Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:57

Экономикадагы өсүштөр жана өксүктөр


Кыргыз өкмөтү быйыл экономикалык өсүштү камсыз кылууга убада берүүдө. Өкмөттүн маалыматы боюнча, жыл аягына чейин ички дүң өндүрүмдүн анык өсүшү былтыркыдан жогорулап, баалар туруктуу кармалышы керек. Бирок былтыркы жылдын аягында экономиканын өнүгүшү солгундаган жайы бар.

Жаңы жыл алдында кабыл алынган 2018-жылдын бюджетине көз салсак, ички дүң өндүрүмдүн анык өсүшү 3,6 пайызга жогорулап, инфляция 5,7 пайызда сакталары көрсөтүлгөн. Мындай абалда доллардын курсу 70 сомдун тегерегинде кармалышы керек.

Экономиканы тармактар боюнча алганда кызмат көрсөтүүдө, курулушта жана айыл чарбасында өсүш болушу керек. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бул тармактардагы өсүштү камсыз кылуучу жагдайларды төмөнкүчө түшүндүрдү:

Данияр Иманалиев.
Данияр Иманалиев.

- Тармактардын бардыгында экономикалык өсүш камсыз болот. Буга ЕАЭБге мүчө болуп кирүүнүн оң таасири тиет деп айтсак болот. Маселен, акыркы эки жылдын динамикасын карасак, экспорттук дараметибиз күчтөнүп жатканын байкай алабыз. Айыл чарба өндүрүмү, тигүү, жеңил өнөр жайында чукул өсүш бар. Буга кошумча өндүрүш тармагында оң жакка өзгөрүүлөр болуп жатат

Бирок быйылкы жылга тармактар боюнча өнөр жайдагы өсүш тууралуу божомол көңүл жылытарлык эмес. Экономика министрлиги мындай пессимисттик божомолду Кумтөр кениндеги алтын өндүрүү азая тургандыгы менен түшүндүрүүдө.

Анткен менен бюджеттеги каражат былтыркыдан айырмаланган жок. 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882,2 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149,3 миллион сомду түзөт. Тартыштык жылдагыдай эле 20 миллиард сомдон ашык болот.

Мындан тышкары, акыркы жылдары мамлекеттик карыз маселеси санааркатып келет. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылдын декабрына карата тышкы карыз 4 миллиард 444 миллион долларды же 309 миллиард 971 миллион сомду түздү.

Карыздын тутумун карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алганы байкалат. Кыргыз өкмөтү тышкы карызга алынган каражаттар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалып жатканын айтып, бул үчүн тынчсызданууга негиз жок экенин билдирип жүрөт. Ал эми 2018-жылы карыздарды төлөөгө бюджеттен 25 миллиард сомдон ашык каражат караган.

Жогорку Кеңештин "Республика Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөттүн экономикадагы аракеттерин чабал деген баа берет. Депутаттын пикиринде, өкмөт "өп-чап" бюджет менен өзгөрүүгө жигери жоктой:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- "Коррупцияны жоюп, салыктан түшкөн каражатты эки-үч эсе көбөйтөбүз" деген дымактуу пландар коюлган жок. Бюджет жылдагыдай эле тартыштык менен өп-чап негизде иштейт. Экономикада 2018-жылы эч кандай өзгөрүү болбойт. Жылда кандай болсо, ошондой абалда болот.

Бирок өкмөт мындай сын пикирлерди четке кагып, инвестиция тартуунун эсебинен абалды оңдой тургандыгын билдирип келет.

Инвестиция демекчи, 2017-жылы Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 500 миллион долларга жакын каражатты түзгөн эле. Өкмөт бул санга канааттанбай, инвесторлор үчүн жакшыраак шарт түзүп, анын көлөмүн арбытууга убада берип жатат. Бул жагынан Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги түзүлүп, ишин баштады. Агенттиктин директору Эсенкул Момункулов быйыл 1 миллард долларга чейин инвестиция тартууга белсенип жатканын билдирди.

Бирок ишкерлер өлкөгө инвестиция келбей, долбоорлордун ишке ашпай жатышына бийликтеги туруксуздук, коррупция баш болгон бир катар маселелерди себеп катары көрүшөт. Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкуловдун айтымында, дал ушул себептер инвестиция тартууга жолтоо болуп жатат.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Ачык айтканда, туруктуулук жок, ишениш оор. Мисалы, бир ишкер 2-10 миллион долларга чейин кайсы бир социалдык же өнөр жай долбооруна акча жумшаса, бир-эки айдан соң өкмөт алмашып кетип, башка талаптарды кое баштаса эмне болот деп чочулашат. Экинчи маселе - укук коргоо органдары. Мамлекет менен иш алып бара баштасаң эле прокуратура жана башка органдар улам келип текшерип, жолтоо болушат. Ошондуктан буга каражат салып, акыбетин албай калабызбы деп чочулагандар көп.

Расмий маалымат боюнча алганда Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашыгы же 1,5 миллионго жакын киши жакырчылыктын чеңгелинде жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG