Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Кытайдын дүйнөгө таасирин арттыруу дымагы


Жыл сайын өтүп, он күнгө созулган Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгресси бүткөн соң Кытай премьер-министри Ли Кецян журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жыл сайын өтүп, он күнгө созулган Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгресси бүткөн соң Кытай премьер-министри Ли Кецян журналисттердин суроолоруна жооп берди.

15-мартта Кытай парламентинин жылдык жыйыны аяктады. Анын соңунда Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кецян маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүүлөрдү жасады. Анда Бээжиндин Кытай-АКШ мамилеси, глобалдык маселелерди чечүүдөгү дымагы тууралуу да айтылды.

Жыл сайын өтүп, он күнгө созулган Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгресси бүткөн соң Кытай премьер-министри Ли Кецян журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда өлкөнүн АКШ менен мамилесине кенен токтолду.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп талапкер кезинде Кытайдын валюта, соода саясатын кескин сындап келген. Трамп АКШнын ички базарын чыңдоону көздөп келет. Бул Кытайдын глобалдык экономика саясатына шайкеш эмес.

Ли Кецян жана Кыргызстандын премьери Сооронбай Жээнбеков
Ли Кецян жана Кыргызстандын премьери Сооронбай Жээнбеков

Мына ушундан улам бир топ маалымат каражаттары эки өлкө ортосунда соода согушу тутанышы мүмкүн деп жазгандарын Ли Кецян эске алды.

- Биз эки өлкө ортосунда соода согушу чыгышын каалабайбыз. Ал биздин соода алакабызды бекемдебейт, эки тарапка зыян алып келет. Азыр дүйнө кытай-америка мамилесине көңүл бурууда. Ошон үчүн Кытай-Америка мамилеси соккуларга карабастан оң жагына, алдыга жылат деп үмүттөнөбүз, - деген премьер АКШны ким башкарбасын, ортодо кандай гана келишпестиктер болбосун мамилелер бир кылка өнүгүп келатканын белгиледи.

Келишпестиктер дегенде Кецян Түштүк-Кытай деңизи, Тайван маселелерин эске алууда. Трамптын Кытай өз аймагы деп эсептеген Тайвандын президенти менен сүйлөшүүсү дипломатиялык нааразылык жараткан. Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча эки башка позициядагы эки өлкө бири-бирине эскертүү жасап келет.

Кытай дүйнөгө байлыгы менен үстөмдүк кылгысы келет
Кытай дүйнөгө байлыгы менен үстөмдүк кылгысы келет

Ошол эле учурда Кытай премьери Эл өкүлдөрүнүн жыйынында айтылган, дүйнөгө таасирди арттыруу маселесин дагы кайталады. Аны дүйнөдөгү экинчи ири экономика эсептелген Кытайдын салмагы менен туюндурду:

- Биз эл аралык экономикалык жана саясий чөйрөгө үйрүлгөн белгисиздиктер өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бул биз тышкы фронтто чече турган маанилүү тобокелчиликтер. Кытай үчүн өнүгүүнүн болбой калышы эң чоң коркунуч. Анткени экономикабызды орточо жогорку деңгээлде кармап турганыбыздын өзү эле Кытайдын глобалдык стабилдүүлүккө кошкон салымы.

Кецян Кытай экономикасы 2017-жылы 6,5% өсүш берерин, өткөн жылдагыдан аз болгону менен буга да жетүү чоң кыйынчылык экенин белгилөөдө. Буга карабастан сырткы таасирин арттырууну максат кылат. Аны “Биз жана дүйнө” телеберүүбүздө сүйлөгөн орусиялык кытай таануучу Алексей Маслов мындайча түшүндүрдү:

- Глобалдык маселелерди чечүүдөн четтетилгенин Кытай 2013-жылдан бери дээрлик такай айтып келүүдө. Муну менен ал глобалдык маселелер негизинен АКШ жана анын өнөктөштөрү тарабынан чечилүүдө дегенди каңкуулап жатат. Эми Бээжиндин глобалдык маселелердин чечилишине таасир көрсөтүүнү каалайбыз дегени биринчи кезекте каржылык маселелер, дүйнөлүк базарларды, товардын акыркы баасын тескөө, жүк ташуу, дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоо маселеси. Башкача айтканда, Кытай эл аралык уюмдардагы, каржылык көзөмөл органдарындагы ролун арттырууну көздөөдө.

Башка талдоочулар да Кытай чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга “Бир кур, бир жол” программасынын алкагында инвестиция салып, кызматташтыкты дагы арттырарын белгилешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG