Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Балыкчы-Корумду жолунун багы ачылбады


Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолунун курулушу токтоп калды. Өкмөт муну казынада каражат жоктугуна байланыштырып, учурда каржы булактарын издеп жатканын билдирди.

Башталганда эле чыр коштогон бул жолдун курулушу токтогонуна Ысык-Көлдүн тургундары нааразы. Өкмөт жол курууга каражат жок экенин айтканы менен, кийинки жылы үчүнчү жолу Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 миллион сомдон ашык каржы бөлөрүн маалымдады.

Көл боюндагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу убактылуу токтоп калганын премьер-министр Сапар Исаков парламентте билдирди.

Премьердин айтымында, курулуштун үзгүлтүккө учурашына бюджеттеги каражаттын жоктугу себеп болду:

Сапар Исаков. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Сапар Исаков. 29-ноябрь, 2017-жыл.

- Жумуш токтоду. Биз азыр мындан ары кайсы жумуштар аткарылышы керек экенин аныктап жатабыз. Себеби III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары келатпайбы. Жолду көп бузбай, буга чейин даярдалган жолдорго асфальт төшөсөкпү деп ойлонуп жатабыз. 600 миллион сомдук каражат керек болуп жатат. Биз кийинки жылга бул каражатты табабыз. Азыр бир аз карызыбыз да бар.

Премьер-министр өкмөттүн жолду куруп жаткан кытайлык "Лонг Хай" компаниясына карызы тууралуу айтып жатат. Аталган компания өз каражатына жолдун курулушун жүргүзүп, өкмөт ал каражатты кайтарып бере элек.

Мектепке бөлүнгөн акчаны жол "жеди"

Мектепке бөлүнгөн акчаны жол "жеди"

Өкмөт мектептерди курууга бөлгөн каражаттын көп бөлүгүн Балыкчы-Корумду жолуна сарптап жибергени белгилүү болду.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Балыкчы-Корумду жолунун 40 пайызга жакын бөлүгү бүткөрүлдү.

- Чолпон-Атадан Корумдуга чейин жолдун көпүрөлөрүн куруп, асфальтка даярдалган. Бир тараптуу 4-5 чакырымга асфальт басылган. Калганы турат, ошону эмдиги жылга каржы булагын таап, аягына чыгаруу боюнча планыбыз бар. Бул жолду каржылоо мамлекеттик бюджеттен каралган. Бюджет болсо тартыш болуп, бир аз туруп калды.

Министр билдиргендей, жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына кыргыз өкмөтү болжол менен 150 миллион сомдой карыз.

Жамшитбек Калилов жолдун качан бүтөрү азырынча белгисиз экени кошумчалады:

- Толугу менен качан бүтөрүн божомолдоп да айта албайбыз. Эмдиги жылы бүтпөй турганы анык. 2019-жылга өтөт го.

Балыкчы-Корумду жолунун көрүнүшү. 28-июль, 2016-жыл.
Балыкчы-Корумду жолунун көрүнүшү. 28-июль, 2016-жыл.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги негизги жолду оңдоо иштери токтоп калганы тууралуу кабар жергиликтүү тургундарды кайрадан кабатыр кылып турган кези. Алар эки жылдан бери уланып жаткан жол курулушунан улам бир топ ыңгайсыздык жаралганын айтып жүрүшөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылынын тургуну Роза Токтобаеванын айтымында, Балыкчы-Корумду жолундагы абал аймактагы туристтик сезонго кедергесин тийгизип жатат:

- Бул жолдун башталганына эки жылдай болуп баратат. Эми бүтмөйүнчө бул жакта сезонго таасирин тийгизип жатат. Сезон былтыр да болбой калды. Мурдагы жылы да болбой калган. Азыр эми токтоп калса, анда кийинки жазга чейин калат да, бизге кыйын эле болгону жатат.

Өкмөт Ысык-Көлдөгү жолду курууга каражат таппаганы менен кийинки жылы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын өткөрүүгө даярдыкты баштады. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, бул оюндарды өткөрүүгө 307 миллион сом бөлүү каралууда. Өкмөт мындай жол менен өлкөнү дүйнөгө даңазалап, туристтерди тартууну максат кылып жатканын айтып келет.

"Туристтерди тартыш үчүн оболу тийиштүү инфраструктура болушу керек" дегендер өкмөттүн жолго каражат таппай жатып, оюн-зоок өткөрүүгө каржы карап жатканын сындап чыгышты. Алардын бири жарандык активист Рита Карасартова:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Өкмөттүн жасаган иштеринин логикасы жок болуп жатат. Миллиондогон сомду жумшап Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, "туристтерди тартабыз" деп жатышат. Бирок тиешелүү инфраструктура жок болсо кантип келет? Эгер биз туристтик мамлекет болобуз десе тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек.

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу 2015-жылы салына баштаган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Бул жол чырынан улам мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кызматынан кеткен эле. Алгач Сариевдин дарегине бир катар сын-пикирлер айтылганы менен, "жолдун каржы булагы жок болсо деле токтом чыккан" дегенден башка орчундуу нааразылык айтылган эмес.

Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG