Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Депутаттар: "каралар" баш көтөрө баштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңеште уюшма кылмыш топторунан жабыркап жаткан ишкерлердин маселеси көтөрүлдү жана буга байланыштуу күч органдарына доомат айтылды.

Соңку жекшембинин түнүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында "Осьминог" деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен эле. Кафенин ээси муну уюшма кылмыш топторунан көргөн. Жергиликтүү милиция болсо "өрткө жарылган газ баллон себеп болушу мүмкүн" деген жоромолду айтып жаткан.

Жогорку Кеңеште 11-январда жалпы жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Бостеридеги окуяга байланыштуу уюшма кылмыш топторунун маселесин көтөрдү. Ал "каралар" баш көтөрүп калганын айтып, аларга күч органдары жетиштүү чара көрбөй жатканына нааразы болду. Депутат уюшма кылмыш топтор улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин эскертти:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Эч ким уюшма кылмыш топтору боюнча арыз жазбайт. Эгер жазса, алар бир нерсесин өрттөп кетишет. Бир айдан кийинби же бир жылдан кийинби, айтор алар ошону кылышат. Мен муну бир канча жолу айтсам дагы эч жылыш жок. Ачык эле айтыш керек, ошол эле Каракол шаарында, көлдө баары эле уюшма кылмыш топторуна "отметка" берип жатышат. Эч ким арыз жазбайт. ИИМ мага дайыма "бизге арыз жазсынчы, бизге келсинчи" дейт. Аларга эч ким барбайт, себеби байланыштары бар экенин билишет. Биз муну жөн калтырсак бул жакшылыкка алып барбайт. Бул жерде "каралар" мамлекеттин күчүн текшерип жатат. Ошол ишти жакшылап көзөмөлдөп, керек болсо ал жерге УКМКны да алып барыш керек. Бул улуттук коопсуздукка да тиешелүү. Уюшма кылмыш топторун биз Кыргызстандан кетиргенбиз. Азыр болсо баш көтөрүп жүрүшөт.

Мунун алдында Бостеридеги өрт боюнча "каралар" тууралуу парламентте комитет жыйынында КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Элвира Сурабалдиева да сөз кылган эле. Ал күч органдары ишкерлерди коргобой жатканын сынга алган:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

- Кафенин кожоюну "биз уюшма кылмыш топторуна "отметка" кылбай койсок жардырып кетти" деп ачык эле айтып жатат. Биз кайдагы туризмди айтып жатабыз? 2017-жылы Кыргызстанда бандиттер жардырып, өрттөп, "отметкага" коюп жатышат. Ушундай учурда кайсы чет өлкөлүк, кайсы ишкер силерге жардам берет? Мен, мисалы, чөнтөгүмдөн бир тыйын төлөбөйт элем. Эгер эртең менин кафем өрттөнүп кетсе, силер болсо "өзүң жардырдың" деп айтсаңар, мамлекеттен эч кандай кепилдик болбосо, анда кандай болот? Бул биздин ички инвесторлор. Бул жерде коопсуздук маселесинде ИИМде катуу талап болушу керек. Бизде уюшма кылмыш топтору башынан бери эле Ысык-Көлгө, Кара-Кечеге топтолуп алганын баары эле билет. Анан ал жакты тартипке салмайынча презентация кылып, "туризмди өнүктүрөбүз" деп сөз кылбай эле коюу керек.

"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.
"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.

Өткөн аптада, 7-январга караган түнү Бостери айылынын борборундагы "Осьминог" деген кафе толугу менен өрттөнүп кеткен болчу. Кожоюну Аскат Асанкадыров муну уюшма кылмыш топторунан көргөн. Анын айтымында, былтыр жайында туристтик сезон башталганда андан "каралар" 500 доллар талап кылышкан. Ишкер буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө арызданган. Натыйжада кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда Бостеридеги "смотрящий" менен кошо дагы бир жаран камакка алынган. Иш сотко жеткени менен алар бошоп кетип кайра ишкерди коркута башташкан:

Сен мунун баарын милиция аркылуу чечүүгө аракет кылдың, эми сенин сазайыңды окутабыз" деп коркутушкан.

- Ноябрда белгисиз номерден чалып, "сен мунун баарын милиция органдары аркылуу чечүүгө аракет кылдың, бирок сенин колуңдан эч нерсе келген жок. Эми сенин сазайыныңды окутабыз, сен кылган ишиңе өкүнөсүң" деп коркутушкан. Мен булар ачууга алдырып жөн эле чалып жатса керек деп ойлоп койгом. Мына, өзүңөр көргөндөй, жаңы жылдан кийин биздин кафебизди өрттөп кетишти.

Жергиликтүү милиция алгач "өрт газ баллон жарылгандан кийин чыккан болуш керек" деген божомолун айткан. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя териштирилип жатканын, ар кандай божомолдор каралып жатканын маалымдады:

- Тиешелүү экспертизанын корутундусу чыга элек. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматы чыгарат да. Эми бардык версиялар каралып жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын баарын толук айта албайбыз. Бир канча божомолдор боюнча иш жүрүп жатат.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

"Азаттык" "Осьминог" кафесинин өрттөлүшүнө байланыштуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Жамангуловдун айылдагы криминогендик абал тууралуу пикирине кызыкты. Ал жергиликтүү бийлик ишкерлерди коргоп-колдоп жатканына ишендирүүгө аракет кылды.

- Биз айылдык жыйындарды өткөрүп жатабыз. 12-январда Бактуу-Долоноту айылында ушундай жыйын болот. "Осьминог" боюнча соттон чечим чыгып, эч нерсеси тактала элек да. "Кафени уюшма кылмыш топтору өрттөгөнбү же башка себеби барбы" деп укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Бүгүнкү күндө айылда кырдаал жакшы, тынч. "Жаштар мыйзамсыз иштерге барбасын" деп жыйындарды өткөрүп жатабыз. Биз эми сот эмеспиз да, "бул өрттөдү, тиги жасады" деп айта албайбыз. Ишкерлер "уруп жатат, согуп жатат" деп бизге кайрылбайт. Биз ишкерлерге жардам көрсөтүп жатабыз. Ошол кафенин жанындагы өрттөнгөн үч коттеж биздин айылдын тургундарыныкы болчу.

ИИМ уюшма кылмыш топторунун айынан криминогендик кырдаал оор экенин, алар коомдук-саясий абалды курчутууга аракет кылып жатышканын мойнуна алган, бирок "чара көрүлүп жатканын" билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, былтыр уюшма кылмыш топторунун мүчөсү катары шек саналган 230 киши ар кандай кылмыш фактылары менен камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG