Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:22

Булганган чөйрө согуштан да коркунучтуу


Кытайда беш кишинин биринин өлүмүнө (1.8 млн адам) экология себепчи болгон. Бээжин, Кытай.

Булганыч экологиянын кесепетинен согуштан жана зобун-зордуктардан өлгөндөргө караганда көп адам каза табат. Германияда каскактар 76% азайган. Бөөн автокөлүк. Жапон инженерлери ток өндүрчү жана жээкти коргочу турбина жасашты.

Булганыч аба жана суудан каза болгондордун саны жылына согуштан, зобун-зордуктан өлгөндөргө караганда алда канча көп. Чылым, ачарчылык, табигый кырсык, СПИД, кургак учук жана безгектен ажалга баш ийгендердин баарын кошкондо да булганган чөйрө кыйган өмүрлөргө жетпейт.

2015-жылы алты кишинин бири же 9 миллион киши уу заттардын залалынан улам дүйнө салган.

The Lancet журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, дүйнөдө булганыч айлана-чөйрөгө байланыштуу чыгымдар жылына орто эсеп менен 4,6 триллион долларды түзөт. Бул болжол менен дүйнөлүк экономиканын 6,2% барабар.

“Айлана-чөйрөнүн булгануусу адамзат көрбөгөн көйгөй, себеби алар жалпы проблеманы эмес, анын майда барат бөлүктөрүн гана көрөт”, - дейт изилдөөнүн жетекчиси, америкалык эпидемиолог Филипп Ландриган (Philip Landrigan, dean of global health at the Icahn School of Medicine at Mount Sinai, New York).

Эксперттердин айтымында, өндүрүштүк уу заттардын кесепетинен өлгөндөрдүн саны бул изилдөөдө аныкталган 9 миллион кишиден алда канча көп жана алардын так санын билүү үчүн жаңы усулдун негизинде жаңы изилдөө жүргүзүү зарыл.

Аталган докладда балит чөйрөнүн айынан Азия жана Африкада көпчүлүк калктын өмүрү коркунучка кептелип жатканы айтылат. Бул тизменин башында Индия, андан кийин Кытай турат. Индияда өмүрү эрте кыйылган төрт кишинин биринин (2.5 млн.адам), Кытайда беш кишинин биринин өлүмүнө (1.8 млн адам) экология себепчи болгон. Бангладеш, Пакистан, Түндүк Корея, Түштүк Судан жана Гаитиде эрте кайтыш болгондордун 20 пайызынын өлүмү экологияга байланыштуу.

Булганыч чөйрөдөн көбүнесе дүйнөнүн жарды өлкөлөрү жабыркайт. Изилдөөгө караганда, экологиянын кесепетинен өмүрү эрте үзүлгөндөрдүн 92% кирешеси төмөн же орто өлкөлөрдүн жарандары. Бул өлкөлөрдө экологиялык нормалар жакшы сакталбайт, өндүрүштө эски технология колдонулат жана күйүүчү майлар сапатсыз.

“Булганган чөйрө экономикага зыян келтирерин адамдар түшүнбөйт. Бейтап же маркумдар экономикага салым кошпойт”, - дейт белгилүү эксперт Ричард Фуллер (Richard Fuller, head of the global toxic watchdog Pure Earth).

(Булагы: https://www.japantimes.co.jp, http://wtnh.com)

Каскактар кайда жоголду?

Германиянын улуттук парктарындагы каскактардын биомассасы акыркы 27 жылда 76 пайызга азайган. Окумуштуулар мунун себебин азырынча билбей убара. Кооптуу абал “каскак каттоо” жүргүзүлгөндөн кийин аныкталган. Изилдөөнү Нидерландиянын Неймеген шаарындагы Ыйык Радбод атындагы университеттин Каспар Халлманн (Caspar Hallmann, Radboud University, Nijmegen) баштаган илимпоздору жүргүзгөн. Ал үчүн жай саратанда Германиядагы алты улуттук паркта кылдан жасалган тузак орнотулган. Ага түшкөн канаттуу каскактардын массасын жана жалпы санын анализдеп көргөндө, алардын индекси 6% төмөндөгөнү айкындалган. 27 жыл илгери бул көрсөткүч 82% болчу. Эгер 1990-жылы тузакка күнүнө орточо 10 грамм каскак түшсө, быйыл жайда күнүнө 2 грамм каскак түшкөн.

Эксперттер каскактардын азайышына айыл чарбасында отоо чөптөргө каршы химиялык заттарды колдонуу шыкак болушу мүмкүн деп боолгошот.

“Кээ бир зыяндуу курт-кумурскалардын азайганы жакшы кабар. Бирок анын зыяндуу жагы да бар. Өсүмдүктөрдү чаңдаткан, куштар менен жарганаттарга азык болгон каскак-чиркейлердин жоголушу экосистемага терс таасир этерин” айтты америкалык илимпоз-эколог Дэвид Иноуэ (David Inouye, University of Maryland).

(Булагы: http://edition.cnn.com, http://abcnews.go.com)

Бөөн автокөлүк - болочоктун унаасы

Калайык жол тандабас менен “Мерседес” автомобилдерин аздектеп жүргөн кезде, кыялкеч дизайнерлер транспорттун акылга сыйбаган түрлөрүн ойлоп табышты. 21-24-сентябрда Лондондо өткөн "Designjunction 2017" фестивалында футуристтик автокөлүктүн дизайн-концепциясы көрсөтүлдү.

Кадырлуу фестивалга Лондондун искусство университетинин (University of the Arts London, Central St Martins) өнөр жай дизайны боюнча курсунда окуган студенттер да катышты. Конкурска коюлган иштерди Renault автомобиль концернинин Энтони Ло (Anthony Lo) жана Ник Роудз (Nick Rodes) башында турган даркан дизайнерлери баалашты.

Эң мыкты долбоор болуп кытайлык бийкеч Ючен Каи (Yuchen Cai) сунуш эткен “The Float” табылды. Ючен Каи Лондонго билимин өркүндөткөнү келгенге чейин Шанхайдагы Цзяотун университетин (Shanghai Jiao Tong University) аяктап, өнөр жай дизайны боюнча инженер адистигин алган.

“The Float” долбоору сунуш эткен автокөлүктө кадимки дөңгөлөк жок. Магниттик левитация технологиясынын негизинде жерден жарым метрге жетпеген бийиктикте жүрөт. Анын формасы ичине аба толтурулган айнек бөөнгө же кадимки чаначка окшош. Ар бир “чаначка” бир же эки жүргүнчү сыят. “The Float” чаначына эсепсиз көп бөөндөрдү чиркештирип койсо болот. Ал үчүн чаначтын капталында магнит кемер орнотулган. Бөөн модулда жылып ачылма эшик, эргономикалык орундуктар жана башка ыңгайлуу элементтер бар. “Мен көлүктөрдү бириктирүүнүн жаңы жолун издедим: ар бир көлүк өзүнчө бир бүтүн жана ал адамдардын талабына ылайык түрдүү режимде иштей алат”, - дейт 23 жаштагы Ючен Каи.

Магниттик левитация технологиясы бүгүнкү транспортсистемалары үчүн жаңылык эмес. Миллиардер-инвестор Элон Масктын идеясы боюнча Дубайда курулган Hyberloop транспорт системасы да магниттик левитациянын негизинде иштейт.

Designjunction 2017 конкурсунун үч жеңүүчүсү, анын ичинде Ючен Каи келерки жайда Renault компаниясынын Париждеги башкы дизайнерлик студиясында эки жума практика өтүшөт.

(Булагы: https://www.slashgear.com, http://technewsport.com)

Ток өндүрчү жана жээкти коргочу турбина

Мындай эки жумушту бир бүткөрчү турбинаны Жапониянын Илим жана техника институтунун (Okinawa Institute of Science and Technology) инженерлери жасады. Берегидей турбиналары бар система деңиз толкунун салаага бөлүп, кубатын азайтат жана “майдаланган” толкундун кубатын электр энергиясына айлантып, электр түйүндөрүнө берет.

Жапон инженерлери ойлоп тапкан турбиналардын системасын жээктерге, суу тартылып кеткен кургак жерлерге, коралл дөңдөргө бир нече катар кылып орнотуу мүмкүн. Ал эми толкундун кубатын пайдалуу энергияга өзгөртчү (Wave Energy Converter) турбина өзү толкун жеткендей бийикте орнотулат.

Турбинанын беш калагы чопо кабыктуу электр генераторуна туташтырылган. Калактар ийилчээк жумшак материалдан жасалгандыктан толкун айдап келген деңиз жандыктарына эч кандай залал келтирбейт. Мындай турбинаны тайфун сыяктуу табигый алааматтын күчү майыштыра да, сындыра да албайт. 10 жылдык мөөнөт менен иштегенге жарактуу деп эсептелген.

“Жапониянын жээктеринине дээрлик 30% бетон блоктор орнотулган же толкунду майдалачу шыгайлар менен корголгон", - дейт профессор Тсумору Шинтэйк (Tsumoru Shintake).​

- Турбиналар жээктин 1% эле орнотулса, биздин эсептөөбүзгө ылайык, 10 гигаваттка жакын электр энергия өндүрөт. Бул 10 атомдук станция өндүргөн энергияга барабар”.

Деңиз толкундары - экологиялык таза энергиянын түгөнгүс кенчи. Гаваиде, Гибралтар булуңунда жана Австралиянын жээктеринде деңизден электр кубатын өндүргөн түрдүү типтеги электростанциялар иштейт.

(Булагы:.https://truththeory.com, https://www.theengineer.co.uk)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG