Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 08:38

Шавкат Мирзиёев президент болгондон тарта Өзбекстандын экономикасында байкаларлык бир топ өзгөрүүлөр болду. Бизнеске шарт түзүлүп, мурда-кийин өлкөдөн чыгып кеткен ишкерлердин айрымдары кайтууда. Эми карапайым адамдардын капчыгынан доллар менен еврону көрүү таңкалычтуу болбой калды.

Өзбекстандын каржы жана экономика тармагында быйыл кыйла өзгөрүүлөр башталды.

1-февралда кабылданган өнүгүү стратегиясына ылайык, өндүрүш, энергетика, соода жана каржы тармагында либералдаштыруу жүрүп жатат.

Бул кыймылсыз мүлк, соода жана каржы операциялары менен алектенген Хикмат Абурахмоновго өтө жагымдуу. Мекенинен тышкары мурда АКШ, Британия жана Кытайда эмгектенген 36 жаштагы ишкер азыр биротоло Ташкентте калууну пландоодо.

Хикмат үчүн Өзбекстанда кардар таап, ишти жылдырып, ага катар валюта издеген чоң көйгөйлөр азыр анчейин эле маселеге айлангандай:

- Мурда убактыбыздын жарымын өнөктөштөрдү издегенге, калганын келишимдерди иштетүүгө сарптачубуз. Эми биз - менеджерлер бул функцияны каржы бөлүмүнө өткөрүп бере алабыз. Алар ошондой эле валюталарды сатуу, сатып алуу боюнча техникалык милдеттерди да аткарышат. Бул бизге валюта издеп жүргөндүн ордуна, бизнестеги стратегиялык маселелерге жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө көңүлдү бурууга жардам берет.

Хикмат Рейтер агенттигинин кабарчылары менен үч кабаттуу кеңседе отуруп маектешкен. Эми ал Ташкентте 10 кабаттуу бизнес борбор куруп, сырткы соода жаатында кызмат көрсөткөн консалтинг фирмасын ачсам деп шымаланууда.

100 АКШ доллары миңдик номинал менен эсептегенде 430 грамм өзбек сумуна барабар
100 АКШ доллары миңдик номинал менен эсептегенде 430 грамм өзбек сумуна барабар

Доллар издеген азап артта калды

Азыр өзбекстандыктар долларды сатып алуу, же сатуу жагынан баш оорутушпайт. Сентябрдан тарта элге чет өлкө валюталарын сатууга, ноябрдан тарта сатып алууга уруксат берилди. Мурда өкмөт бекиткен жана банктарда гана мыйзамдуу алмаштырылчу валютанын курсу өтө төмөн эле. Ошондуктан эл сырттан келген акчаларын көмүскө базардан алмаштырчу.

- Өзбекстандагы ишкерлер же четте иштеп аткан миллиондогон өзбек мигранттары эми тапкан долларларын мурдагыдай көмүскө базардан эмес, банктан алмаштыра алат. Сентябрга чейин 1 доллар банктарда 4160 сум болчу. Андан кийин Борбордук банк 1 долларды 8100 сумга көтөрүп, базардагы курска теңеди. Бул бир. Экинчиден, Мирзиёев аймактарды кыдырып, банктарды жеке адамдардын чарбачылыгына кредит берүүгө көндүрдү. Мурда банктардан карапайым адамдардын насыя алуусу өтө оор маселе болчу, - дейт теги өзбекстандык, азыр Казакстанда жашаган экономист Сапарбай Жубаев.

Шавкат Мирзиёев Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугууда. Пекин, 11-май, 2017-жыл
Шавкат Мирзиёев Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугууда. Пекин, 11-май, 2017-жыл

Ал казак-өзбек соодасы быйыл дароо 30% өскөнүн эске салды. Ошондой эле президенттин Орусия, Кытай, АКШ, Түштүк Корея жана коңшу өлкөлөргө сапарларындагы миллиарддаган долларлык келишимдер бир жыл ичиндеги көзгө басарлык жылыш деп баса көрсөтүүдө.

Мурда өлкөгө кирүүгө батынбаган өзбек ишкерлери эми мекенинине келе баштады.

Өзбекстандык саясат талдоочу Камолиддин Раббимов дагы бир демилгени белгиледи.

- Алишер Усманов, Шодиев деген сыяктуулар азыр Ташкентте бейкапар эле жүрүшөт. Каримовдун доорунда алардын Өзбекстанга келип кетүүсүнүн өзү мүмкүн эмес болчу. Атайын кызмат, милиция аларды өлкөгө киргизбей, аэропортко да келишине жол берген эмес. Азыр болсо Мирзиёев бул олигархтар, дегеле мекенинен кетип башка өлкөгө салым кошуп аткан өзбекстандык кичи, орто бизнес ээлери кайра келсин деп жатат.

Бирок Раббимов жаңы президентти мактоодон алыс. Ал бул болгону кадамдар жана убадалар деди. Али жемишин бере элек. Анын үстүнө Мирзиёев мындай чараларга барууга аргасыз:

- Азыр Өзбекстандын эли 32 миллионго жетип, ар эки жылда дагы миллиондон кошулууда. Ошон үчүн жакынкы бир нече жылда реформаларды жасап, экономикалык өсүш үчүн жок дегенде минималдуу шарт түзүп үлгүрбөсө, келечекте социалдык жарылуу болорун түшүнүп турат. Анын жанында Анжиян окуялары бери жакта эле калышы мүмкүн.

Мирзиёев чарбакер, премьер-министр болгон адам, ар бир кыштакка чейин жакшы билет. Ошонүчүн Кытайдын модели сыяктуу реформаларды жүргүзсөм деп атат. Бул деген - эч кандай саясий либералдашууга жол койбой, анын ордуна экономикалык өсүүгө жетиш үчүн мүмкүн болушунча экономикалык жеңилдиктерди берүү.

Ошентсе да умтулуу көңүл сыртында калган жок. Быйыл Дүйнөлүк банк Өзбекстанды бизнес жүргүзүүнү жеңилдеткен алдыңкы он өлкөнүн катарына кошту. Буга бизнес, курулушка уруксат берүү, чакан инвестицияларды коргоо, салык төлөмдөрү жана электр менен жабдуу жаатындагы реформаларды негиз кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG