Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык


Яхья Саид, Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү
Яхья Саид, Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кетти деген эскертүү Эл аралык Валюта корунун кезектеги миссиясынын Бишкектеги ишинин соңунан кийин жасалды. Бүгүн тышкы карызы жок өлкөнү табуу кыйын, Кыргызстандын көйгөйү эмнеде болуп жатат?

Саид: Кыргыз Республикасынын карыз алуусу акыркы төрт-беш жылда ыкчам өсүп кетти.

Ал эми акыркы үч жыл ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү Улуттук дүң өндүрүштүн ага чейинки 40% тегерегиндеги көрсөткүчүнөн дээрлик 70% барабар болуп калды.

Карыздын өлчөмүн экономикада аны тейлөө үчүн бар ресурстар менен салыштырганда, биздин анализдерибиз Кыргызстан азыр карыз алуу жагынан жогорку тобокелдиктин чегинде турганын ишара кылууда.

Мамлекеттик карыздын экономикага, Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүнө салыштырмалуу мындан ары көбөйүшү карызды туруксуз кылып коюшу мүмкүн. Бул Кыргызстан айрым учурларда карызын төлөй албай калышы да ыктымал дегенди билдирет. Биз мына ушуга жол берилбешин каалайбыз.

Мамлекеттик карыздын экономикага, Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүнө салыштырмалуу мындан ары көбөйүшү карызды туруксуз кылып коюшу мүмкүн. Бул Кыргызстан айрым учурларда карызын төлөй албай калышы да ыктымал дегенди билдирет.

“Азаттык”: Эл аралык Валюта коруна мүчө өлкөлөрдө мамлекеттик же тышкы карыздын көлөмү мынчадан ашпосу керек деген бир стандарт барбы?

Саид: Андай деле стандарт жок. Ар бир өлкө ала турган карыздын көлөмү бир нече факторго көз каранды болот да. Экономиканын көлөмүнө, диверсифакциясына, ресурстарына, ошондой эле тигил же бул өлкөнүн тышкы каржылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө. Мисалы кээ бир мамлекеттер өз экономикасынын көлөмүнөн көп карыз ала алат. Себеби, алардын карызды абдан арзан алуу, эл аралык каржы базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми кээ бир өлкөлөрдүн мамлекеттик карызынын көлөмү төмөн болушу керек. Себеби экономикасы кичинекей, ресурсу чектелүү болгондуктан каржылык базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Кыргызстан мына ушул экинчи категорияга кирет.

“Азаттык”: Сиздер Кыргызстан үчүн кийинки насыялар кымбатка туруп, үстөгү жогору болуп калышы мүмкүн деп да эскертпедиңиздерби, кыргыз өкмөтүнө кандай сунуштарды бердиңиздер?

Саид: Биз Кыргыз республикасына карыз алууну токтоткула деп сунуштаган жокпуз. Биздин ишенимибизде да өлкөдө бир катар маанилүү инфраструктуралык муктаждыктар, Кыргызстан ишке ашыра ала турган долбоорлор бар.

Алар үчүн эл аралык каржы уюмдардан же эки тараптуу негизде карыз алууга туура келет. Бирок, биз бул долбоорлор дыкаттык менен тандалуусуна, алар бир мезгилге жыйналып калбашы үчүн график түзүлүүсүнө басым жасап жатабыз. Соңку эки жылдын көйгөйү - бир нече долбоор бир убакта башталганы, бул өз кезегинде мамлекеттик карыздын көбөйүшүнө алып барды. Биз долбоорлорду жана карыз алууну баскыч-баскыч менен ишке ашырууну, карызды жеңилдетилген шартта гана алууну сунуштап жатабыз.

Жеңилдетилген шарт дегенибиз насыянын кеминде 30%, балким, 50% кайтарымсыз грант, калганы абдан төмөн үстөк пайыз жана кайтаруу мөөнөтү отуз жыл же ушул убакыттын тегерегинде.

Кыргызстан - иш жүзүндө Борбор Азия аймагынан Кытайдан насыяны жеңилдетилген шартта алган жалгыз өлкө жана бул жакшы көрүнүш. Анткен менен Кытай насыясынын шарттары эл аралык уюмдардыкына караганда катаалыраак.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү акыркы карыздардын чоң бөлүгүн Кытайдан албадыбы? Ал боюнча кандай ойдосуздар?

Саид: Кытайдын насыялары да жеңилдетилген шартта. Бирок Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банктыкына салыштырмалуу Кытайдыкы анчалык жеңилдетилген эмес, үстөк пайыздары жогорураак. Эл аралык Валюта корунунун, башка өнөктөштөрдүн талабынан улам Кыргызстан - иш жүзүндө Борбор Азия аймагынан Кытайдан насыяны жеңилдетилген шартта алган жалгыз өлкө жана бул жакшы көрүнүш. Анткен менен Кытай насыясынын шарттары эл аралык уюмдардыкына караганда катаалыраак.

“Азаттык": Эл аралык Валюта кору өзү быйыл жана келерки жылы Кыргызстанга насыя берүүдөбү, үстөгү канча ?

Саид: Ооба, Кыргызстандын бюджетин колдоо боюнча программабыз бар. Бирок өлкөнүн башка карым-катнаштарына салыштырмалуу чоң эмес, үч жылга 90 миллион доллардан ашуун, насыя жеңилдетилген шартта, үстөк пайызын азыр так айта албайм, бирок бир пайыздан төмөн.

“Азаттык”: Эл аралык Валюта корунда быйыл, келерки жылы кыргыз экономикасы эмне болот деп жатасыздар?

Саид: Биз быйыл экономикалык өсүш абдан эле төмөн болорун күтүүдөбүз. Эки пайыздын гана тегерегинде. Келерки жылы мындан бир аз жогору болот. Тилекке каршы, аймактан башка көп өлкөлөрүндөй эле Кыргызстандын да акыркы кризистен кийин экономиканын өсүү ыргагына түшүүсү жай кетүүдө. Андыктан, мындай шартта өкмөт үчүн структуралык реформаларды ишке ашыруу, фискалдык тартипти сактоо, экономиканы өсүштүн жогорураак траекториясына алып келүү үчүн зарыл башка иштерди аткаруусу маанилүү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG