Шавкат Мирзиёев 25-26-октябрдагы расмий сапарынын алкагында Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кенен сүйлөшүү өткөрдү. Эки тарап соода, банк, өндүрүш жана инвестиция сыяктуу бир катар тармактарда баш-аягы 26 макулдашууга кол коюшту.
Бирок бул жолку визитти кол коюлган документтерден мурда анын убактысы өзгөчө кылып турду. Себеби Өзбекстандын президенти 1999-жылдан бери биринчи жолу Түркияга барып олтурат.
Мындан улам эки лидер тең бул жолугушуунун маанисин бир ооздон белгилешти. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен басма сөз жыйынында алаканы жакшыртууга эки тарап тең дилгир экенин айтты:
- Өзбекстан - 31 миллион калкы бар, кен байлыктары көп Борбор Азиядагы стратегиялык өлкө. Көгүлтүр оттун кору боюнча дүйнөдө 7-орунда, уран боюнча 4-орунда турат. Эң көп пахта экспорттогон экинчи мамлекет. Буга карабастан экономикалык жана соода алакабыз өзүбүз каалаган деңгээлде эмес экенин көрүп жатабыз. 2016-жылы эки тараптуу соода 1,5 миллиард доллардын айланасында эле. Бул жылдын алгачкы сегиз айында 900 миллион доллардан ашты. Буюрса, бул көрсөткүчтү кыска убакытта көбөйтөбүз. Бул маселеде экөөбүздө жана бизнесмендерибизде чечкиндүүлүктү көрүп турам.
Түркия Советтер союзу урагандан кийин Борбор Азиядагы беш өлкөнү биринчилерден болуп тааныган. Бирок 1990-жылдардын ортосунан тарта Өзбекстан менен Түркиянын алакасы солгундай баштаган. Буга Түркиянын өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихти экстрадициялоодон баш тартканы түрткү берген.
1999-жылы Ташкенттин Өзбекстандагы жардырууларга шектүүлөр Түркияда жашырынып жүрөт деген айыптоосу, Анкаранын 2005-жылдагы Анжиян окуяларын сындашы да ымаланын андан ары начарлашына шарт түзгөн.
Натыйжада мурдагы президент Ислам Каримов Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы визасыз каттамды токтоткон. Андан көп өтпөй Өзбекстандагы түрк лицейлери, түркиялык дүкөндөрдүн түйүндөрү жабыла баштаган.
Эки өлкөнүн ортосундагы салкын мамиле Түркия алга сүрөгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине да кедергисин тийгизген. Каримов акыркы жолу Түркияга 1999-жылы барса, Эрдоган акыркы жолу Ташкентке өкмөт башчылык кызматына киришкенден көп өтпөй, 2003-жылы келген.
Былтыр Ислам Каримов көз жумгандан кийин президент Эрдоган Самаркандга келип, ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев менен жолуккан. Андан бери түрк-өзбек алакасындагы музду эритүүгө аракеттенген Мирзиёев 25-октябрда Анкарадагы жолугушуудан кийин буларга токтолду:
- Бири-бирибизди ушунчалык сагынганыбыз көздөрүбүздөн көрүнүп турду. Түрк президенти менен мындай баарлашканыбыз, бири-бирибизди жарым сөздөн эмес, көз караштан түшүнгөнүбүз көп нерседен кабар берет. Сүйлөшүүлөрдө мамилебизди стратегиялык жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн маанилүү макулдашууга кол коюлду. Бул тарыхыбызда алгачкы маанилүү келишим болду.
Мирзиёев Түркияга сапар алардан мурда 23-октябрда түрк жарандары үчүн виза маселелерин жеңилдете турган буйрукка кол койгон. Ага ылайык, Өзбекстанга келе турган түрк жарандары үчүн чакыруу каттарын даярдоо милдеттемеси жоюлду. Тиешелүү органдарга визаны үч күн ичинде жасоо тапшырмасы берилди.
Эки өлкөнүн ортосунда коюлган келишимге ылайык, кийинки жылдын жаз айларынан тарта "Түрк аба жолдору" Стамбул менен Самарканддын ортосунда туруктуу каттай турган болду. Мындан тышкары Анкарада бизнес форумда эки тарап баш-аягы 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшканы да кабарланды.