Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Шайлоодо "оюнчулардын" орду алмашабы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Талапкерлер ортосундагы президенттик орун үчүн саясий кармаш курч мүнөзгө өттү.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялардан кийин башка бир талапкер Темир Сариевдин саясий таскагы катуулай баштады. Темир Сариев саясий күрөштө улут маселесин көтөрүп, шайлоодо башаламандык уюштурууну көздөгөн аракеттерди айыптаган билдирүү жасады.

Ошондой эле Сариевдин шайлоо штабы анын Сокулук району боюнча өкүлү менен жакында кармалган Бабановдун саясий өнөктөшү Канатбек Исаевдин байланышы тууралуу түшүндүрмө берди.

Муну талдоочулар президенттик жарышка чыккан саясий күчтөрдүн ортосундагы негизги атаандаш болууга жасалган курч тирештин жыйынтыгы катары карашууда.

Темир Сариевдин "текирең-таскагы"

Президенттикке талапкер Темир Сариев шайлоонун астындагы түзүлгөн кырдаал боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Анда Темир Сариев айрым талапкерлер жеке дымагын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, саясий күрөштө улут жана дин маселеси менен "ойноп" жатканын айыптаган.

Ошондой эле Темир Сариевдин кайрылуусунда кимдир бирөөлөрдүн башаламандык кылып, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракеттери тууралуу маалыматтар анын кыжырын келтиргени баса белгиленген. Темир Сариев бул фактылар ырасталса, анда кан төгүүнү көксөгөндөр чечкиндүү түрдө жазаланышы керектигин айткан.

Жакында атайын кызмат "Канат Исаев менен кызматташкан" деген видео тасмадагы адамдардын бири Деңиз Раимкулов Темир Сариевдин Сокулуктагы шайлоо штабында иштеген. Темир Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова ага байланыштуу жагдайды төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Деңиз Раимкулов деген адам биздин штабда Сокулук району боюнча иштечү. Ал башында эле Темир Аргенбаевичке үгүт жүргүзүп келген. Анан Канат Исаев келип, Темир Аргенбаевич менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны Бабанов менен биригүүгө чакырган. Бирок биздин талапкер андай сунуштан баш тарткан. Мына ошондон кийин ал биздин Сокулуктагы штабдагы балдар менен жолуккан экен. Ошол адам Канат Исаевдин үгүттөөсү менен Бабанов тарапка өтөбүз дешкенби, айтор ошол тууралуу сөз болуптур. Арасынан айрымдары Бабанов тарапка өтүп кетишкен экен. Бирок бул тууралуу биздин борбордук штаб кабардар болгон эмес.

Ошол эле кезде саясат талдоочулар Өмүрбек Бабановдун Оштогу сүйлөгөн жагдайы жана аны колдогон Канатбек Исаевдин башаламандык уюштурууга шектелип кармалышына байланыштуу окуя Темир Сариевдин шайлоо штабын жандандырып койгонун белгилешүүдө. Анткени буга чейин саясий күрөштөгү позициясы бошоңдой түшкөн Темир Сариевдин бийликтин талапкери менен соодалашып, аны менен биригүүгө кадам таштаганы боюнча такталбаган маалыматтар тарай баштаган болчу.

Президенттикке талапкер Темир Сариев өткөн жуманын аягында мындай имиштерди четке кагып, саясий күрөштү аягына чейин уланта турганын билдирген:

- Акыркы убакта саясатчылардын арасында, шайлоочулардын арасында ар түрдүү божомолдор болду. Мен бүгүн расмий түрдө айтып коюшум керек. Мен жана менин командам шайлоонун аягына чейин барабыз. Анткени биздин артыбызда калың эл турат.

Буга чейин талапкерлер Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев жана Адахан Мадумаров бириге турганы айтыла баштаган. Бирок алдыңкы экөө биригип, калгандары ага кошулбай койгон. Мына ошондон соң, Темир Сариевдин шайлоо штабынын башчысы Элмира Ибраимова жана Аликбек Жекшенкулов сыяктуу саясатчылар анын командасынан кетишкен.

Карт бланш алуунун жандалбасы

Саясат талдоочу Марс Сариев талапкер Темир Сариевдин таскагы катуулап, анын шайлоо штабынын жандана башташын саясий атаандаштыкта үчүнчү тарапты карманып, үстүнөн түшүүнү көздөгөн анын саясий жүрүшү катары мүнөздөдү:

- Азыркы учурда "кара пиарды", компроматтарды жаадырып, Бабановду жарыштан четтетүү аракети жүрүп жатат. Бул ийгиликтүү ишке аша турган болсо, азыркы кырдаалдан пайдаланып талапкер Темир Сариев позициясын чыңдап алып, экинчи атаандаш катары алдыга чыгууну көздөөдө. Ал эки тарап катуу кармашып бүткөндөн кийин үчүнчү жактан чыга калууну күтүп жаткандай. Ошол үчүн бул кармашта экинчи фаворит Бабанов жарыштан чыга турган болсо, анын ордун ээлеп, ага караштуу элеткоратты өзүнө имерип алууга аракет жасап жатат. Муну саясий күрөштөгү стратегиялык жана тактикалык жүрүш деп коёт. Эки тарап кармашып, бүткөндөн кийин анын позициясы автоматтык түрдө экинчи орунга жылат. Мына ошондо ал бийликтин талапкеринен уттурган ченде деле, андан аркы саясий келечегин сүйлөшүп алганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Буга чейин саясат талдоочулар арасында Өмүрбек Бабановдун Бакыт Төрөбаев менен тандеми саясий айдыңдагы тараза ташты ооштуруп, анын позициясынын чыңдалышы катары сыпаттала баштаган болчу. Бирок айрым талдоочулар Бабановго байланыштуу соңку окуялар анын саясий рейтингине терс таасир эткенин белгилешүүдө.

Бабановдун тандемдеши Бакыт Төрөбаев анын пайдасы үчүн талапкерлигин ала элек. Анан калса талапкер Бакыт Төрөбаев Коомдук биринчи каналдын дебатына катышуудан мурда баш тарткан чечимин кайрадан артына чакыртуу боюнча кайрылган. Бакыт Төрөбаевдин шайлоо штабынын өкүлү Изати Шүгүралиева анын себеби тууралуу мындай дейт:

- Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев өзүнүн программасын элге кеңири жеткирүү үчүн ал кайрадан КТРКнын жетекчилигине кат жолдоп, ага мыйзам боюнча акысыз ыйгарыла турган эфирдик убактысын берүүнү сурады. Мурда Биринчи каналдын талапкерлерге карата бейтарап эмес мамилесине байланыштуу нааразы болуп, баш тарткан эфирдик убактысын мыйзамдын талабы боюнча кайра пайдалануу ниетин билдирди.

Бирок Биринчи каналдын жетекчилиги талапкерлердин дебаттары пландалып калгандыктан ага эфир берүүдөн баш тартканын жарыялады.

Анткен менен социалдык түйүндөрдө талапкер Бакыт Төрөбаевдин кайрадан дебатка катышуу ниетин анын Бабанов менен болгон тандемден чыгуу аракети катары сыпаттап жиберишти. Ошол эле кезде мындай маалыматтарды Төрөбаевдин шайлоо штабы төгүндөгөн да, ырастаган да жок.

Бакыт Төрөбаевдин шайлоо штабы анын саясий өнөктөшү Бабановдун айланасындагы соңку окуялар жана тандемдин мындан аркы тагдыры тууралуу жакын арада атайын билдирүү жасала турганын жарыялоо менен гана чектелди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG