Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Жаңы робот кыямат кайымды тоготпойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Чаян чагардын алдында ууcунун күчүн душмандын чоңдугуна жараша өзгөртөт. Зилзала, кырсыкта иштеген робот жасалды. Семиздик жана чылымды көп чегүү өмүргө зыян. Армениялык инженерлер да электрокөлүк жасашты.

Чаяндар уусун үнөмдөйт

"Чаяндар үч түрдүү ууну бөлүп чыгарганга жөндөмдүү. Биринчиси - сүт эмүүчүлөргө каршы болсо, экинчиси - курт-кумурскаларга, үчүнчүсү - аталган эки топко тең багытталган”, - дейт Австралиядагы Жеймс Кук атындагы университеттин (James Cook University) токсикологу Жейми Сеймур (Jamie Seymour).

Илимпоздун айтымында, береги ар түркүн уулуу коктейлдин рецепти кырдаалга жараша кандай өзгөрүлүп турат деген суроону билүү окумуштуулар үчүн маанилүү.

Чаяндарга кол салууга дааган жырткычтар негизинен көлөмдүү сүт эмүүчүлөр. Ошого карабай алар курт-кумурскалар менен бирдей эле чаяндын уусуна туруштук бере албайт. Анткени ууда сүт эмүүчүлөр жана курт-кумурскалар үчүн коркунучтуу нейротоксикалык пептиддер болот.

Ал эми Hormurus waigiensis чаяны уунун курамын керегине жараша өзгөртүп турарын профессор Сеймур жетектеген илимий топ аныктады. Мындай касиет чаяндын башка түрлөрүндө жок.

Демейде чаяндын уусу жабыркаган жандыктын нерв системасына жана канына чабуул жасап, маанилүү белоктордун иштөө ритмин бузган заттардан турат.

Анын баары синтезделип, уулуу безде сакталат жана канга аралашканда курамы, пропорциясы өзгөрөт. Алардын мындай жөндөмүн пайдалануу үчүн профессор Сеймур жана кесиптештери Hormurus waigiensis чаянын түрдүү шартта изилдеп чыккан. Атап айтканда, садага чабылган чегирткелер жана чычкандын кеби менен калтырышкан.

Алты аптадан соң чаяндын уусун текшеришип, күтүүсүз феноменди көрүшкөн. Чаян кол салууга даяр жүргөндө, анын уусунда сүт эмүүчүлөргө каршы эффективдүү токсиндер көп болгон. Бирок курт-кумурскаларды иштен чыгарчу токсиндер аз болгон.

”Жасалма кырдаалда чаян организминен курт-кумурскаларга таасир эткен уулуу заттарды иштеп чыкканды азайткан болушу ыктымал. Ошол эле мезгилде сүт эмүүчүлөргө, мисалы, чычкандарга эффективдүү таасир эте турган ууну иштеп чыгарууну көбөйткөн”,- дейт илимий топтун мүчөсү, австралиялык эколог Тобин Нортфильд (Tobin Northfield).

Береги эксперименттин натыйжасы, австралиялык биологдордун маалымдашынча, чаян “душманга” капилет бет келгенде уусунун курамын ыкчам өзгөрткөнгө жөндөмдүү дегенди билдирбейт, бирок чөйрөсү туруктуу абалда болгондо акырындап уусунун курамы өзгөргөнүн бышыктайт.

(Булагы: https://www.gizmodo.com.au. https://www.jcu.edu.au)

Дулдул робот

Мындай робот коомчулукка Канаданын Ванкувер шаарында (24.09- 28.09) өткөн Акылдуу роботтор жана системалар боюнча эл аралык конференцияда тааныштырылды.

Honda R&D компаниясында жасалган береги E2-DR роботунун бою 1.68 метр, салмагы 85 килограмм. Анын тулку-бою 180 градуска айланат. Чаңдан жана ысык-сууктан коркпойт: 10 °C сууктан тартып, 40 °C ысык температурада кажыбай иштей берет. 1000 ваттык ионн-литий батереясы ага 90 мүнөт тынбай иштегенге жетет.

E2-DR роботу тар жана кууш жерлерден эптүүлүк менен, ал эми урандылардан үстүнөн суу өтчү түтүктөрдү, шатыны пайдаланып же асылып өтүп кетет. Себеби роботтун башында эки айланма лазердик аралык өлчөгүчү ар кандай ысык-суукту, оттун, токтун жылт эткен кыпынын, суюк заттын температурасын сезип, билчү дүрбүсү жана башка 3D формасындагы сенсорлор менен камсыздалган.

Эки буттуу гуманоид E2-DR турак үйдүн же имараттын сыныктарын жылдырып, жолду ачканга же бузулган жерлерди түзөгөнгө жарайт, үзүлгөн, чаташып калган электр линияларын өз алдынча оңдой алат.

Ошого E2-DR роботун табигый кырсык, техногендик катастрофа жана башка ар кандай апаат болгон жерлерде колдонсо болот.

Анын бардык элементтери 0.5 мм оптикалык була кабелдер менен байланышкан. Бул аны күчтүү электромагниттик тоскоолдук жана электр талаасы бар жерлерде толук режимде пайдаланууга, ошондой эле салмагын жеңил кылганга мүмкүндүк берет.

(Булагы: https://interestingengineering.com, https://sputniknews.com)

Узак өмүр сүргүңүз келсе дүйнөгө суктанып жашаңыз

Британиянын Эдинбург университетинин окумуштуулары өмүрдүн узактыгына HLA-DQA1/DRB1 жана LPA гендери таасир эткенин аныкташкан.

“...Тамеки чеккенди токтотуу, билим деңгээлин өркүндөтүү, жаңы тажрыйбага ачык болуу жана кандагы жогорку тыгыздыктагы липопротеин (орусча липопротеин высокой плотности (ЛПВП, ЛВП); англисче High-density lipoproteins (HDL) өмүрдүн узактыгына генетикалык жактан” оң таасир этет. Ал эми “коронардык артерия илдетине жакындык, чылымды күн бою буркуратып тартуу, өпкө рагы, инсулинди организмдин жакшы кабыл албоосу жана семиздик адам өмүрүнө” тескери таасир этет.

Бул изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, салмак индексинин көбөйүүсү кишинин өмүрүн жети айга кыскартат, ал эми университетте (коллежде) бир жыл окуу өмүргө 11 ай кошот. Изилдөөнүн авторлорунун бири Питер Жоши (Peter Joshi) белгилегендей, “киши күнүнө бир куту чылым тартып, өмүрүн жети жылга кыскартат”, ал эми ашыкча салмагын бир килограммга азайткан киши “өмүрүн эки айга узартат”.

Мындай тыянакты Британиянын Эдинбург университетинин окумуштуу-генетиктери Европа, Австралия, Түндүк Америкада өткөрүлгөн 25 изилдөөнүн жана Британиянын Биобанкындагы маалыматтардын негизинде жасашты. Алар маалыматтарды анализдегенде кишинин өмүрүнүн узундугуна кайсы жагдайлар оң жана тескери таасир эткенине өзгөчө көңүл бурушкан.

Береги изилдөөгө 606 059 кишинин медициналык маалыматтары пайдаланылган. Анын ичинен 334 миң 974 кишинин анализи ата-энесинин маалыматы менен салыштырылган. Бул изилдөөгө Британиянын өзүнөн 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 500 миңдей жаран да катышкан.

Докладда белгиленгендей, "Узак жашоо кишинин кеңири жайылган ооруларга жакындыгы менен, андан да чоң деңгээлде коркунучтун өзгөрүп турма факторлоруна багыңы абалда болот”.

Деген менен “Жашоонун генетикалык архитектурасы татаал жана көп түрдүү, ошондуктан, узак жашоонун бирдиктүү генетикалык эликсири жок окшойт”, - деп айтылат изилдөөнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндө.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.genengnews.com)

Армян инженерлери электрокөлүк жасашты

Армениялык ишкер Давид Геворгян айдоочусуз электромобил жасады. Электромобилдин прототибинин жүз ачары Ереванда өткөн (29.09.-1.10) он үчүнчү эл аралык технологиялык көргөзмөдө болду. Электрокөлүк жакшы күүлөнүп алганда 90 км/саат ылдамдык менен жүрө алат. Бир заряды менен 40 чакырым жол жүрөт. Азырынча анын аккумулятору үч саатка жакын заряддалууга тийиш.

Геворгяндын айтымында, электрокөлүктүн башка электромобилден өзгөчөлүгү аны кадимки эле жеңил машиненин базасында жыйнап же жасап алса болот. Давид Геворгян долбоордун башкы инженери жана өндүрүштүн уюштуруучусу.

Tesla Model 3 Sedan
Tesla Model 3 Sedan

Электрокөлүк баскан аралыгын өлчөө, жолундагы объекттерди көрүү, бурулганда бурумдун бурчун аныктоо, башка автомобилдердин ылдамдыгын аныктоо үчүн радар, видеокамера жана башка шаймандар менен жабдылган. Электрокөлүктү жасоодо чет өлкөлүк автомобилдердин даяр айрым деталдары, анын ичинде мотор жана аккумулятор колдонулган. Калган деталдары Арменияда жасалган.

Армян ишкерлери пилотсуз автомобилдин түрдүү деталдары менен түзүмдөрүн долбоорлогонду, жасаганды жана тестирлеп сынаганды эриш-аркак жүргүзгөндү, ошондой эле электромобилди электр менен камсыздоочу агрегатын конструкциялоо боюнча иштөөнү туура тапкан.

Бул тууралуу жергиликтүү National Instruments компаниясынын системалар боюнча инженери Гурген Мардоян билдирди.

Ушу тапта National Instruments инвесторлорду издеп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, армениялык инженерлер менен ишкерлер келерки 2018-жылы жергиликтүү электромобилдин жаңы модели менен коомчулукту тааныштырмакчы.

Ереванда өткөн DigiTec-2017 жармаңкесинде көрсөтүлгөн прототип сериялык өндүрүшкө коюлса, анын болжолдуу базар баасы 5000 доллар болот деп маалымдалды.

Бирок Давид Геворгяндын өзүнүн айтымында: “Электрокөлүктү куруу үчүн 6000-8000 доллар зарыл. Бирок ал массалык өндүрүшкө коюлса, баасы бир кыйла арзан болушу мүмкүн”.

Айдоочусу жок жүргөн автомобилдер жана электрокөлүктөр бүгүнкү автомобил өндүрүшүндөгү эң популярдуу тренд. Бул көчтүн башында америкалык-канадалык миллиардер-инвестор Элон Маск жетектеген Tesla компаниясы турат. Бирок соңку кездерде түрдүү өлкөлөрдө электрокөлүк жана пилотсуз учак жасаган компаниялар пайда болууда.

(Булагы: https://autorambler.ru, http://newsarmenia.am, elektrovesti.ne)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG