Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Өзбек президентин кызыктырган ГЭСтер


Рогун ГЭСинин курулушу, 29-октябрь, 2016-жыл.
Рогун ГЭСинин курулушу, 29-октябрь, 2016-жыл.

Тажикстан 2,5 миң адамга эл аралык издөөгө жарыялады. Тажикстандагы Рогун ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кириши мүмкүн. Орусиядан Өзбекстанга мунай өнүмдөрү Казакстан аркылуу жөнөтүлө баштады.

"Регнум" агенттиги Тажикстан 2,5 миң адамды эл аралык издөөгө жарыялаганын жазып чыкты. Интерпол аркылуу издөөгө алынган 2528 тажикстандык оор кылмыш иштери боюнча айыпталган.

Макалада алардын көбү террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөсү, ал эми 35 киши Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жигердүү өкүлдөрү экени айтылат.

Тажикстандын ички иштер министрлигинин генерал-майору Абдугаффор Азизов Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү терроризм менен экстремизмден тышкары мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сатууга, зордук-зомбулукка, киши өлтүрүү менен уурулукка аралашканын билдирген.

Агенттик жакында партиянын алты мүчөсү Интерпол аркылуу кармалып, Европадан Тажикстанга жеткирилгенин кошумчалайт. Тажик өкмөтү Ислам кайра жаралуу партиясын "2015-жылы сентябрда болгон куралдуу козголоңду уюштурган" деп айыптаган. Андан соң Жогорку Сот аны экстремисттик уюм катары жарыялаган.

"Независимая газета" Тажикстандагы Рогун ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке кириши мүмкүн экенин жазат.

Макалада "ал үчүн тажик-өзбек мамилесин жөнгө салып, 500 миллион доллар инвестиция тартыш керек" деп айтылат. Учурда ГЭСти Италиянын "Salini Impregilo" ишканасы куруп жатат. Ал эми өндүрүлгөн электр энергиясын тажик өкмөтү Ооганстанга, Пакистанга жана Индияга экспорттоону пландаштырууда.

Электр станциясынын курулушу жалпысынан 4 миллиард долларды талап кылат. Экономика илимдеринин доктору Хаджамахмад Умаров өзбек-тажик чек арасында абал оңолуп, эки өлкө ортосунда аба каттамдары жана соода-сатык жандана баштаганына токтолгон. Бирок мурунтан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министр болуп турганда Тажикстанда Рогун ГЭСинин курулушун "аймак үчүн масштабдуу коркунуч" деп мүнөздөп келгени эскертилет.

Басылма Мирзиёев жакында Тажикстанга барса бул маселе сөзсүз каралып, бир чечим чыгарылаарын белгилейт. Ошондой эле макалада акыркы убакта өзбек президенти Борбор Азия аймагында ГЭСтердин курулуштарына кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп, кызматташууга бел байлап жатканы баяндалат. Ал эми өзбекстандык экономист Бахтиер Эргашев «тажик өкмөтү акыры Рогун ГЭСин курат, ГЭС курулгандан кийин Тажикстан региондогу кырдаалга таасир этүүчү чоң куралга ээ болот» деген оюн айткан.

"Интерфакс" агенттиги Орусиядан Өзбекстанга мунай өндүрүмдөрү Казакстан аркылуу жөнөтүлө баштаганын баяндайт. Өзбекстандын мекемелерин 500 миң тонна орус мунайы менен камсыз кылуу боюнча келишим апрелде кабыл алынган. Орусиянын «Транснефть» ишканасы азыр Өзбекстанга жыл сайын жарым миллион тонна мунай жеткирип турарын билдирген. Бирок Казакстан аркылуу өтчү түтүктөр менен «Роснефти» ишканасы мунайды Кытайга миллион тонналап жөнөткөндүктөн, азырынча Өзбекстанга мунай экспорттоо мүмкүнчүлүгү чектелген.

Азыр Өзбекстанда Фергана, Алтыарык жана Бухара облустарында мунайды кайра иштетүүчү заводдор иштейт. Мекемелерде чийки заттын тартыштыгы 11 миллион тоннаны түзөт. 2020-жылга чейин Жизак облусунда дагы бир ишкана ачуу пландалган. Ошондуктан өзбек тарап Орусиядан мунай затты 5 миллион тоннага чейин сатып алууну эңсеп турганы белгиленет. Өзбекстан өзү былтыр 2,6 миллион тонна мунай өндүргөн, бул мурунку жылдын көрсөткүчүнөн 3 пайызга аз.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

"EurAsia Daily" басылмасы "учурда Тажикстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу күтүлүүдө" деп жазат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Дүйшөмбү менен Бакунун биримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

Мурда Тажикстандын Бажы кызматынын башчысынын орун басары Хуршед Каримзода Дүйшөмбү ЕАЭБге кирүүнү ойлонуп турганын билдирген. Макалада тажик өкмөтү биримдикке кирүүнүн алдында бажы эрежелерин, товарлардын стандарттарын жана рыноктогу атаандаштыктын деңгээлин изилдеп жатканы айтылат. Саясатчы Рахматилло Зойиров "расмий Дүйшөмбү бул ишти эки жылдан бери созуп келгендиктен, өлкө 6 миллиард доллар жоготту" деген оюн айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG