Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:06

Сооронбай Жээнбековдун “биз бирдиктүү командабыз” деген билдирүүсү - тек гана көңүл улоо үчүн айтылган эле сөз. Саясатта "биздикилер" деген түшүнүк болбойт, саясатта кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгат. Анын мисалы - бүгүнкү "биздикилер" кечээ, андан мурда башка ажонун "биздикилери" болгон.

Бул эми эриккенден чыккан суроо эмес.

Президент шайлаарда баарыбыз эми буюрса жакшы болоруна үмүт артып, журт атасы эл камын ойлоп, өлкөнү жыргалга баштап кирерине ишенебиз. Анткен менен ажолордун айрымдары, элестүү айтканда “эл жегичтерге” айланып, өлкөнү сызга отургузуп, калктын байлыгын каалагандай чачып, аны менен эле тим болбой кыргыздар кылымдап жашап келген жерди башка өлкөлөргө баш-оту менен карматып жатышпайбы.

Ошондон го, “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын сурамжылоосуна катышкандардын 39,7% гана өлкө дүркүрөп өнүгүү жолуна түшөрүнө ишенсе, экинчи бир топтогулар (26,8%) "Сооронбай Жээнбековдун тушунда баары ордунда калат, республика гүлдөп өнүкпөйт, бирок артка да кетпейт" деген пикирде экен.

Жаңы президенттин келишине дегеле эч кандай үмүт артпагандар 12,5% түзөт, алар Сооронбай Жээнбековдун кызматка келишинен Кыргызстан жыргап кетпейт деп ойлошот.

Сурамжылоого катышкандардын кимиси туура?

Алардын баары эле туурадай сезилет, эгер...

***

Жаңыланган Баш мыйзамды кабыл алгандан кийинки алты жылдын тажрыйбасы таасын көрсөткөндөй, Кыргызстанда атаандаш күчтөрдүн теңсалмагы сакталган жок, бийлик кайра эле бир колго өтүп кетти.

"Бир кишинин бийлигинен алыс болобуз" дешкен, бирок кайра эле бир кишинин бийлигине баш ийишти, тек бул ирет улуттук кыртышта “кыргызча” партиялык өкүмзор бийлик орноду.

Партиялык бийлик башында мыйзам ченемдүү эле нерседей кабылданган. Негизи эле ыңкылаптардын баары күч менен башкарууга алып келери белгилүү. Анын себеби деле белгилүү: революция дегениңиз орун-очок алып калган укуктук системаны талкалап, анын натыйжасы укуктук боштукка алып келет. Мындайда бийлик башындагылардын кыймыл-аракети демдүү, дымактуу болорун айтпайсызбы! Ага улай саясий элитанын кайсы бир катмары мамлекетти толук башкарууга өтүшү үчүн коом менен адамдын бардык жагдайларына кийлигишип, алдыга чыгарып койгон ажосунун колу менен болгон бийликтин баарын бир колго топтой баштайт. Бул өкүмзор бийликтин бир ыкмасы. Эмне үчүн муну “кыргызча” деп атабыз?

Өкүмзор бийлик дегендин классикалык формасында демократиянын аты-жыты жок болот. Бизде болсо демократиянын бардык формалары бар, буга кошумча бийлик системасы баарын тергеп-тескеген элитанын үстөмдүгүнө байланган. Ал үстөмдүк бизде КСДП менен “Кыргызстан” деген партияларга энчиленип берилген. Мындай башкаруу режими кимдир-бирөөнүн каалоосуна жараша гана калыптанып жаткан жери жок, бул өзү эволюциялык процесс.

Элитанын турум-турпаты, "биринчинин" жанында айланчыктагандардын ой-тилеги бир гана нерсеге байланган - алардын көзү эч качан тойбойт, "алсам, жулсам" деп гана турушат. Булар эч качан бийликке тоюшпайт, колундагы башкаруусуна алымсынбай, дагы бийикке чыксам, аяк-башы көрүнбөгөн чексиз бийликтин чокусунда отурсам деп жанталашат. Жанындагылардын мындай ачкөздүгүн тыйып коюуга "биринчиликте" отургандардын баары эле кудурети жетпейт.

Ошентип, эгер С. Жээнбеков да жанындагылардын бал сөзүнө эрип, алардын айткандарын гана аткарып калса - ал бүтүндөй улуттун эмес, үркөрдөй КСДПнын гана өкүлү болуп калат. Андай болсо жогорудагы сурамжылоого катышкан 26,8% менен 12,5% айткандары туптуура чыгат. Эгер КСДП менен “Кыргызстан” партияларынан гана эмес, жалпы эл тарабынан шайланган президент эки партиянын кызыкчылыгынан чыгып, жалпы элдик кызыкчылыкты алдыга койсо, жана сурамжылоого катышкандардын 39,7% айткандары туура чыгат.

***

Биздин Баш мыйзамга ылайык социалдык-экономикалык саясат парламент менен өкмөттүн аткарчу иштерине кирет. Өлкө президенти жадагалса мыйзам сунуш кылуу укугуна да ээ эмес.

Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо, улуттук коопсуздук, коргоо маселелерине жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоодон башкасы парламенттин чечимине байланыштуу.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (губернаторлор), райондордун акимдери премьер-министр тарабынан дайындалат. Республикалык бюджеттин тагдырын, ага байланышкан социалдык-экономикалык маселелерди да парламент өкмөт менен чогуу чечет.

Эл аралык сүйлөшүүлөргө жана келишимдерге кол коюу – булардын баары премьер-министрдин макулдугу менен гана жасалат. Атүгүл дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү дайындоо да премьер-министрдин макулдугу аркылуу ишке ашат. Ошентип, парламенттин колдоосу аркылуу гана президент социалдык-экономикалык маселелерди өз каалоосуна жараша чечет. Башкаруунун парламенттик формасынын өзгөчөлүгү, жаңы Конституциянын жаңылыгы мына ушунда. Кыргызстанда чындап келсе реалдуу бийлик премьер-министрде гана бар.

Ушул жерде бир суроо чыгарын да көрүп турам: “А Атамбаевчи, ал каалаган социалдык-экономикалык маселелерин чечип келбедиби?”

Мунун жообу деле жөнөкөй – ал партия жетекчилигиндеги ордун сактап, бардык маселелерди парламент менен өкмөт аркылуу чечип келди. КСДП партиясы парламентте коалициялык көпчүлүктү түзүп, президенттин кызыкчылыгын колдоп, анан ошол коалициялык көпчүлүк түзгөн өкмөт менен Жогорку Кеңеш Атамбаевдин айткан-дегенин илгиртпей аткарып, чечимдерин жүзөгө ашырып турду.

Непадам, эгер С. Жээнбеков дымагын басып, жанындагыларды тыйып, конституциялык ыйгарым укуктарынын гана чегинде иштесе, Кыргызстандын тарыхында Баш мыйзамдын чыныгы гаранты, башкаруунун парламенттик формасын ишке ашыруучу катары калат. Бирок бул абдан эле кыйын жумуш. Бул жерде болгон күч-кубатты, бекем эркти көрсөтүү керек, жанында болсо бийлик деп жулунгандар турат. Эгер жанындагыларды айтканына көнсө, айла жок өкмөттүн “короосуна уурданып кирүүгө”, аткаруу бийлигинин “жуурканын” өзүнө тартууга аргасыз. Ордо ичиндеги күрөш өз кишилерин бийлик орундарына отургузуудан башталат, эгер андай аракет ишке ашпай калса парламент менен партиядагы таасирин күчөтүү иштери башталат. Анын натыйжасы кандай болорун болжоо кыйын. Андайда президент каалабаса да өз кишилеринин ортосундагы мамилени тескөөгө аргасыз болот.

С. Жээнбековдун “биз бирдиктүү командабыз” деген билдирүүсү - тек гана көңүл улаш үчүн айтылган эле сөз. Саясатта "биздикилер" деген түшүнүк болбойт, саясатта кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгат. Анын мисалы - бүгүнкү "биздикилер" кечээ, андан мурда башка ажонун "биздикилери" болгон.

***

Адамдын аракети, жасаган кадамдары анын мүнөзүнүн бекемдигин же боштугун, ким экенин аныктайт. С. Жээнбеков премьер-министр болуп, чоң бийликте туруп “Кумтөр” маселесин чечүүдөн өзүн оолак кармады. Ал дүйнөдөгү эң ири жети кендин бирине кирген “Кумтөрдүн” алтын запасы (кирешенин калк башына эсептей келгендеги көрсөткүчү боюнча) Кыргызстанды экономикалык жактан мыкты өнүккөн бай мамлекеттердин катарына коёрун билбей калышы мүмкүн эмес.

Кийинки алты жыл ичинде “Центерра” чет өлкөгө төрт миллиарддан ашуун АКШ долларын алып чыгып кеткенин, анын азыноолок гана дасторкон кагынчыгы - талкаланган тоо, уу калдыктардын көлү, аёосуз талкаланган мөңгүлөр, тоонун үйүлгөн таштары, азайып бараткан тоң - Кыргызстанга калганын, казылган жерлерди калыбына келтирүү миллиарддаган каражаттарды талап кыларын, алдыда андыган экологиялык алааматты билбей калышы мүмкүн эмес болчу. Азыр С. Жээнбеков чоң бийликти ээлеп, өлкө кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кени боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болуп турат. Эгер ал өзүнө чейинкилерге окшоп буга кайдыгар карап туруп алса, “Центерра” уялбай-этпей дагы эле Кыргызстан элинин байлыгын тоноп алып чыгып кете берет. Андайда С. Жээнбековго ишенбегендердин пикири чын чыгат.

Эгер ал канадалыктар менен “Кумтөр” алтынын талап-тоноп алып чыгып кетип аткандарга шарт түзүп, мөңгүлөрдүн талкаланышына жол берген бийликтеги танапташтарына каршы туруп, элдин байлыгын уурдап байып аткандарга бөгөт коё алса, оор шартка капталып айласыз карыз сурап, өзүн эле эмес, келечек муундарды да карызкор кылып аткан өлкөнү кайырчылык абалдан чыгара алса - С. Жээнбеков чыныгы журт атасы боло алат.

***

Жакында 15-ноябрда баш калаадагы опера жана балет театрында өлкөнүн маданий турмушундагы орчун окуя - СССР эл артисти Сайра Кийизбаеванын жүз жылдыгына арналган кече өттү. Көрүүчүлөргө жык толгон зал биздин угармандар улуттук опера өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө салым кошкон таланттарга сый-урмат менен мамиле кыларын көрсөттү. Бул алуу-сатуудан бийик турган нерсе.

Кыргызстан маданиятынын калыптанышына баа жеткис салым кошкон, калк арасында кадыры артык искусство адамдарын эскерүүгө арналган башка кечелерден айырмаланган бул иш-чаранын өзгөчөлүгү - залда чакыруу баарына жөнөтүлгөнү менен кечеге бир да бийлик адамы келбей койгону болду окшойт. Кечеге келген жалгыз бийлик адамы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өкүнүчүн жашырбай, бийлик үчүн отурган элден кечирим сурады. Бүгүнкү күндүн ачык акыйкаттарынын бири ушул. Биздин аткаминерлердин учурдагы маданий деңгээли ушундай. Бул алардын өлкөнүн искусствосуна, кыргыз элинин чыгармачылык мурасына карата мамилеси. Анткен менен маданият коомдун гана эмес, инсандардын, социалдык жалпылыктардын, социалдык институттардын жашоо-турмушунун айныксыз бөлүгү болуп эсептелет. Эгер мына ушул айныксыз акыйкатттарга азыркы бийлик ээлери керең болсо, аны С. Жээнбеков оңдой албаса өлкөнүн келечеги бүдөмүк.

***

Шайлоочулар менен жолугушууларында башка президенттикке талапкерлерден айырмаланып, С. Жээнбеков өлкөнүн Конституциясына тийишпестигин айтып атты. Бул акылдуу чечим. Кыргызстандын 20 жылдык тарыхы Баш мыйзамды өзгөртүү майнапсыз экенин көрсөттү. Ал башкарууга тойбогон президенттердин бийлигин күчөткөндөн башкага жарабады. Натыйжасы бийликтердин ортосундагы тең салмак жоюлуп, мамлекеттик түзүлүштү калпыс абалга кириптер кылгандан башкага жарабады. Эгер ал айткан сөзүндө турса, биздин саясий элитаны ээрчип алган илдеттен алыс болуп, Конституцияга жамаачы салуудан алыс болсо - Кыргызстандагы Конституциянын чыныгы коргоочусу катары тарыхта калат. Конституцияны бекем тутуу өлкөнүн туруктуулугунун жана анын мамлекеттик курулушунун ырааттуулугунун негизи болуп саналат.

***

Президентти мүнөздөөнүн эң маанилүү шарттарынын бири - анын кара кылды как жарган калыстыгы. Калыстык - пенде баласынын адеп-ыйманына байланышкан, ошондон тамырлап-көктөп чыкчу касиет. Кайсы бир мамлекетте сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин башка өлкөнүн элчисине ак сарайды көрсөтмөк болушат. Кыдырып жүрүшкөндө элчи дубалдын бир жери кыйшык экенин айтат.

- Бул дубал кандай кыйшык болуп калган?- дейт элчи коштоп жүргөндөргө.

- Бул кемпирдин үйү болчу, - дешет тигилер. - Биздин өкүмдар ушул ак сарайды кура баштаганда ал байбичеден үйүн сатып алууну сураган: “мага сатыңыз” деген. Кемпир үйүн сатпай койгон. Өкүмдар кемпирди көндүрө албай айласы кетет. Ошондон улам мына бул келишкен аксарайдын бир дубалы кыйшык болуп калган.

- Күч менен зордоп тик дубал кургуча минтип кыйшык кылып койгон жакшы! - дейт элчи.

Эгер С. Жээнбеков ушул аңгемедеги өкүмдарга окшоп жардыга боорукер, макул болбогонго кечиримдүү болсо, адамдардын абийири менен турмушуна кол салбаса, бийлик каршылаштарына касын тиккен кекчил болбосо, айкөлдүгүн көрсөтүп кечиримдүү болсо, бул сапаты өлкөдө чыныгы демократиянын орношуна өбөлгө түзмөк.

Бирок да кайсы бир себептер менен президенттин бийликке киришүү аземине Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р. Отунбаева, парламенттин мурдагы төрагалары, өкмөттүн мурдагы башчылары (жок дегенде экинчи революциядан кийинкилери) чакырылбай калганы - чочулатчу белги, анан өкүнүчтүү жагдай.

***

Тарыхый инсандарга баа берүүдө биз биринчи иретте анын мүнөзүндөгү жаратмандык касиетине көңүл бурабыз. Айталы, архитектуранын эстеликтери жүз жылдарды “карытат”. Ал аркылуу улуттун маданиятынын деңгээли аныкталат.

Ошондон өлкөнүн биринчи адамдары мына ушул жаратмандык өнөрдү өзгөчө кастарлашкан. Ал аркылуу артында из калтырууну каалашкан, урпактарынын мактоосуна арзууну эңсешкен. Бул бийликке байланган атак-даңк эмес, бийликти мыкчып турган кезин элестеткен эстеликти калтыруу, элин көтөрүү, өлкөсүндөгү чеберлердин эмгегинин улуулугун даңктоо аракети.

Архитектура менен шаар куруунун кереметтери мамлекет башчылардын колдоосу, алардын сүрөөнү менен гана жаралганын тарых дайым ырастап келет. Маселен, Петр биринчи, Улуу Екатерина болбосо Санкт-Петербургдун, аксак Темир менен анын урпактары болбосо Самарканддын, шейхтер болбосо Эмир өлкөлөрүнүн, дагы башка ушул шекилдүү мисалдар болбосо архитектура менен шаар курулушунун кереметтери жаралат беле? И. Сталин өз мезгилинде Москва шаарынын башкы планын өзү бекиткен, шаар планына "бекитем" деп колун койгон. Ошондой эле ойду Беларус менен Казакстандын президенттери А. Лукашенко менен Н. Назарбаев тууралуу да айтсак болот.

Биздин ажолор Ошту, башка шаарларды мындай кой, баш калаа Бишкекке көңүл бурушпай, анын азыркысы менен келечегин көңүл сыртында калтырып келет. Алардын мындай мамилеси бери жакта турган аткаминерлерге да жугуп, "шаарда эмне кылсам өзүм билем" деген өнөкөткө алып келип, шаар куруу бизде башаламан жумушка айланды. Тийиштүү тармактарга жетекчилер курамын дайындоодо коалициялык көпчүлүк мамлекеттик кызыкчылыкты четке таштап, бийлик башына өз партиялаштарын, дос-жарларын, тааныштарын алып келүүгө аракет кылышат. Алар алып келген аткаминерлер кол алдындагыларга ошондой эле тартипте тааныштарын, иш билбегендерди, жакындарын алып келишет. Бир учурда Мамлекеттик курулуш системасынын жетекчилигине юристтер, бизнесмендер, атүгүл гуманитардык кесиптердин ээлери коюлуп, бул орунду башка бир кызматка дайындалганга чейинки өткөөл катары эсептешкен.

Азыр деле ал жерде архитектура менен шаар курулушу эмне экенин билбегендер башкарып отурушат, ал эми бул ишти көзөмөлгө алчу кызматта бир да архитектор жок. Тилекке каршы, мындай жагдайлар башка тармактарда деле толтура.

Ошондуктан эгер С. Жээнбеков улуу ойчул Жусуп Баласагындын “Кут таануу билиминдеги” улуу өкүмдар Күнтуудунун принцибин сактабаса,

Илимдүүнүн бардыгын колуна алды,

Билимдүүнү чакырып ишке салды.

Келишти көп жерлердин акылманы,

Акылы артык жандар анын баары, - дегендей татыктууларды артынан ээрчитип жүрбөсө - сурамжылоодогу "президент ишке киришкенден кийин эч нерсе өзгөрбөйт" деген 26,8 % менен 12,5% айткандары төп келет. Алар "Жээнбековдун келиши менен Кыргызстанда эч кандай өзгөрүү болбойт, жакшы жагына да, жаман жагына да ообой, азыркы калыбында катып калат" дегендердин пикири чын чыгат.

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG