолорго жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев жана өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин башкармалыгынын башчысы Азамат Шамеев катышты.

“Азаттык”: Азамат мырза, президент 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоонун зарылчылыгы эмнеден келип чыкты деп ойлойсуз?

Азамат Шамеев: Биринчиден, бул жарлыктын маңызы - аймактарда жашаган элдин жашоо-шартын жакшыртуунун багыттарын иштеп чыгуу. Ал кайсы багыттар? Социалдык маселелер, экономикалык шарттарды жакшыртуунун жолдору, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралган. Бул багыттар боюнча иш-чаралар пландалып, эми аларды аткаруу жагы күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, мурдагы бийлик башчыларынын тушунда “Элет”, “Күчтүү аймак - күчтүү маммлекет” өңдүү программалар болгонун билебиз. Бирок андагы айтылган багыттардын көпчүлүгү аткарылбай ара жолдо калганы белгилүү. Бул жолу да ошондой эле ураан болуп калбайбы деген чочулоо бар...

Кенжебек Бокоев: Албетте, учурда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп, сөз болуп жатканы жакшы. Тилекке каршы, аймактарда көп тармактуу маселелер чечилбеген бойдон калууда. Биз аймак дегенде айылды элестетебиз, азыр айылды караган өкмөт жок. Ооба, мурдагы өкмөттөрдө дагы бир нече программалар болгон. Айталы, "аймактык-административдик реформа жүргүзөбүз, башкаруу оңой жана оптималдуу болот" дегенбиз. 2008-жылдын бери ушул маселе боюнча бир нече графиктерди койгонбуз. Эч нерсе жасалган жок.

Кыргызстанда 453 айыл өкмөт бар. Бир айылдан турган 31 айыл өкмөтү бар, бул дагы ойлончу маселе. Айыл өкмөттөргө 26 жылдан бери "каржылык жагынан өз алдынчалуулук беребиз" дейбиз, ал аткарылбайт. Баарыбыз - президент, премьер-министр да - айылдан чыкканбыз. Мамлекеттеги элдин жашоосунун маңызын айыл түзөт. Аларга биз өлкө бюджетинен 11 эле пайыз берип жатабыз. Канча болушу керек эле? Биз жакында Эстонияга барып келдик. Алар "бюджеттин 25 пайыздан кем эмес бөлүгү жергиликтүү органдарга берилсин" деп жазып коюшуптур. Ошондо гана айыл өкмөт, мэрия элдин жашоо-шартын жакшыртып, маселелерди чече ала тургандыгын көрүп келдик.

“Азаттык”: Азамат мырза, өткөн жылы өкмөт кабыл алган 2018-2022-жылдарда аймактарды өнүктүрүү саясатынын концепциясы Кыргызстандын пилоттук шаарларынын базасында өсүүнүн 20 таяныч борборун түзүүгө багытталганын билебиз. Ал борборлор эмнеге таянат, негизи кайсы маселелерге көңүл бурулат?

Азамат Шамеев: Ал концепциянын негизги базалары катары Бишкек, Ош шаарлары баш болуп, 20 шаар кирди. Алар аймактардагы потенциалдуу борборлор болуп эсептелет. Борборлор аркылуу аларга жакын аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Ошол шарттарды аткаруу менен аймактардын деңгээлин көтөрүү да негизги максат болуп эсептелет. Ошол эле “Таза коом” програмасы аркылуу ишке аша турган элди тейлөө кызматары, маалымат күркөлөрү, "Таза суу" программасы, аймактардын башкы пландары сыяктуу негизги маселелерди чечүү үчүн борборлор аныкталган. Концепциянын негизги талаптарын аткаруу максатында бардык мамлекеттик органдардын катышуусунда иш-чаралар иштелип чыккан. Тийиштүү мөөнөттөр, анын так аткаруучулары көрсөтүлгөн.

Ош шаары.
Ош шаары.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, жарлыкта "аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн чаралары азыркы убакта системалуу боло элек" деп айтылат. Системалуу болуш үчүн эмне кылыш керек?

Кенжебек Бокоев: Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынан бери бир нече өкмөт келип кетти. Конституцияга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз алдынча институт катары өкмөттөн бөлүнгөн. Эң негизги маселе - айыл өкмөткө ошол мыйзам боюнча берилген бийликти, каражатты берейин деген өкмөт башчы жок. Аны аткара турган киши жок. Эми өкмөт өзү кабыл алган концепцияны аткарышы керек. Бул жарлыкты президент чыгарып жатат, ал аткаруу бийлиги эмес. Аймактарды өнүктүрүүнү президент жасайбы же премьер-министр жасайбы, бул дагы көп суроолорду жаратат. Аймактарды өнүктүрүш үчүн программанын, стратегиянын кереги жок. Мисалы, “Таза суу” программасын чечиш үчүн 25 миллиард сом керек. Эгер акчаң жок болсо, канча программа жазсаң да аткарылбайт. Анан "таза суу маселесин беш жылда чечебиз" деп жаткандары "беш жылда космоско чыгабыз" дегендей эле кеп болууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Аймактарды өнүктүрүүгө акча керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:17 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG