Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:56

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү президенттик шайлоонун үгүт иштерине кийлигишип, айрым талапкерлердин пайдасы үчүн активдүү иштеп жатканы айтылууда.

Кылмыштуу топтордун саясий процесстерге аралашуусуна негиздер барбы, талапкерлер алардын жардамына муктажбы, кримчөйрө шайлоонун жыйынтыгына канчалык таасир бере алат, мыйзамсыз топтордун шайлоого аралашып жатышы кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп табууга аракет кылабыз.

Талкууга мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.

“Азаттык”: Жыпар мырза, коомчулукта президенттик шайлоонун жүрүшүнө кылмыштуу топтордун аралашуусу жөнүндө мурда оозеки айтылып келсе, кечээ УКМК видео-аудио материалдарды көрсөтүп, аны далилдегенге аракет кылды. Бул бир эле фактыбы же кыргыз шайлоосунда орун алган кадимки көрүнүшпү?

Жыпар Жекшеев: Тилекке каршы, Кыргызстанда кадимки эле көрүнүш болуп калды. Криминалдык топтор тээ Акаевдин заманынан бери саясатка аралашып эле тим болбой, парламентке депутат болгон учурлар катталган. Эми алар ким, кайсы чөйрөдөн келди чекесинде жазылып турбайт экен да. Алар ар кандай ресурстарды пайдаланып бийликке өтүп кетишет. Ошондуктан кылмыш чөйрөсүнө байланыштуу бул көрүнүштөр таңкалычтуу эмес. Эл аралык классикалык ченем менен айтканда саясат, бизнес, кылмыш дүйнөсү да өзүнүн чегинен чыкпашы керек. Ар кимиси өз ордун билгени дурус. Тилекке каршы, Кыргызстанда бизнес саясатка аралышып кеткен, эми ага кылмыш дүйнөсү да аралашууда.

Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

“Азаттык”: Эмне, кылмыш дүйнөсүнө да кайсы бир чек барбы?

Жыпар Жекшеев: Дүйнөнүн бир дагы мамлекети кылмыш дүйнөсүн таптакыр жоюп сала элек. Эгерде алар өз ордун билбей, саясатка аралашса, өздөрүнө, мамлекетке да чоң зыян алып келет. Кылмыш кылган ар бир адам жазаланышы керек, аларды саясатка жолотпош керек. Кыргызстанда баары аралашып калган, ак-кара, кызыл-жашыл деп даана ажырата албайсың. Ошондуктан ар кандай башаламандыктар болуп кетүүдө. Албетте, Кыргызстандын расмий бийлиги алар менен күрөшүүгө аракет кылып жатат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, кылмыштуу топтор саясий окуялардын жүрүшүнө аралашууга өздөрү аракет кылабы же кызыкдар тараптар, талапкерлер алардын жардамына, колдоосуна муктажбы?

Өмүрбек Суваналиев: Кылмыштуулук экиге бөлүнөт. Биринчиси - жөнөкөй, күнүмдүк майда-чүйдө кылмыштар. Экинчиси - уюшкан кылмыштуулук. Эң коркунучтуусу ушул. Уюшкан кылмыштуу топтор өздөрүнүн катарына көмүскө эконмиканы, бизнести, бийликтегилерди ж.б. аралаштырат. Ачык айтканда, Кыргызстанда “легализация” болуп калган, күчтүү кылмыштуу топ бар. Анабашчысы “Коля киргиз” деген каймана аты бар Камчы Көлбаев. Ал эки жыл мурда Дубайдан келгенде бийлик аны колдоду. Соту болуп жатканда журналисттердин баарын кууп чыгып, эч кимди катыштырган жок. Прокурорлор Көлбаевге “сиз мыйзамдагы уурусузбу?” деген суроону бере алышпады. Тескерисинче, ага “урматтуу байке” деп кайрылып жатышты. Бул эгемендүү Кыргызстандагы абдан күлкүлүү көрүнүш болду. Көлбаев түрмөдөн дароо эле чыгып кетмек, Батукаев жолтоо болуп, үч ай кармалып калды. “Легализация болду” дегеним, ал акталып чыгып кетти.

Мен кесипкөй адис катары айтсам, эгер азыркы шайлоодо уюшкан кылмыштуу топтор оппозицияга иштесе, расмий бийлик эки мүнөттө камап коймок. Уюшкан кылмыштуу топтор бийлик тарапка иштеп жатат. Ыраматылык Рысбек Акматбаев да бийликке иштечү. Өкмөттүн алдындагы аянтка боз үйлөрдү тигип, бийликти колдогонун элдин баары биле. Бүгүн “Конституцияңды уруп ойнобойм” деген кримтөбөлдү эч ким камай албайт. Анткени анын жүрүм-туруму азыркы бийликти канааттандырат. Бийлик оппозициядагыларды “минтип сүйлөп коюптурсуң” деп камап жатышпайбы, эгер кримчөйрө менен кызматташтыгы болгондо бирпаста таш-талканын чыгарып коюшмак. 2011-жылы Роза Отунбаев президент болуп турганда кылмыш дуйнөсүнө согуш жарыялап, четинен камай баштаганда баары качып кетишкен...

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Жыпар Жекшеев: Азыр депутат болуп жүрүп, амбициясы башынан ашып президент болом дегендер четтен чыгып жатпайбы. Алардын башынан бери эле кылмыштуу чөйрө менен байланышы болушу толук ыктымал. Алар бири-бири менен бат-бат жолугушуп, сырдашып, көп маселелерди шайкеш келтирип, чечип жатышы мүмкүн. Эки тарапта тең мурдатан келаткан туруктуу кызматташтыктар боло тургандыгы айтылат. Алардын бири-биринде кызыкчылыктары бар. Бул алар колдогон адам депутат болуп калса, кийин калканч болуп берүүгө даяр деген сөз. Депутатка байланыштуу акыркы окуялар аны далилдеп турбайбы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG