Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстанда Макфиттей кадр жокпу?


Мёрдо Маклеад жубайы Гүлжамал жана уул-кызы менен.
Мёрдо Маклеад жубайы Гүлжамал жана уул-кызы менен.

Мен Майкл Макфитке жан тартпайм. Ал эмгек акы төмөн өлкөдө жакшы айлыкка иштеген чет өлкөлүк конок болчу. Эгер ал Кумтөр көп жылдан бери талаш-тартыштын өзөгү экенин билбесе, анда үңкүрдө жашаса да жарашмак.

Анын социалдык медиага жазгандары бирөөгө жамынып алып, бой көтөргөн, кыт-кыт күлгөн, маймыл жүрүштөгү немени элестетет. Ал өзү менен иштегендерге чет элдиктердин ашканасында отуруп алып күлүп, башкаларга караганда мыкты шартта экенине маашырланганын көрсөтөт.

Шотландияда болгон бир окуяны айтып берейин. 1692-жылы февралда Кэмпбелл Хайленд кланы бир нече түн Гленкодогу Макдональд кланынын үйүндө конок болуп калышат. Макдональддар аларга шотланддардын салты боюнча баш калкалай турган жай беришет. Бир күнү эле Лондондогу өкмөттүн буйругу менен Кэмпбеллдер үй ээлерин өлтүрө баштайт. Гленкодогу кыргын шотланддардын тарыхындагы көп согуштардын бири катары белгилүү. Кландык араздашуулар бири-бирин сатып кетүү, өлтүрүү менен коштолгон. Тарыхта көптөгөн кармаштар Гленкодон алда канча кандуу болсо да, ал кыргын азыркыга чейин элдин эсинде. Анткени Кэмпбеллдер конок болуп туруп, үй ээлерине кол салган, бул Шотландияда чоң мааниге ээ. Менин дагы анын канчалык маанилүү экенине көзүм жетет.

Социалдык медиадагы постту башка кландын 78 мүчөсүн өлтүрүү менен салыштырууга болбойт. Бирок көңүлгө түйчү бир нерсе бар. Конок койдон жоош болуп, ордун билип, сыйын көрсөтсүн.

Кыргыз эли башкаларга караганда тамашаны жакшы көтөрөт. Алар экономика, саясат, деги эле жашоонун бардык жагын тамашага чалат. Алар айтылган сынды терикпей кабыл алышат. Мен дагы көп кыргыздардай эле Кыргызстандагы жашоонун күңгөй-тескейин сындап калам.

Макфит кыргыз бийликтеринин кылмыштарга, айрыкча аялдар менен балдарга каршы зордук-зомбулукка камарабаган мамилесин сындаса болмок. Орусия менен Бажы биримдигине кирип алып, улуттук базарларын талкалап жатканын сындаса жарашпайт беле? Балдарды тарбиялоонун терең реформасы муздай катып турганын эмнеге сындаганга болбосун? Кыргызстандагы күндөлүк зарыл нерселердин асмандаган баасына тынчсызданганын билдирүүгө неге болбосун?

Ал муну билбейби? Ага баары бирби? Кыязы, экөө тең окшойт. Эгер Макфит анын посту башкаларды шылдыңдоо экенин билбесе, анда ал эл аралык компанияда жооптуу ишти аткарууга татыксыз.

Кыргыздардын жообу катаал болду. Анын милицияда кантип калтырап отурганын көрүү күлкүнү келтирди. Балким милициянын убактылуу кармоочу жайында эки түнөсө ага сабак болмок. Бирок бул милициянын убактысын алмак. Анын ордуна милиция Кыргызстандагы аялдарды, балдарды коркунучтуу кылмыштардан коргоого жана кылмышкерлерди издөөгө убактысын кетириши керек.

Премьер-министрдин кеңсесинен бирөө компанияга чалып, Макфит туура эмес жүрүм-туруму үчүн өлкөдөн тезинен чыгып кетсин деп койсо жарашмак. Эң башкысы, "Кумтөр" Макфиттин компаниядагы жумушчуларга жана ишкананын коомдук беделине тийгизген зыянын билиши керек эле. Менин жубайым кыргыз, анын оюнда дагы милициянын аралашканы аша чапкандык болуп, постколониалдык аң-сезимди элестетти.

Макфиттин ишине милициянын аралашканы Шотландиянын медиасында “куралданган милиция” жөнүндө үрөй учурган талкууларды жаратты. Британияда полиция күчтөрү күндөлүк ишинде куралсыз жүрөт, болгону эл аралык аэропорттор менен Түндүк Ирландияда гана террордук коркунучтан улам полиция куралчан. Андыктан британдар “куралдуу милиция” тууралуу окуганда алардын көз алдына Голливуддун атышкан фильмдери элестейт. Алар милициянын башчылары менен министрлер атайын жыйын чакырып, анан ОМОНго тапшырма берип, алар эшик-терезени талкалап кирип барып, тероррчулукка каршы операция жүргүзгөндөй элестетип жатышат. Мурдагы Советтер Союзун билгендер ар бир милиция кызматкери тапанча тагынып жүрөрүн эстеди.

"Кумтөр" кандай болгон күндө да жер бетинен Макфитке окшогон алды-артын байкабаган дөөдүрдү кайдан таап ишке алат? Ишке келген чет элдик кызматкерден кайсы бир деңгээлде өзүн жакшы алып жүрүү, сый-урмат көрсөтүү, атургай атайын билим талап кылынат. "Кумтөр" Кыргызстанда бир дагы ширетүүчү табылбайт деп ойлойбу?

Кыргыз бийликтери казак коңшуларынан компаниялар менен эл аралык уюмдардан жергиликтүү элди көбүрөөк жакшы ишке алууну кантип талап кылып, басым жасоону үйрөнүшү керек.

Эмне үчүн чет өлкөдө билим алган, дипломдуу кыргыз жарандары бир-эки сертификаты бар чет элдиктен аз маяна алышы керек? "Кумтөр" жана башка ишканалардын өз ишин эң мыкты билген, өтө жогорку кесипкөй эл аралык адистерди алып келүүдөбүз деген жүйөсү эми суу кечпейт. Мыкты кесипкөй адистер дайыма зарыл, бирок көп уюмдар кандай жүрүш-турушту билбеген кемчонтойлорду алып келип, кыргыздын таланттарына көз жуумп салууда.

Болгону өз эркин көрсөтүп, компаниялар менен уюмдардан кыргыз жумушчуларды көбүрөөк, жакшы төлөп ишке алууну талап кылууда кыргыз бийлигинин колунда сонун мүмкүнчүлүк бар.

Мёрдо Маклеад, Жакынкы Чыгышта коомчулук менен иштөө боюнча адис.

XS
SM
MD
LG