Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

АКШда салык реформасын Сенат дагы жактырды


Конгресс имаратынын сыртына жаңы салык мыйзамына нааразы болгондор чогулган учур. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Конгресс имаратынын сыртына жаңы салык мыйзамына нааразы болгондор чогулган учур. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Конгресстин эки палатасынан тең өткөн долбоор АКШнын салык мыйзамынын акыркы 30 жылдан ашуун убактагы эң чоң өзгөрүшү катары мүнөздөлүүдө.

Өткөн түнү болгон добуш берүү учурунда ал Сенатта аз гана артыкчылык менен кабыл алынып, аны 51 сенатор колдосо, 48си каршы чыкты.

Сенаттын коомдук галереясында мыйзамга нааразылык билдирип келгендерди ал жерден чыгарууга туура келди.

Сенаттын алдында салык реформасын 227 добуш менен Эл өкүлдөр палатасы колдоп, бирок 203 конгрессмен каршы чыккан.

Конгресстин эки палатасында тең азыр республикачылар көптүк кылат.

Мыйзам долбоору Эл өкүлдөр палатасында бүгүн экинчи сыйра добушка салынмакчы.

Эгер ал жактырылса, мыйзам чөйрөсүндө президент Доналд Трамтын бийликке келгенден берки эң чоң жеңиши болот.

Республикачылар "Салык кодексин радикалдуу реформалоо экономикалык өсүштү тездетет" дешсе, аны сындагандар жаңы өзгөртүүлөр корпорациялар менен байларга гана пайдалуу экенин айтышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG