Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Жакырды жарытпаган чет элдик жардам


Сириялык бала
Сириялык бала

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-12-июнь)

Британияда чыккан Economist журналы Дүйнөлүк Банк, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык ири донор уюмдар чабал өлкөлөргө каржылык көмөк жана кайрымдуулук жардам берип келе жатканы менен, ал каражаттар жакырларды жарытып жибербегенин талдаган макала жарыялады.

Берлин, Лондон, Париж, Токио жана Вашингтондон дүйнөнүн булуң-бурчуна жылына 130 миллиард доллар жумшалат. Алардын дээрлик жарымы Дүйнөлүк банк, Улуттар Уюму жана Глобалдык фонд аркылуу бөлүнөт. Былтыр дал ушул акчанын тогуз пайызы гана Европаны каптаган качкындарга түз жеткен. Индиянын 270 миллионго чукул калкы күнүнө 1,9 долларга жан багат деген жүйө менен бул өлкөгө жакырлыкты жоюу үчүн 4,8 миллиард доллар каралса да, индус калкынын күнүмдүк кирешеси көтөрүлгөн эмес.

"Батыш өлкөлөрү акчалай жардам берүүдө кансыз согуш учурундагы коммунизмди жектеген көз караш менен аракеттенип, азыркы доордун душманы болгон диний радикализмге анча маани берилбей жатат. Ал эми Ооганстан, Египет, Иордания, Сирия жана Түркия 2014-жылы калкынын дээрлик бардыгы жакыр жашаган Бангладешке караганда алда канча көп көмөк алганы жардам бөлүштүрүүдөгү адилетсиздикти көрсөтөт. Миссиссипи университетинин окумуштуусу Клаудия Уиллямсон жардамдан жарып кеткен өлкөлөрдүн анализин жасаган. Анын баамында, атуулдарынын кирешеси орто болгон мамлекеттердин башкаруу системасындагы мүчүлүштүктөр чет элдик жардамдын туура таркатылышына бөгөт болууда. Донорлор көбүнесе демократиялык реформаларды колдоп, калктын кедей катмарына тикелей жардам бербейт" деп жазат Economist.

Согуш дүйнөгө 13 триллион доллар зыян алып келди

Washington Post гезитинин аналитиги Ишан Зарур былтыркы жылы дүйнөдөгү зомбулук жана кагылышуулардан улам экономика 13,6 триллион доллар чыгым тартканын жазды. Бул сумма дүйнөлүк ички дүң продукциянын 13 пайызына барабар. Муну Австралиядагы экономика жана тынчтык институту эсептеп чыккан. Дүйнөдөгү 163 өлкөдөгү акыбал талданып, 2015-жылы Дүйнөлүк Экинчи согуштан кийинки кооптуу кырдаал түзүлгөнү аныкталган. Коопсуздук, урушсуз жашоо, бай менен кедейдин ортосундагы айырмачылыктардын да көрсөткүчү жарыяланган. Террор 25 жылдан берки эң чоң көрсөткүчтө болсо, согуштан каза тапкандардын саны 250 миң кишиге жеткенин баяндайт Washington Post.

Билл Гейтс африкалыктарга тоок бактырат

Fortune журналы дүйнөдөгү бай адамдардын сап башында турган Билл Гейтс жубайы Мелинде менен мындан ары Африкадагы жакыр үй-бүлөлөргө тоок багып баюу жолун үйрөтмөй болгонун жарыялады. Майкрософт компаниясынын расмий веб-сайтындагы блогунда миллиардер Билл Гейтс тоок багуу менен турмушту оңдоп кетүү жакырчылыктан чыгуунун жалгыз жолу экенине токтолот. «Биринчиден, тоокту багыш өтө арзан, ашкан тамак-аштын калдыктарын жейт, аны камаганга кичинекей эле калканч болсо жетиштүү. Экинчиден эгерде бир африкалык үй-бүлөнүн беш тоогу болсо, бир жылда тооктун санын кыркка чейин чыгарып, ар бирин 5 доллардан сатса эле канча акча түшөт? Азыр африкалыктардын бир жылдык кирешеси 700 долларга жетпей жатат. Тоок баккандардыкы миң доллардан ашмак, анан калса протеинге бай жумурткасы да пайдалуу эмеспи. Мен тоок баккысы келгендерге өзүмдүн фондуман жардам берем», - деп жазган Билл Гейтс. Миллиардер бул блокту жубайы Мелинде тоок бага баштагандан кийин жазган. Жубайлар жылына бир миллиард долларга чукул каражатты кайрымдуулукка жумшап келишет. ​

Леонардо ди Каприо түрк сопусунун ролун ойнойт

Голливуд 13-кылымда Түркиянын азыркы Кония шаарында жашап өткөн ойчул, сопулук агымдын ири өкүлү Жалалиддин Руминин өмүрү тууралуу тасма тартмай болду деп кабарлайт The Guardian гезити. «Гладиатор» тасмасынын режиссеру Дэвид Франзони жана Стефен Браун азыр Түркиядагы Руми жашап өткөн жерлерди кыдырып, Кония шаарындагы Руми мавзолейинде болушту. «Руми Шекспир сыяктуу. Анын мүнөзү жана укмуштуудай таланты коомдо, элдин жашоосунда азыр да өтө таасирлүү. Мындай тарыхый инсанды сөзсүз изилдешибиз керек», - деди Франзони. Тасманы тартуучулар Жалалиддин Руминин ролун Леонардо ди Каприо ойнойт дешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG