Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:03

Президент Дональд Трамп АКШ “адилет соодага” муктаждыгын айтып, апта башында бул багытта алгачкы чечимин кабыл алды. Ички дүң өнүмүнүн көлөмү жагынан дүйнөдө биринчи орунда турган Кошмо Штаттардын учурдагы тышкы соодасы кандай жана азыркы тартиптин кандай пайда-зыянын көрүп жатат?

Шайлоо өнөктүгү учурунда азыркы эркин соода келишимдеринин АКШ үчүн пайдасыздыгын утур-утур айтып, атүгүл Кытайды АКШ экономикасын “зордуктап салды” деп айыптаган Дональд Трамп кызматка расмий киришкенден кийинки эң алгачкы жарлыктарынын бири менен Кошмо Штаттарды Транс Тынч океан өнөктөштүгү деген келишимден чыгарды.

Азия -Тынч океан чөлкөмүндөгү он эки өлкө былтыр түзгөн бул келишим күчкө кире элек болчу жана ага кошулган мамлекеттер арасында соода тарифтерин кыскартууну, эркин соода зонасын, болочокто Европаныкына окшош бирдиктүү базарды түзүүнү максат кылышкан болчу.

Президент Дональд Трамп ал келишимден чыгуу АКШга өндүрүштү, жумушчу орундарын өзүнө кайтарууга шарт түзөрүн ырастап, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда “адилет соода” муктаждыгын айтып, ага жүйө катары мына буларды келтирди:

Ак үй, 23-январь, 2017-жыл.
Ак үй, 23-январь, 2017-жыл.

- Эгер сиз Кытайга же башка өлкөлөргө бир нерсе саткыңыз келсе, бул абдан, аябай эле кыйын. Кээ бир учурларда дээрлик мүмкүн да эмес. Алар сиздин товарыңызды албайт, алса да өтө чоң салык коюшат. Мен муну эркин соода да айтпас элем. Биз адилет сооданы каалайбыз. Дагы бир мисал: биз Жапонияга автоунаа сатсак, алар биз муну жасай албагандай иштерге барууда. Өздөрү болсо бизге жүз миңдеген унааларды ири кемелер менен алып келип сатууда. Мына ушул жөнүндө айтуубуз керек. Бул - адилеттик эмес.

Президент Трамп мисал тарткан Кытай АКШ чыгып кеткен Транс Тынч океан өнөктөштүгү келишимине кирген эмес, бирок ага Жапония кошулган.

Азиянын бул ич ара атаандаш эки дөө-шаасынын АКШ менен учурдагы соодасы эки тараптуу келишимдерге эмес, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине негизделип турат.

Калифорниянын Стенфорд университетиндеги Гувер борборунун илимий кызматкери, экономика профессору Михаил Бернштам “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде АКШнын Кытайга каршы ыктымал соода чектөөсүнүн кесепеттери тууралуу мындай дейт:

- Кытай менен АКШ ортосундагы сооданын бир жылдык көлөмү 600 миллиард долларды түзөт. Кытай үчүн Кошмо Штаттардын базары эң башкы базар, анын ичинде өзүнүн технологиялык өнүгүшүн “текшерүү” жагынан дагы. Анткени, Кытай азыр технологиялык жактан жогору өнүккөн өлкөгө айланып жатат, жаңы продукцияларды чыгарып, америкалык базарга сатууда. АКШнын Кытайдан импорту жылына 482 миллиард долларды түзөрүн эске алганда, эгер ал кандайдыр бир чектөө киргизсе, Кытайдагы экономикалык өсүшкө олуттуу таасири тийет. Өз кезегинде эгер Кытайда экономикалык өсүш солгундаса, ал Азиянын Гонконг, Сингапур өңдүү маанилүү экономикаларында сезилет. Дагы бир маселе – Кытай инвестициясынын Азия менен Африканын анча өнүкпөгөн мамлекеттерин карай агымы. Себеби, кытай инвестициясынын уланышы - алардын экономикалык өсүшү. Мына ушундай кырдаалдан улам президент Трамптын администрациясынын Кытай – Америка соодасы боюнча эмне жасары абдан маанилүү.

Айткандай эле АКШ Кытай үчүн биринчи ири соода өнөгү болгону менен, Кытай АКШ үчүн Евробиримдик менен Канададан кийинки үчүнчү ири соода өнөк.

АКШнын жыйырма ири соода өнөктөштөрү арасында Азиядан Жапония, Түштүк Корея, Тайвань, Гонконг, Сингапур, Индия, Малайзия да бар.

Экономика профессору Михаил Бернштам “Азатттыктын” орус кызматы менен маегинде буга чейин калыптанып калган соода тартибинде радикалдуу өзгөрүүлөргө баруу АКШнын өзү үчүн да пайдасыз болоруна токтолду:

- Лозунгдар бөлөк, ал эми реалдуулук башка нерсе. Азыр кандай америкалык администрация болбосун АКШнын дүйнөлүк соодага катышуусун абдан көпкө кыскарта албайт. АКШнын тышкы соодасынын жалпы көлөмү 3,9 триллион доллар, дээрлик төрт триллион долларга барабар. Мунун ичинен АКШнын экспорту 1 триллион 600 миллиард, импорт 2 триллион 300 миллиард доллар. Башкача айтканда, соода таңкыстыгы 700 миллиард доллар. Бул АКШнын мамлекеттик жана жеке секторунун облигациялары менен акциялары 700 миллиард долларга бүткүл дүйнө боюнча сатылып алынып, анын эсебинен ушул соода таңкыстыгы жабылып жатат дегендик. Кошмо Штаттар мындан чоң утушка ээ болууда. Бул мамлекеттик чыгымдарга, бюджет тапңкыстыгын каржылоого, АКШ экономикасына инвестицияга салым кошуп жатат. Андыктан, АКШ экономикасына сооданын мындай эбегейсиз көлөмү пайдалуу. Эгер, АКШ азыр сооданы чектөөгө киришсе,чет элдик борбордук банктар, инвесторлор америкалык облигацияларды таштоого өтүшөт, бул АКШнын өзүнө терс таасирин тийгизет. Соодага тийишүүнүн кереги жок. Менимче, бул реалдуулук президент Трамптын администрациясын АКШ соодасы ачык, соода системасы дүйнөдө эң ачыктардын бири болгон багытты улантууга мажбурласа керек.

АКШ буга чейин эркин соода келишимдерин 20 өлкө менен түзгөн. Президент Трамп жана анын администрациясы булардын ичинен Канада, Мексика менен түзүлгөн НАФТА келишминин шарттарын кайра сүйлөшүү зарылдыгын айтууда.

Жаңы президенттин Вашингтон эми соодада көп тараптуу эмес, эки тараптуу мамилеге ыктайт деген билдирүүлөрүн эске алганда АКШ- Евробиримдик ортосунда сүйлөшүлүп келген Трансатлантика Соода жана инвестиция өнөктөштүгү келишиминин келечеги да бүдөмүк болуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG