Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:12

Кечкенден кемибеген тышкы карыз


Орусия Кыргызстандын 240 миллион долларын кечти. Мындай макулдашууну камтыган документке өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анын негизинде Кыргызстандын Орусияга карызы толугу менен жоюлду. Бирок өлкөнүн мамлекеттик жалпы карызы 4 миллиард 117 миллион долларды түзүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу жөнүндө документке өткөн аптада кол койду. Ратификацияланган келишимге ылайык, Орусия 240 миллион доллар өлчөмүндө карызды кечти. Муну менен расмий Бишкектин расмий Москвага болгон бересеси толугу менен жоюлду.

Негизи Орусия Кыргызстандын карызын жоюу жараянын 2012-жылы баштаган. Анда бул өлкөгө жалпы карыздын көлөмү 488 миллион долларды түзгөн. Бул каражат баскыч-баскыч менен жоюлуп отуруп, быйыл толугу менен кечирилди.

Орус бийлигинин мындай жоомарттыгын Кыргызстандын жетекчилиги эки өлкө ортосундагы стратегиялык достуктун үлгүсү катары сыпаттап, экономикага оңбогондой эле жардам болгонун жашырбайт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга болгон бересе жоюлганын эске алганда деле өлкөнүн тышкы карызы чоң сумманы түзүүдө. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча ноябрь айына карата тышкы карыз 3 млрд. 718 миллион доллар болду.

Тышкы карыздын тутумун карап көргөндө, Кыргызстан Кытайдан эң көп карыз алганы байкалат. Маселен, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз 1 миллиард 600 миллион долларды түзгөн.

Көп тараптуу насыялардын ичинен биринчи орунда Дүйнөлүк банктын курамына кирген Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан алынган насыялар турат.

Кыргыз өкмөтү тышкы карызга алынган каражаттар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалып жатканын айтып, бул үчүн тынчсызданууга негиз жок экенин билдирип жүрөт.

Каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт өлкө үчүн ыңгайлуу насыяларды алууну улантарын билдирүүдө:

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

- Бизде азыр бюджетте ири долбоорлорду каржылоого ашыкча каражат жок. Ошондуктан биз эл аралык финансы уюмдарына кайрылып, арзандатылган узак мөөнөттүү 26 жылдан 32-38 жылга чейинки 0,75 пайыз насыларды алып жатабыз. Булардын баары учурда керек болгон ири долбоорлорду каржылоого жумшалып жатат.

Министр Касымалиев азыр карызга алынган каражаттар бир аз убакыттан кийин жемишин берерин айтып жатат. Бирок тышкы карыздын көбөйгөнүнөн жана анын натыйжалуу иштетилбегенинен чочулагандар көп.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков алынган насыялардын көпчүлүгү натыйжасыз пайдаланылган учурлар арбын экенин билдирди:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Азыркы карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн 60 пайызынан ашып кетти. Элестетип көргүлө, ИДӨнүн жарымынан ашып кетсе биз карызга жашап жаткан мамлекеттей болуп калабыз. Карыз алууда биз көп нерсени эске албай калып жатабыз. Кытайдан алган карыз аны берген тараптын кызыкчылыгына жооп берип жатат. Мисалы, эң чоң карызды Кытайдан алып жатабыз. Ошол эле учурда карыз менен кошо алар өз ишканаларын иштетип, алар бизге салык төлөбөй пайда табышат. Карыз болсо биздин мойнубузда калууда.

​Эл аралык тажрыйбада тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн элүү пайызынан ашып кетсе, улуттук экономикадагы коркунучтуу чек катары каралат. Тышкы карызын төлөй албай калган өлкөлөрдө дефолт жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака кылуу кооптуу деп табылат. Бул өлкөгө келе турган инвесторлорду азайтышы мүмкүн.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

2016-жылы мамлекеттик карыз Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 57,7% түзгөн. Бирок былтыр Бюджет боюнча кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, тышкы карызды саноонун жаңы ыкмасы кирген. Ага ылайык, өкмөт бюджетти бекитүүдө жыл сайын тышкы карыздын чегин аныктап отурат.

Быйыл болсо Каржы министрлиги 2019-жылга чейинки мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Стратегия чыгымдарды азайтуу, кооптуу жагдайларды эсептеп чыгуу, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана карыздын туруктуулугун сактоо максаттарын көздөйт.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү Улан Примов стратегиянын алкагында алынган карызды экономиканын пайдалуу тармактарына жумшоо милдети коюлуп жатканын билдирди:

- "Алынган насыяларды мүмкүн болушунча өндүрүшкө же бюджетти түзүүчү багытка жумшаш керек" деген талапты коюп келебиз. Себеби, ал карыздарды төлөй турган мөөнөт 2019-2022-жылдарга туш келип, абдан көп каражат жумшалат. Эгер ал учурда бизде акча алып келүүчү булактар болбосо, экономика кыйын абалда калышы мүмкүн.

Былтыр Кыргызстан мамлекеттик карыздарды төлөөгө 20,7 млрд. сом сарптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG