Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

2017: Дүйнөлүк экономиканын жанданышы


Шанхайдагы эркин соода аймагынын бир бөлүгү. 13-февраль, 2017-жыл.
Шанхайдагы эркин соода аймагынын бир бөлүгү. 13-февраль, 2017-жыл.

Дүйнөлүк экономика жана соода 2018-жылга кандай абалда кирип жатат? Аяктап калган 2017-жыл кандай жыйынтыктарды берүүдө? “Азаттык” ушул жана башка суроолор менен баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейнге (Nigel Paine) кайрылды.

“Азаттык”: Дүйнөлүк экономиканын 2017-жылдагы өсүү ыргагы мурдагыдан жогорулай турганы жыл ортосунан эле маалым боло баштаган. Демек, 2017-жыл чын эле мурдагыдан жакшы көрсөткүчтөр менен аяктап жатабы, сиздин баамыңызда бул жылы дүйнөлүк экономикадагы негизги тенденция эмне болду?

Пейн: Ооба, биз дагы 2017-жылы дүйнөлүк экономикадагы өсүш бир топ оңолгонуна күбө болдук.

Биздин уюмдун соңку эсептөөсүнө караганда, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк экономикадагы өсүш 3,6% тегерегинде болот. Өсүш негизги экономикалардын көпчүлүгүндө синхрондуу кетип жатты. Биз айрым өлкөлөрдөн, өзгөчө Европадан күтүлбөгөн жана позитивдүү жүрүмдөрдү байкадык. Экономика менен кошо өсүш дүйнөлүк сооданы да камтыды. Булар менен бирге эмгек базарындагы кырдаал да бир топ жакшырды.

“Азаттык”: Демек, анда 2008-жылкы кризистен кийин бир топ жыл ирдене албай, андан соң ыргылжың абалда туруп келген дүйнөлүк экономика эми жанданган экен да. Буга эмне түрткү берди, негизги себептери кайсылар?

Пейн: Соңку үч-төрт жыл аралыгында дүйнөлүк экономикадагы өсүш солгун болгон учурларга салыштырмалуу 2017-жыл ичиндеги жылыш олуттуу. 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк экономика үч пайызга эле кеңейсе, 2017-жылдын жыйынтыгы менен алдыда айтканымдай, 3,6% өскөнү турат. 2018-жылкы өсүштү болсо биз 3,8% деп күтүүдөбүз. Бул - сезилерлик жылыш.

Ал эми буга түрткү берген себептерге келсек, менимче, эң маанилүүсү - экономикалык саясаттагы ыңгайлуулуктар.

Маселен, дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытайдан биз 2016-2017- катары менен кыйла эле кеңири фискалдык стимулдаштырууну көрдүк. Кытай ошондой эле инфраструктурага да олуттуу инвестиция жумшады. Кытайдын мындай долбоорлорду өзүндө эле эмес, чет мамлекеттерде да каржылашы ага алыш-бериш жагынан байланышкан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өсүшкө көмөктөштү.

Азияда өзгөчө экспорттун өсүшү күтүлгөндөн кубаттуу болду. Экономика чийкизат экспорттогон мамлекеттерде да көтөрүлдү. Өнүккөн, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө болгон мамлекеттерде болсо акыркы эки жылда өсүштү мурдагыларга салыштырмалуу фискалдык жана монетардык саясат көбүрөөк колдоду. Мисалы, насыялар (кредиттер) боюнча үстөк пайыздар өзгөчө Европада, Жапонияда али да нөлгө жакын чекте турат.

Өнүккөн мамлекеттер ошондой эле бюджет чыгымдарын кыркып, кыскарткан чара - фискалдык консолидация мезгилинен - өзгөчө 2017-жылы фискалдык (каржылык) жеңилдетүү жараянына көчүштү. Алсак Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмундагы мамлекеттер 2015-16-жылдары орточо Улуттук дүң өнүмүнүн жарым пайызы көлөмү өлчөмүндө фискалдык чектөөгө барса, 2017-жылдан бери алар, тескерисинче, акчалай көлөмү улуттук дүң өнүмүнүн жарым пайызына барабар өлчөмдө каржылык жеңилдетүүгө барышууда.

Андыктан жагымдуу фискалдык жана ыңгайлуу монетардык саясаттын биригиши, Кытайдын суроо-талабынын күчөшүнөн улам өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өсүш, жалпысынан, дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргагын күчөттү.

Балким, экономикалык саясат жагынан көп деле жакшы иш кылбаган мамлекеттердин деле эгер ири оюнчуларга глобалдык наркты жаратуу жагынан байланышы болсо соодасы жана өнөр жайы жанданды. Бул ошол өлкөлөрдө да өсүшкө алып барды.

АКШ

“Азаттык”: Дүйнөлүк экономиканын өсүшү же ылдый кетиши cаналуу гана негизги оюнчуларга гана көз каранды туурабы? Чоң жыйырманын тобуна кирген мамлекеттер эле дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 85% берет. Алардын башкыларындагы бир аз өз-өзүнчө токтолуп көрсөк. АКШда 2017-жылы баалуу кагаздардын наркы жогорулады. Атүгүл президент Дональд Трамп жыл соңундагы сөздөрүнүн биринде ал бийликке келгенден бери баалуу кагаздардын баасы алты триллион долларга кымбаттаганын айтып өттү. Бул экономикадагы жалпы оң тенденциялардын белгисиби?

Пейн: Ооба, Кошмо Штаттарда баалуу кагаздардын наркы кыйлага кымбаттаганы анык. Бул бир жагынан керектөө чыгымдарынын көбөйүшүнө көмөктөштү.

Өзү АКШда экономиканын 2008-жылдагы кризистен берки кайра жандануусу Европага караганда бир нече жылдан бери эле ыкчам кетип жатат. Биздин эсепте, АКШдагы өсүш 2017-жылды 2,4%, 2018-жылы 2,5% түзөт. Экономиканын өсүү ыргагынын мындан аркы көрсөткүчтөрү 2017-жылдын аягына барып Конгрессте жактырылган салык реформасынын, салыктардын кыскаруусунун таасирине да көз каранды болот.

Ошондой эле АКШда Федералдык резерв системасы насыялар боюнча үстөктү баскыч-баскыч менен көтөрүп жатат.

Жумушсуздук тарыхый жактан эң төмөнкү деңгээлге - 4% тегерегине түштү. Анткен менен биздин көз карашта, АКШ үчүн азыр кеминде эки баш оору бар.

Биринчиден, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү азыр да алсыз бойдон. Бирок, бул АКШда, башка өнүккөн мамлекеттерде айлык акылардын жогорулоосун токтотууга жардам берген жок.

Экинчиден, баалуу кагаздардын кымбатташы үй-бүлөлөрдүн каржысы көбөйүшүнө, керектөөнү колдоого пайдасын тийгизгени менен каржы базарлары үчүн тобокелдик жана аларды аярлуу кылган жагдайлар жок эмес. Анткени, акциялар базарындагы, баалуу кагаздар базарындагы олку-солкулуктар да азыр тарыхый жактан эң төмөнкү деңгээлде, ошондой эле он жыл мурдагы каржылык кризистин алдыдагыдай болуп АКШдан насыялар боюнча үстөктүн төмөндөшү жапырт жайылуусун көрүп жатабыз. Бул каржы базарлары үчүн тобокелдик.

АКШ менен Кытайдын ишкерлери соода келишимдерине кол койгон учур. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.
АКШ менен Кытайдын ишкерлери соода келишимдерине кол койгон учур. Бээжин, 9-ноябрь, 2017-жыл.

Азаттык”: Бирок сиз алдыда АКШнын Улуттук банкы саналган Федералдык резерв системасынын насыялар боюнча үстөгүнүн акырындык менен көтөрүлүп жаткандыгын айтпадыңызбы. Бул өз кезегинде акча башка базарлардан АКШны көздөй агылышына шарт түзөбү?

Пейн: Бул айрым акчанын башка өлкөлөрдөн кайра АКШга агылуусуна стимул берет. Бирок, албетте, Европадан эмес, башка мамлекеттерден монетардык саясат бекемделе баштаганын байкоодобуз.

Мисалы, АКШнын коңшусу Канада да кредиттер боюнча үстөк пайыздарды жогорулатууга киришти. Монетардык саясатты күчөтүүнү башка бир катар өлкөлөр да сөз кылып жатышат. АКШга капитал агылуусуна монетардык саясат эле эмес, инвестиция үчүн киреше алуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору болгону, кеңдиги да салым кошууда.

please wait

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
Түз линк

Кытай

Азаттык”: Эми дүйнөнүн экинчи экономикасы Кытайга келсек. Алардын “бирдиктүү кур, бирдиктүү жол" саясаты экономика үчүн натыйжалуулугун бере баштадыбы? 2018-жылга Кытай кандай натыйжалар менен кирүүдө?

Пейн: Эгер бир-эки жылга артка кылчайсак, Кытайда экономика, ички дүң өнүмдүн өсүшү кескин төмөндөп кетет деген тынчcыздануу бар эле. Бирок андай болгон жок.

Өсүш 2016-2017-жылдары 6,7% 6,8% тегерегинде турат. Мунун бир себеби - айтканыңыздай эле Кытайдын “бирдиктүү кур, бирдиктүү жол” демилгеси, инфраструктура секторуна жумшалган чыгымдын өтө көптүгү. Анткен менен, менимче, Кытайда кыйынчылыктар көп эле.

Аларда жалпысынан корпоративдик карыздын деңгээли турукташууда, насыялардын өсүшү да акырындык менен басаңдап, ички дүң өнүмдүн өсүшүнө шайкеш келе баштаганы менен, бизнесте жана элде карыздын жүгү оор. Кытай үчүн кооптуу жагдайлардын бири ушул. Бирок азырынча экономикага алым-кошумча, түзөтүү киргизүү жараяны бир кылка, тегиз кеткенине күбө болуудабыз.

Шанхайдагы эркин соода зонасы.
Шанхайдагы эркин соода зонасы.

“Азаттык”: Кытай инфраструктура боюнча долбоорлорду өзүндө эле эмес, сыртта да каржылап жатпайбы. Мисалы, Кыргызстанда да. Бирок бул айланып келип, анын өз экономикасынын өсүшүнө да салым кошууда, туурабы?

Пейн: Ооба, бул Кытай экономикасына жардам берүүдө. Ал инфраструктура үчүн эң көп акчаны өз ичинде коротууда. Маселен, 2016, 2017-жылдардын жыйынтыгы менен инфраструктурага инвестиция Кытайдын өзүндө 20% тегерегинде көбөйдү.

Сырттагы инфраструктуралык инвестициясы болсо Азия менен Африканын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндөгү экономикалык жигердүүлүктү колдоду. Бул өз кезегинде Кытайдын алар менен транспорттук жана инфраструктуралык байланышы орношун, ошону менен катар Кытайдан бул өлкөлөргө экспорту өсүшүн же ошол өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда кошумча наркты жаратуу боюнча бекем байланыш түзүлүшүн шарттайт. Бул акыр-аягында экономикадагы натыйжалуулукту жана өндүрүмдүүлүктү арттырат.

Орусия

“Азаттык”: Кыргызстандын экономикалык абалы көбүнесе Орусияга көз каранды. Орус экономикасы 2017-жылды кандай аяктап жатат, 2018-жылы аны эмне күтөт? Бир жыл мурун орус экономикасында өсүш бир пайыздан ашпайт деп болжолдонгон эле?

Пейн: Менимче, Орусия экономикасында 2017-жылкы өсүш күтүүсүз болду. Биздин эсепте, ички дүң өнүмдүн өсүшү 2% айланасына чыгат. Ушундай эле өсүштү биз 2018-жыл үчүн да күтөбүз.

Бирок мурдагыдай эле азыр да мунайдын баасы - орус экономикасы үчүн маанилүү көрсөткүч. Мунайдын кымбатташы - Орусиянын экспорттук кирешеси көбөйөт деген сөз, андайда орус экономикасы өзүн ишенимдүүрөөк сезип калат. Алдыда Орусиянын каржылык саясаты кандай нукта кетет, өкмөт фискалдык саясатты катаалыраак кылууну каалайбы же жокпу, бул экономикалык жигердүүлүкккө кандай таасир этет деген маселе бар.

Ооба, Батыштын Орусияга каршы соода-экономикалык санкциялары али күчүндө, алар экономиканы артка тартып жатканы да анык. Бирок, 2015, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жыл позитивдүү болду. Менимче, эгер чийкизаттын баасы бери дегенде азыркы баскычында турса, орус экономикасында өсүш уланбай турганына себеп жок.

Соодагы өсүш

“Азаттык”: Демек, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эсептерине ишенсек, дүйнөлүк экономика 2018-жылга салыштырмалуу жакшы абалда кирип жатат экен. Бул өз кезегинде 2017-жыл ичи соода да оңолду дегенди билдирет. Глобалдык соодадагы негизги көрсөткүчтөрдү салыштырып айтып бере аласызбы?

Пейн: Дүйнөлүк соодадагы өсүш да жакшырганы анык. Бул дүйнө өлкөлөрүндө инвестиция көбөйгөнүнөн улам болду. Анткени инвестиция - сооданы күчөтүүчү ишмердик да. Биздин эсепте дүйнөлүк соодадагы, бул жерде товар сатуу да, кызмат көрсөтүү да бар, өсүш 2016-жылы 2,6% болсо, 2017 -жылы 4,8% чыкканы турат. Бул чоң өсүш жана ал соода саясатынын келечегине байланышкан бүдөмүк жагдайларга карабай болуп жатат.

Албетте, бул өсүштү үзгүлтүккө учуратуучу кооптуу жагдайлар да бар. Эгер дүйнөдөгү экономикалык жигердүүлүк чыңдалса, менимче, соодадагы өсүш дагы уланат.

Каир шаарындагы базар. 12-декабрь, 2017-жыл.
Каир шаарындагы базар. 12-декабрь, 2017-жыл.

“Азаттык”: Аяктап жаткан 2017-жыл ичи дүйнөнүн биринчи экономикасы - АКШ соодада “адилеттикти” талап кылса, экинчи экономика Кытай эркин сооданын жактоочусу болуп чыга келди. Бул экөөнүн ортосундагы соодада Кытайга пайдалуу чоң тартыштык бар экени белгилүү. Кытай эркин сооданын коргоочусуна айланышын эмне менен түшүндүрөсүз?

Пейн: Кытай соодадан пайда көргөн өлкө да. Экспортунун өсүшү солгундап кеткенден кийин, кайра анын күчөшү Кытай экономикасына жалпысынан жардам берет.

Эркин соода белгилүү бир убакыт аралыгында Кытайдын экономикасы менен бирге кытайлардын жашоо стандарттары оңолушуна да салым кошо алат. Ал эми АКШ соода адилеттиги жөнүндөгү маселени козгогону менен бул чөйрөдө азырынча кичинекей эле бир-эки нерсе жасады, сооданы үзгүлтүккө учураткыдай ишке бара элек.

Реформа муктаждыгы

“Азаттык”: Сиздер демек 2018-жылы да дүйнөлүк экономикада чоң жылыш болот деп күтүп жатасыздарбы?

Пейн: Ооба, дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2018-жылы да туруктуу болот деп күтүүдөбүз. Бирок, 2017-жылдагыдай ыкчам эмес. Биздин эсепте, дүйнөлүк ички дүң өнүм 2018-жылы 3,7% эле өсөт. Кытайда өсүш 6,5% бир аз ашат. АКШда 2,5% болот.

Экономикада дүйнө жүзү боюнча өсүш күтүлгөнү менен биз дүйнөлүк экономикалык жигердүүлүктүн ыргагын артка тарта ала турган айрым факторлорду да байкап жатабыз.

Маселен, инвестиция менен инвестициялык сарптоолордо 2018-жылы 2017-жылдагыдай өсүш күтүлбөйт. Буга кошумча ири экономикалардын көбүндө эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү да начар болуп турат.

Дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргагы инвестицияга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнө көз каранды да.

Мурда эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору эле. Маселен Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мамлекеттеринде 2008-жылкы кризиске чейинки он жылдыкта эмгек өндүрүмдүүлүгүн жылдык орточо өсүшү 1,8 % болуп турган. Кризистен кийинки он жылдыкта болсо эмгек өндүрүмдүүлүгү жылына орточо 0,6% чейин түшүп калды.

Демек эмгек өндүрүмдүүлүгү орточо жылына бир пайызга кыскарып кеткен. Бул узак мөөнөттөн алганда улуттук дүң өнүмдүн кыскаруусуна алып бара турган фактор.

Учурда болсо эмгек өндүрүмдүүлүгүн өсүшү орточо бир пайыздын гана тегерегинде болууда.

Нью-Йорк биржасы. 14-декабрь, 2017-жыл.
Нью-Йорк биржасы. 14-декабрь, 2017-жыл.

Негизи биздин эсептер боюнча 2018-2019-жылдары өнүккөн өлкөлөрдүн көбү кайра экономикалык күч-кубатынын жеткен чегине кайтып келет. Бул баягы экономиканын сунуш жагын эске алганда, экономикадагы ишмердиктин күтүлгөн эң жогорку чеги да.

Андан кийин экономикадагы жаңы секирик жасаш үчүн бир нече жыл инвестиция жана эмгек өндүрүмдүүлүгү өсүш керек. Өндүрүмдүүлүк болсо компаниялардын атаандаштыгы арты менен жаралат. Бул үчүн шарт-жагдай, стимул түзүлүп жатканын азырынча байкай элекпиз.

Кырдаал азыр саясатты аныктоочулардын колунда. Биздин оюбузча, узак мөөнөттүү өсүштүн келечегин жакшыртуу үчүн алдыда экономиканын структурасындагы саясат боюнча күчтүү аракеттер өнүккөн да, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн да зарыл.

Башкача айтканда, өлкөлөр жеке сектор өндүрүмдүүлүктү, айлык акылардын көбөйүшүн жана кыйла ар тараптуу өнүгүүнү колдошуна дем бериш үчүн ийкемдүү реформалар топтомун (пакетин) ишке ашыруусу абзел.

P.S. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна дүйнөнүн эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 35 өлкөсү мүчө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG