Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Кыргыз медиасы калыстыктан тайды


Иллюстрация
Иллюстрация

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандыгы президенттик шайлоо алдында жалпыга берилүүчү калыс маалымат азайганын жазды.

Ал эми жергиликтүү медиа эксперттер журналисттер бейтарап, калыс болуу принцибин унутуп, үгүтчүгө айланды деп сындап жатышат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоого байкоо салуу миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө үч апта байкоо жүргүзгөн.

Көз салган багыттардын катарында шайлоону уюштуруунун, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү, талапкерлердин аракеттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердиги бар. Байкоолордун негизинде жарыяланган отчетто телеканалдарда жалпыга берилүүчү калыс маалымат азайганы белгиленген.

- Жарнама рыногунун чакандыгынан улам бир да ЖМК экономикалык жактан туруктуу эмес. Менчик ЖМКлардын ээлери ким экендиги ачык-айкын эмес. Сурамжылоого катышкан менчик телеканалдар саясатчыларга тиешеси бар десе, ал эми коомдук телеканалдар бийликтен көз каранды деп эсептешет. Телеканалдардын жаңылыктар бөлүгүндө берилген маалымат ачык же жашыруун түрдө төлөнгөн маалыматтар болгондуктан, жалпыга берилүүчү калыс маалымат азайууда, жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди түзүүдө анык, объективдүү маалыматты жайылтууга жана бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылууга милдеттүү. Бирок бул мыйзамды аткарылышын көзөмөлдөгөн бир да институт жок, - деп жазылат.

Аталган уюмдун Шайлоого байкоо салуу миссиясынын отчетунда маалымат каражаттарына коюлган доолор сөз эркиндигине таасир тийгизиши мүмкүн экени белгиленген. Ошол эле кезде интернеттеги сөз эркиндиги чектелбегени, онлайн түрдөгү жаңылыктар альтернативдүү маалыматты камсыз кылып жатканы айтылат.

Медианын шайлоого байланышкан ишмердигин жергиликтүү медиа эксперттер да сындап, журналисттер үгүтчүгө айланып калышты деп жатышат.

Журналист Аскер Сакыбаева каржылык көз карандылык маалымат каражаттарын калыс маалымат таратуу озуйпасынан ажыратууда деп эсептейт. Сакыбаеванын баамында, журналисттердин бейтарап боло албай жатышында бийликтин да күнөөсү бар:

- Финансылык жактан көз каранды эместигин, журналисттердин дүйнөлүк башка маалымат каражаттары менен теңтайлашып, атаандаша албай тургандай, сабаттуу эместигинен көрөм. Эгер андай болгондо азыркы аламан байгеге өз баасын берип, элге чыныгы калыс маалыматты жеткирип, өзүнүн озуйпасын аткарып турмак. Тилекке каршы, Кыргызстандагы маалымат каражаттары элге кошулуп алып тигил жакшы, бул жакшы деп бөлүнүп, кайсы бир талапкерди актап-жактап же каралап кеткенге өтүп алды. Шайлоого чейин эле бийлик маалымат каражаттарын өзү каалагандай бөлүштүрүп, берчүсүн берип, сотточусун соттоп, азыр алар бийлик каалагандай форматта иштеп жатат.

Өткөн аптада айрым журналисттер президенттикке талапкерлердин Ошто сүйлөгөн сөзүнө баа берүүнү Жалал-Абаддагы мамлекеттик телеканалдын жетекчиси Тургунбай Алдакулов баштаган он чакты журналист бийликтен өтүнүп чыгышкан. Социалдык тармактарда медиа өкүлдөрүнө карата мындай сын-пикир мына ушундан кийин да айтылды. Эң оболу журналисттик жумуштун негизги шарттары унутта калып жатканы талкууга түштү.

Тургунбай Алдакулов өзү өлкө түштүгүндөгү 2010-жылкы окуялар боюнча акыл калчап, билдирүү таратышканын жана кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы болбогонун белгилеп жатат.

- Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу мамлекеттик маалымат каражаттарына бийлик тарабынан кандайдыр бир басым же тапшырмаларды берүү байкалбайт. Буга мен кепил болуп айта алам. Келишим түзгөн саясий партия ледерлерин, алардын чакырык, билдирүүлөрүн ачык берип жатабыз.

Азамат Тынаев
Азамат Тынаев

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин башчысы Азамат Тынаев коомчулукка шайлоо убагында талапкерлердин саясий платформаларын талдаган, аналитикалык материалдар жетишпей жатканын белгиледи.

Ал эми жарандык активист Динара Ошурахунова шайлоо маалында буюртма материалдар ого бетер көбөйгөнүн, шайлоочунун көзүн аччу маалыматтарга көңүл бурулбай жатканын белгилеп жатат.

- Талапкерлердин программаларын кыска-кыска тезис катары жазып, анализдеп шайлоочуга жардам берип, бир критерий менен баалап берсе шайлоочуга да жеңил болмок. Шайлоочулар өздөрү анализдегенге даяр эмес. Акча төлөнгөн материал болгондуктан негизги өзүнүн миссиясын унутуп коюп, акча жасап жатышканы байкалып жатат.

Буга чейин үгүт өнөктүгүнүн абалы боюнча "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган талкууда жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин шайлоо штабынын бир бөлүгүнө айланып калганы сынга алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG